Жалал-Абад облусунда турак-жай секторунда өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер күчөтүлүүдө

0
41 просмотров

Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров билдирди. Анын айтымында, район, шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан кызмат өтөөдөн бош мезгилде бөлүнүп берилген көчөлөрдү кыдыруу жолу менен жашоочуларга от жагуу, жылытуу мезгилиндеги мештерди, электр жылытуучу приборлорун туура пайдалануу, тоютту сактоодогу өрт коопсуздук чаралары, өрт чыккан учурдагы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан ушул күнгө чейин 1211 турак үйдөгү 1923 жашоочуга жогорудагыдай нускамалар өтүлгөн — деп маалымдады полковник А.Закиров.

Аталган иш-чаралардын максаты – кышкы өрт кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат.
Мындай аракеттер Республиканын бардык аймактарында уланууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here