2021-жылдын 17-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
106 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 17-февралынан 19-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  16-февраль күнү №02-34/119 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

17-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

         Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 16-февраль күнү саат 18:30дан тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда күйүүчү май ташуучу оор жүк унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 17-февраль күнү саат 07:00дө “Сосновка” жана «Арал» постторунда коюлган убактылуу чектөө алынган.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (198-255-чакырым) унаа жолунда 2021-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.

Ошондой эле жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жана КР Өкмөтүнүн 2011-ж.29.07. №435 токтомунун негизинде, КР ӨКМнин 2021-жылдын 13-февралындагы «Кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чарасын өткөрүү жөнүндө» №94 буйругу чыккан.

2021-жылдын 16-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КМнин артиллериялык  эсеби Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Жетиген айылындагы 73809 аскер бөлүгүнөн саат 08:10до чыгып, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымына (Ала-Бел ашуусу) жетип, саат 15:00дөн саат 15:40ка чейин 10 даана снаряд атылып, 1932м3 кар көчкү түшкөн, 1 снаряд жарылбай калган. КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан.

Кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2021-жылдын 17-февраль күнү улантылат.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган ( Бишкек шаары 1, Ош шаары 1, Чүй облусунда 7,    Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                7-ӨКБ

1 б

1 22:54 жеткенге чейин 23:10  

Октябрь району, Кок-Жар конушу, Тоң көчөсү, №80 турак үйдөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. 

Ош шаары

2.                12-ӨКБ

1 б

1 23:08 23:14 23:17 23:36 00:21  

Ленин көчөсү, Контейнердин ичинде эски буюмдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

3.                5-ӨКБ

1 б

1 07:04 07:17 07:36 10:10 10:35  

Кемин району, Нур айылы, Ладышов көчөсү. Аянты 45 чарчы метр сарай, 20 түк чөп жана 30 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
4.                15-ӨКБ

1 б

1 11:19 11:50 11:55 12:10 13:10  

Москва району, Крупская айылы, Заводская көчөсү. “Октябрь” атындагы орто мектептин бөлмөсүндө жылыткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
5.                5-ӨКБ

1 б

1 14:05 14:20 14:32 15:00 15:20  

Кемин району, Алтымыш айылы, Нурбай-Ата көчөсү. Ачык аянтта 80 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 

1ствБ
6.                15-ӨКБ

1 б

1 15:13 15:25 15:35 16:50 кийинки өрткө чыккан  

Москва району, Беловодское айылы, Восточный көчөсү №4. Короодо жыйылган 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
7.                27-ӨКБ

1 б

1 16:27 16:42 17:30 17:50 18:30  

Ысык-Ата району, “Ак-Тилек” постуна жакын жерде ачык аянтта 3 га камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
8.                23-ӨКБ

1 б

1 16:38 16:46 16:49 16:59 17:07  

Сокулук району, Шопоков шаары, Новостройка кичи району №15. Электр карагайы күйгөн. Өртүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ
9.                15-ӨКБ

1 б

1 17:23 17:38 17:48 18:10 18:30  

Москва району, Садовое айылы, Прогресс жана Кавказ көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Талас облусу

10.           17-ӨКБ

1 б

0 15:09 тастыкталган жок 15:58  

Талас району, Долоно айыл аймагы, Кең-Кол тоосунда жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

11.           91-ӨКБ

1 б

1 00:47 00:50 01:15 01:27 01:50  

Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көчөсү. Дүкөндүн 9 чарчы метр шыбы жана 2 даана муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби:  электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

12.           19-ӨКБ

1 б

1 20:44 21:06 21:16 21:43 22:28  

Тоң району, Сары-Булуң тилкеси. Ачык аянтта 40 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
13.           36-ӨКБ

1 б

0 03:42 тастыкталган жок 05:15  

Жети-Өгүз району, Дархан айылы, Жумашов көчөсү, №3 турак үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Жалал-Абад облусу

14.           46-ӨКБ

1 б

0 17:04 17:17 17:32  

Тогуз-Торо району, Каргалык айылы, Дөбөкулов көчөсү. Күйүүчү май ташыгын (бензин) «Камаз» унаасын оңдоо учурунда, ширетүү иштерин жүргүзүшкөн убакытта Камаздын цистернасы жарылган. Бензин ташыган цистернасы бош болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган (1988-жылы туулган эркек киши хирургия бөлүмүндө, 1987-жылы туулган эркек киши жандандыруу бөлүмүндө) жабыркагандар ооруканга жеткирилген.

15.           57-ӨКБ

1 б

1 18:35 18:38 18:42 19:10 19:42  

Таш-Көмүр шаары, Меңдигулов кичи району, Гагарин көчөсү. Ачык аянтта 16 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ствБ
16.           83-ӨКБ

1 б

0 20:32 20:38 21:29  

Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү. Газ плитада тамак-аш кароосуз калтырылган.

Баткен облусу

17.           74-ӨКБ

1 б

1 23:40 23:59 02:02 02:34 03:17  

Лейлек району, Исфана шаары, Голбо айылы, Ак-Өргө көчөсү. Аянты 72 чарчы метр сарай толугу менен жана 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (Бишкек шаарында издөө иши, Чүй облусунда издөө иши).

Бишкек шаары

 Свердлов районунда Чоң-Чүй каналына 1985-жылы туулган эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылып, саат 22:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

 17-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Чүй облусу

 Ысык-Ата районунда 2021-жылдын 7-февралынан тартып, Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары КР ӨКМне Чоң-Чүй каналын (БЧК) бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. 16-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 9 куткаруучу тартылган.

17-февраль күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here