2021-жылдын 26-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
134 просмотров

26-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт..

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 25-январь күнү саат 18:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 26-январь күнү саат 07:00дө “Сосновка” жана “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынган.

Ысык-Көл облусу

         Ак-Суу району. Боз-Учук жана Ак-Булак айылдардын ортосунда каналда суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп, эгин талааны жана кошардын короосун суу каптаган. Жабыркагандар жок.

         Тартылган күч жана каражаттар: ЖК комиссиясы.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  Жеринде ЖК комиссиясы тактоо иш чараларын жүргүзгөн. 26-январь күнү кырдаалды жөнгө салуу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 2,  Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган). Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, 1 унаа кырсыгы, Ош облусунда 1 унаа кырсыгы, Чүй облусунда 2 унаа кырсыгы, Ысык-Көл облусунда 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 эшик ачуу, Талас облусунда 1 эшик ачуу, Жалал-Абад облусунда 1 эшик ачуу).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                4-ӨКБ

1 б

8-АӨКБ

АШ

1 11:48

 

11:48

11:51

 

12:08

12:08 12:23 12:54

 

12:20

 

Ленин району. Ортоңку Жал кичи району, Тыналиев көчөсү. Көп кабаттуу үйдүн киреберишинде электр калканы жана 13 кабаттан 8 кабатка чейинки электр зымы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат

Ош шаары

2.                12-ӨКБ

1 б

1 16:00 16:07 жеткенге чейин 16:48   Кулатов кичи району, Көп кабаттуу үйдүн батиринде килем жана журкан төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.
3.                12-ӨКБ

1 б

1 23:12 23:18 жеткенге чейин 24:00   Кулатов кичи району, Көп кабаттуу үйдүн киреберишинде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Чүй облусу

4.                4-ӨКБ

1 б

1 21:59 22:30 23:05 00:05 00:46   Ысык-Ата району. Нурманбет айылы. Турак үйдүн 30 чарчы метр болгон эки бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.                1-ӨКБ

1 б

1 04:55 05:17 06:05 06:40 07:12   Аламүдүн району. Мыкан айылы. Жалпы аянты 40 ч.м. болгон турак үй, үй буюмдары жана жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 10 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ

Ош облусу

6.                68-ӨКБ

1 б

1 11:51 12:53 13:00 13:40 14:51   Алай району. Кум-Шоро айылы, Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 48 ч.м. чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

7.                15-ӨКБ

1 б

1 б

1 12:11

 

12:49

12:26

 

13:07

14:02 18:20 19:05

 

18:06

  Жети-Өгүз району. Ырдык айылы. Турак үйдүн короосунда жыйылган 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Нарын облусу

8.                43-ӨКБ

1 б

1 08:20 10:00 10:05 11:12 14:50  

Жумгал району. Чаек айылы, Кара-Кече тилкеси. Ачык аянтта жалпы аянты 33 ч.м. болгон контейнер толук күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

1ствБ

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин

Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы

16:12 16:25 17:00   Октябрь району. Куткаруучулар 6-кичи районунда жайгашкан батиринин эшигин ачып беришкен, бөлмөнүн ичинде полго кулап, өз алдынча тура албай калган мүмкүнчүлүгү чектелген эркек адамды керебетке жаткызып жана туугандарына өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.  
2 2 КР ӨКМнин

Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы

21:00 21:07 21:32   Свердлов району. 7-Апрель жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып электр мамычаны сүзгөн. Натыйжада эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаганды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.  

Чүй облусу

3 1 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ

 

14:21 15:14 17:56   Аламүдүн району. Чуңкурчак эс алуу жайына баруучу жолунда Хонда Одиссей унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 6 ар кандай жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көргөзүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.  
4 2 КР ӨКМнин

КДМБ (Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чак нөөмөттө)

15:15 15:18 16:00 112 Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Форд-Фокус унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, карга тыгылып калган. Жабыркагандар жок. Жерине 5 куткаруучу тартылып, унааны жолго чыгарып беришкен.  

Ош облусу

5 1 КР ӨКМнин

№71 ӨКБ

 

08:55 09:20 10:05 103 Ноокат району. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 16-чакырымында Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Ош шаардык ооруканага алып кетишкен.  

Ысык-Көл облусу

6 1 КР ӨКМнин

№19 ӨКБ

 

10:39 10:49 11:20 112 Балыкчы шаары. Куткаруучулар Орозбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. 3 куткаруучу тартылган.  

Нарын облусу

7 1 КР ӨКМнин

№16 ӨКБ

 

13:14 13:23 14:20 112 Нарын шаары. Куткаруучулар Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган.  
Талас облусу
8 1 КР ӨКМнин

№17 ӨКБ

 

17:52 17:56 18:21 101 Талас шаары. Куткаруучулар Манас көчөсүндөгү үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. 2 куткаруучу тартылган.  

Жалал-Абад облусу

9 1 КР ӨКМнин

№58 ӨКБ

 

19:57 19:59 20:50 112

Жалал-Абад шаары. Куткаруучулар Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачышканы барганда, үйдүн ээси эшик ачуудан баш тарткан. 4 куткаруучу тартылган.

 

 

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here