Чүй облусунун Жайыл районунда 24-январь күнү саат 21:38 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып тыгылып туруп калган.
Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруучу тартылып Урал унаасы менен барып, тыгылып калган унааны чыгарууга жардам берген.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.