2021-жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын №2 мектебинин окуучуларына өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кызмат өтөөсү, тиричилик шарттары көрсөтүлүп, өрт өчүрүүчү жана атайын техникалар, өрт-техникалык шаймандардын колдонуу тартиптери, мүнөздөмөлөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.