2021-жылдын 15-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
102 просмотров

Шашылыш билдирүү!!!

2021-жылдын 15-февралынан 16-февралына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  13-февраль күнү №02-34/112 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 15-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы 2021-жылдын 14-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында №10127 аскердик бөлүктүн аймагына болжол менен 600 м3 жер көчкү түшкөн. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жерине КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 1 офицер, КР ӨКМнин Аламүдүн району боюнча бөлүмүнүн башчысы, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу, КР ӨКМнин ӨКнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинен адис жана аскер бөлүктүн аскерлери тартылган.

14-февраль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. КР ӨКМнин ӨКнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинин адисинин маалыматына ылайык, болжол менен 1000 м3 жер көчкү түшүүсүн билдирген. 15-февраль күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин тиешелүү иш чаралар жүргүзүлөт. Жеринде аталган аскердик бөлүктүн аскерлери нөөмөттө турушат.

Ош облусу

2021-жылдын 14-февраль күнү болжол менен саат 09:18 чамасында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы  Каракур айылында тоодон 1м3 болгон 3 даана таш жана 5-6 даана майда таш түшүп, Капаров Жалал аттуу тургундун турак жайынын таштан курулган чарбагынын дубалын бузуп кеткен.

Жабыркагандар жок. Турак жайына жана мал сарайына зыян келтирген эмес.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер, КР ӨКМнин Кара-Суу райондук ЖК бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин ӨКнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинен адис жана ЖК комиссиясы тартылып.

Аталган тилкеде таш кулоо коркунучу бар болгондугуна байланыштуу, коопсуз жердеги 50-60 метр алыстыктагы кошунасынын турак үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Турак үйдүн ээсине түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган ( Бишкек шаары 2, Ош шаары 1, Чүй облусунда 1,    Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5

6

7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                  6-ӨКБ

1 б

1 20:15 20:28 20:58 21:17 21:41   Ленин району, Тайлак-Баатыр көчөсү №39 үйүнүн  жалпы аянты 50 чарчы метр бастырмасы күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                  28 ӨКБ

1 б

1 03:24 03:34 03:54 04:41 05:04   Ленин району, Арча-Бешик конушу, Он-Арча көчөсү, турак үйдүн 90 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры жана 3 терезе, 2 эшик күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

3.                  12-ӨКБ

1 б

1 23:29 23:38 23:42 23:58 00:24   Достук кичи району, 10 көчө жалпы аянты 6 чарчы метр ачык аянта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Чүй облусу

4.                  21-ӨКБ

1 б

1 15:57 16:04 16:14 16:38 16:47   Токмок шаары, Жантаев менен Джержинский  көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун жээгинде   AUDI-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

5.                  74-ӨКБ

1 б

1 13:36 13:49 14:38 16:45 17:20   Лейлек району, Исфана шаары, Манас көчөсү №49, турак үйдүн 52 чарчы метр сарайы, 1 торпок, 400 даана пресстелген чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда . 1ствБ
6.                  52-ӨКБ

1 б

1 21:10 21:15 21:45 21:50 22:50   Сүлүктү шаары, Жураев көчөсү №15, турак үйдүн 7,5 чарчы метр мончосу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

7.                  20-ӨКБ

1 б

1 17:21 17:31 жеткенге чейин 17:50   Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсүндө жайгашкан  №212 үйдүн жанында дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                  56-ӨКБ

1 б

1 23:11 23:39 23:42 00:10 00:28   Ноокен району, Достук айыл аймагы, Кең-Сай айылы, Бишкек-Ош жолунун 494-чакырымында дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                  Кыргыз Нефтигаз

1 12:15 12:18 12:33   Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Бишкек-Ош жолунун 518-чакырымында жолдун жээгинде MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын бензобагы жана дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (Ош шаарында 1 жаныбарды кармап берүү, Жалал-Абад облусунда 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 унаа кырсыгы, Талас облусунда 1 сууга чөгүү):

Ош шаары

14-февраль күнү саат 22:05те Навои эс алуу паркында жайгашкан цирктен маймыл качып, Загородный көчөсүндө жайгашкан №9 үйүнө кирип алган.  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барып, маймылды кармап, ээсине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 14-февраль күнү саат 17:08те  КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндө жайгашкан №44 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 14-февраль күнү саат 07:03 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Жерине  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унааны коопсуздандырып беришкен.

Талас облусу

Талас районунда 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында көлмөгө жаш бала (2018-жылы туулган) чөгүп кеткен. Апасы (1996-жылы туулган) баланы куткарам деп артынан тушүп, кошо чөгүп кеткен.

КР ӨКМнин №101 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын атасы, баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here