2021-жылдын 18-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
96 просмотров

Шашылыш билдирүү

         2021-жылдын 20-февралынан 23-февралына чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, 23-24-февралдарда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

         Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2021-жылдын 18-февралынан 19-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  16-февраль күнү №02-34/119, 17-февраль күнү №02-34/121 телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

18-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 17-февраль күнү саат 18:30дан тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда күйүүчү май ташуучу оор жүк унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 18-февраль күнү саат 07:00дө “Сосновка” жана «Арал» постторунда коюлган убактылуу чектөө алынган.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайлап  атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (198-255-чакырым) унаа жолунда 2021-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.

Ошондой эле жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жана КР Өкмөтүнүн 2011-ж.29.07. №435 токтомунун негизинде, КР ӨКМнин 2021-жылдын 13-февралындагы «Кар көчкүлөрүн атайын атайлап атып түшүрүү иш-чарасын өткөрүү жөнүндө» №94 буйругу чыккан.

2021-жылдын 17-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КМнин артиллериялык эсеби саат 12:25тен саат 12:40ка чейин 255-чакырымында (Чычкан капчыгайы) 6 даана снаряд атышып (1 снаряд жарылбай калган), натыйжада 7 342м3 кар көчкү түшкөн. Саат 13:40тан саат 14:05ке чейин 248-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) 8 даана снаряд атышып (1 снаряд жарылбай калган), натыйжада 11 250 м3 кар көчкү түшкөн. Саат 16:05тен саат 17:00гө чейин 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) 14 даана снаряд атышып (3 снаряд жарылбай калган), натыйжада 92 700 м3 кар көчкү түшкөн.

 Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу аяктап, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 18-февраль күнү улантылат.

2021-жылдын 16-17-февраль күндөрү жалпы 38 даана снаряд атылып, 113 224 м3 кар көчкү түшкөн.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган ( Бишкек шаары 1, Чүй облусунда 6,  Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

1 19:00 19:09 19:14 19:33  

Октябрь району, Ж.Пудовкин көчөсү. Электр мамычанын зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

Чүй облусу

2.                1-ӨКБ

1 б

1 10:30 10:42 11:57 12:18 12:31  

Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү. Ачык аянтта 105 чарчы метр  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
3.                27-ӨКБ

1 б

1 12:50 13:05 13:08 13:12 13:39  

Ысык-Ата району, Алга айылы, ачык аянтта 5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
4.                4-ӨКБ

1 б

1 15:11 15:14 16:37 18:20 18:34  

Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Г.Ильин көчөсү. Ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
5.                21-ӨКБ

1 б

1 17:09 17:25 17:33 18:02 18:27  

Чүй району, Арал айылы, ачык аянтта 1 даана бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
6.                21-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:53

 

19:18

19:05

 

19:28

20:02 20:44 20:48

 

21:30

 

Чүй району, Чүй айылы, Луговой көчөсү №18. Ачык аянтта 7 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
7.                21-ӨКБ

1 б

 

1 19:23 19:40 20:03 20:10 20:20  

Чүй району, Чүй айылы, Советский көчөсү. Ачык аянтта 5 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош облусу

8.                25-ӨКБ

1 б

1 14:38 14:43 14:46 15:05 15:25  

Кара-Суу району, Сарай айыл аймагы, Киров айылы. Пахтаны кайра иштетип чыгаруучу жайда станок күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
9.                62-ӨКБ

1 б

1 19:50 жеткенге чейин 20:12 101

Ноокат району, Бак-Улан айылы, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Жалал-Абад облусу

10.           65-ӨКБ

1 б

1 16:00 16:04 16:10 16:27 16:44  

Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Ырыс айылы, Бишкек-Ош унаа жолунун 562 чакырымында 48 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат
11.           70-ӨКБ

1 б

1 19:15 19:20 19:27 19:35 20:39  

Аксы району, Кербен шаары, Ниязалы көчөсү, борбордук базардын аймагында жыгач стол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
12.           70-ӨКБ

1 б

1 04:07 04:11 04:19 04:40 06:18  

Аксы району, Кербен шаары, Жеңи-Жок көчөсү. “Тайота-Виш” автоунаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон (Бишкек шаарында издөө иши, 3 эшик ачуу, 1 эркек кишини суудан чыгарып берүү, Жалал-Абад облусунда 1 жол кырсыгы, Чүй облусунда издөө иши).

 Бишкек шаары

 Свердлов району. 16-февраль күнү М.Ауэзов көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 17-февраль күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, саат 10:30да маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Октябрь району. Куткаруучулар 6-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.   6 куткаруучу тартылган.

 Октябрь району. Куткаруучулар 4-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 6 куткаруучу тартылган. 

 Свердлов району. Жибек-Жолу проспектисинде 1975-жылы туулган славян улутундагы эркек адам Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.

 Октябрь району. Куткаруучулар 5-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен славян улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Жалал-Абад облусу

 Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен. Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы 3 куткаруучу Камаз унаасы менен чыгышып, унааны жылдырып беришкен.

Чүй облусу

 Ысык-Ата району. 2021-жылдын 7-февралынан тартып, Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары КР ӨКМне Чоң-Чүй каналын (БЧК) бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. 17-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес. 18-февраль күнү издөө иштери улантылат.

 КР ӨКМ Басма сөз кызматы 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here