Ош облусунда тоодон таш кулап дубалды бузуп кетти

0
161 просмотров

2021-жылдын 14-февраль күнү болжол менен саат 09:18 чамасында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Каракур айылында тоодон 1м3 болгон 3 даана таш жана 5-6 даана майда таш түшүп, Капаров Жалал аттуу тургундун турак жайынын таштан курулган чарбагынын дубалын бузуп кеткен.

Жабыркагандар жок. Турак жайына жана мал сарайына зыян келтирген эмес.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер, КР ӨКМнин Кара-Суу райондук ЖК бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин ӨКнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинен адис жана ЖК комиссиясы тартылып.  

Аталган тилкеде таш кулоо коркунучу бар болгондугуна байланыштуу, коопсуз жердеги 50-60 метр алыстыктагы кошунасынын турак үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Турак үйдүн ээсине түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here