2021-жылдын 16-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
100 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 16-февралында жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  13-февраль күнү №02-34/112 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 16-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (198-255-чакырым) унаа жолунда 2021-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.

Чүй облусу

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында 2021-жылдын 14-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында аскердик бөлүктүн аймагында көлөмү 600 м3 жер көчкү түшкөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жерине КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинин адистери жана ӨКМ Чүй облусу боюнча башкармалыгынын КжАК бөлүмүнүн башчысы тартылып.

15-февраль күнү адистер жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшүп, корутунду чыгарышкан. Жер көчкүнү тазалоо иштери аскердик бөлүктүн жетекчилигине милдеттендирилген.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаары 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

АШ

1 11:43

 

11:43

12:10

 

12:10

жеткенге чейин 12:48

 

12:31

  Октябрь району, 8-кичи району, көп кабаттуу үйдүн батиринин бөлмөсүндө  шифоньер жана кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.
2.                3-ӨКБ

1 б

1 19:50 19:57 20:17 20:21 20:26   Свердлов району, Артемов көчөсү, ачык аянтта 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3.                1-ӨКБ

1 б

1 07:18 07:30 07:42 08:00 08:20   Аламүдүн району, Ленин айылы, Подгорный көчөсү №9, турак үйдүн 8 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                21-ӨКБ

1 б

1 б

1

 

 

08:38

 

08:44

08:44

 

08:48

09:03

 

09:32 09:38

 

09:00

  Токмок шаары, Бокина көчөсү №20, “Mercedes Sprinter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы толугу менен жана “Scania” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын кабинасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

2ствБ

5.                23-ӨКБ

1 б

1 21:37 22:03 22:11 22:19 22:45   Сокулук району, Белек айылы, Качкын Булак дачасында жайгашкан турак үйдүн короосунда 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                22-ӨКБ

1 б

1 04:45 04:53 04:58 05:10 05:35   Жайыл району, Бишкек-Ош унаа жолунун 61-чакырымында “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын арткы дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

7.                71-ӨКБ

1 б

1 20:02 20:15 20:31 21:10 21:45   Ноокат району, Чили-Сай айылы, Жаңгак-Беш көчөсү №34, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры жана 200 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.                15-ӨКБ

1 б

1 б

1 21:24

 

21:32

21:31

 

21:41

21:45 22:27 23:07

 

22:50

  Каракол шаары, Күренкеев көчөсү №258, турак үйдүн короосунда жыйылган 120 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 2 эшик ачуу, Чүй облусунда издөө иши): 

Бишкек шаары

Свердлов районунда 15-февраль күнү саат 19:05те КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи районунда жайгашкан №57/5 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Октябрь районунда 16-февраль күнү саат 01:00до КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 8-кичи районунда жайгашкан №42 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Ысык-Ата районунда 2021-жылдын 7-февралынан тартып, Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары КР ӨКМне Чоң-Чүй каналын (БЧК) бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.

16-февраль күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here