2021-жылдын 25-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
114 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 25-январында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 21-январь күнү №02-34/36-Т телефонограммалары  чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 25-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалыматы

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында 2021-жылдын 23-январь күнү саат 16:36да Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айылында жайгашкан “Эти-Бакыр” кен казуучу фабриканын тундурмасынан саркынды суулары ашып (болжол менен 60м3), Терек-Сай суусуна кошулган.

Тазалоо иштерине “Эти Бакыр” кен казуучу фирмасынан 2 жүктөгүч, райондук ЖК комиссиясы тартылды.

 23-январь күнү тартылган техникалардын жардамында тосмо калыбына келтирилген. 24-январда саркынды суунун зыяндуулугун текшерүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы суудан жана агып түшкөн массадан анализдерди алышып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына экспертизага жөнөтүшкөн. Мындан сырткары жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканга чейин Терек-Сай, Эшалы Болуш, Ак-Терек айылдарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу жана комиссиянын актысында көрсөтүлгөн сунуштарды толугу менен аткаруу “Эти Бакыр” фирмасына милдеттендирилген.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

11

Ысык-Көл облусу

1.                19-ӨКБ

1 б

1 15:01 15:11 15:16 15:27 15:47   Балыкчы шаары, Сары-Булак көчөсү №20, мончонун 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

2.                83-ӨКБ

1 б

1 20:05 20:13 20:20 21:40 22:24   Майлуу-Суу шаары, Островский көчөсү №14,  сарайдын 72 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                83-ӨКБ

1 б

1 б

1 02:00

 

02:06

02:03

 

02:09

02:06 03:27 03:38

 

02:40

  Жалал-Абад шаары, Барпы Сейит көчөсү №189, турак үйдүн 88 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

4.                53-ӨКБ

1 б

1 08:33 08:48 08:48 09:18 09:43   Өзгөн району, Өзгөн шаары, Гапаров көчөсү №4, турак үйдүн чатырында мордун 2 чарчы метр айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.   1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Ош облусунда 1 кыпчылып калган колун чыгарып берүү, Чүй облусунда 1 унааны жолго чыгарып берүү).

Бишкек шаары

Октябрь районунда 24-январь күнү саат 10:46да КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 10-кичи районунда жайгашкан №20 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош облусу

Кара-Суу районунда 24-январь күнү саат 23:10до Кашкар-Кыштак айылынын Малабаев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан май чыгаруучу заводдо 1963-жылы туулган эркек киши иштеп жатып, станокко колун кыпчытып алган.

Жерине  КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынан куткаруучу барып кишинин колун станоктон чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен (абалы туруктуу).

Чүй облусу

Жайыл районунда 24-январь күнү саат 21:38 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруучу тартылып Урал унаасы менен барып, тыгылып калган унааны чыгарууга жардам берген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here