2021-жылдын 19-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
89 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 19-февралында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 20-февралынан 23-февралына чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, 23-24-февралдарда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  16-февраль күнү №02-34/119, 17-февраль күнү №02-34/121 телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын  

атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (198-255-чакырым) унаа жолунда 2021-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.

Ошондой эле жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жана КР Өкмөтүнүн 2011-ж. 29.07. №435 токтомунун негизинде, КР ӨКМнин 2021-жылдын 13-февралындагы «Кар көчкүлөрүн атайын мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасын өткөрүү жөнүндө» №94 буйругу чыккан.

2021-жылдын 18-февраль күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР ӨКМнин артиллериялык эсеби саат 11:50дөн саат 12:30га чейин 246-чакырымында (Көчкүлүү-Булак тилкеси) 11 даана снаряд атышып, натыйжада 109 800 м3 кар көчкү түшкөн. Саат 14:15тен саат 14:35ке чейин 231-чакырымында (Текелүү тилкеси) 8 даана снаряд атышып, натыйжада 4 500 м3 кар көчкү түшкөн. Саат 15:45тен саат 16:55ке чейин 223-чакырымында 16 даана снаряд атышып, натыйжада 29 530 м3 кар көчкү түшкөн. Ал эми 222-чакырымында 1 снаряд атышып, 25200 м3 кар көчкүсү түшкөн.

Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери толук аяктап, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан. 19-феварль күнү артиллериялык эсеп туруктуу жайгашкан ордулары кайтышат.

2021-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин жалпы 74 даана снаряд атылып, 282 254 м3 кар көчкү түшкөн.

2021-жылдын 19-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 38 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган ( Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 22,  Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

 
1.                4-ӨКБ

1 б

1 08:59 09:08 09:26 10:15 10:58   Биринчи Май району, Д. Асанов көчөсү №35,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр чатыры жана эшик терезелери күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1968-жылы туулган эркек киши денесинен 1-даражадагы күйүк алган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                2-ӨКБ

1 б

1 11:21 11:43 11:49 12:46 13:35   Биринчи Май району, Калыс-Ордо конушу, ЧЧКнын жээгинде 100 чарчы метр камыштар жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                8-АӨКБ

1 б

1 11:43 11:56 12:01 12:11 13:08   Биринчи Май району, Хабитат көчөсү №18, жалпы аянты 12 чарчы метр болгон отун кана, 0,5 м3 отун жана 100 даана банка күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
4.                6-ӨКБ

1 б

1 15:45 15:56 16:09 17:37 17:47   Ленин району, Ак-Өргө конушу, Омуракунов көчөсүндө жайгашкан таштанды таштоочу жайда 25 м3 таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                4-ӨКБ

1 б

1 18:54 19:00 19:12 19:57 21:14   Ленин району, Бейшеналиева көчөсү №11, жалпы аянты 35 чарчы метр болгон барак тибинде салынган бир бөлмөлү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
6.                8-АӨКБ

1 б

1 01:22 01:34 01:52 01:56 02:22   Биринчи Май району, Салам-Алик конушу, Жерге-Тал жана Көк-Сай көчөлөрүнүн кесилишинде 600 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ош шаары  
7.                13-АӨКБ

1 б

1 01:21 01:25 01:29 01:40 01:48   Раззаков көчөсү, ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

 
8.                4-ӨКБ

1 б

1 10:38 10:49 10:58 12:21 13:05   Ысык-Ата району, Чолпон айылы, бастырмада жыйылган 150 түк чөп жана 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                27-ӨКБ

1 б

1 11:01 11:20 11:35 11:40 12:00   Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 22-чакырымында, ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
10.           2-ӨКБ

1 б

1 13:38 14:05 жеткенге чейин 14:05   Панфилов району, Чалдовар айылы, Чапаев көчөсү №85, турак үйдүн короосунда жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
11.           22-ӨКБ

1 б

1 14:19 14:29 14:35 15:40 16:00   Жайыл району, Федоров айылы, Борбордук көчөсү №50, турак үйдүн короосунда жыйылган 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           27-ӨКБ

1 б

1 14:24 14:29 14:36 14:58 15:30   Ысык-Ата району, Кант шаары, Понфилов көчөсү №35, турак үйдүн короосунда жыйылган 3 м3 отун жана 4 сотук куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           4-ӨКБ

1 б

1 14:25 14:46 14:55 19:42 20:55   Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 43-чакырымында жайгашкан жылкы сарайда 7000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

1ствБ

14.           7-ӨКБ

1 б

8-АӨКБ

1 б

1 15:02

 

16:40

15:09

 

17:10

19:15 04:15 05:15

 

21:30

  Сокулук району, Восток айылы, МТФ-1 аймагында 7000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

1ствБ

15.           1-ӨКБ

1 б

1 16:05 16:09 16:18 16:34 16:43   Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №285, ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.           21-ӨКБ

1 б

1 17:10 17:28 17:36 18:00 18:30   Токмок шаары, Токмок көчөсү №12, турак үйдүн короосунда куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.           2-ӨКБ

1 б

1 17:24 17:34 17:57 18:20 18:34   Аламүдүн району, Эне-Сай конушу, Курманжан-Датка көчөсү, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.           27-ӨКБ

1 б

1 17:26 17:45 17:55 18:20 18:50   Ысык-Ата району, Кеңеш айылы, ачык аянтта 20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
19.           2-ӨКБ

1 б

1 18:34 18:35 18:37 19:03 19:32   Аламүдүн району, Курманжан-Датка көчөсүнүн оң тарабында ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
20.           21-ӨКБ

1 б

1 б

1 б

24-ӨКБ

1 б

1 18:39

 

19:14

19:26

19:31

18:59

 

19:35

19:43

19:44

20:24 22:04 21:24

 

21:24

21:11

  Чүй району, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында 60 га куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ
21.           5-ӨКБ

1 б

1 19:25 19:43 19:56 20:20 20:35   Кемин району, Жаңы-Алыш айылы, Тургунбек көчөсү №49, ачык аянтта 3га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22.           5-ӨКБ

1 б

1 19:36 20:06 20:15 20:35 20:55   Кемин району, Кара-Булак айылы, ачык аянтта 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.           27-ӨКБ

1 б

1 22:37 22:50 23:21 00:27 00:40   Ысык-Ата району, Ак-Кудук айыл аймагына караштуу токойдо 400 чарчы метр куураган чөп жана 20 даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
24.           27-ӨКБ

1 б

1 01:15 01:21 01:30 01:41 02:12   Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Биринчи Май көчөсү №74а, турак үйдүн короосунда 8 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
25.           1-ӨКБ

1 б

1 02:17 02:28 02:33 02:41 02:52   Аламүдүн району, Мыкан айылына барчу жолдо 200 чарчы метр куураган чөп жана 2 бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
26.           1-ӨКБ

4-кут

1 02:30 03:26 07:29 07:53   Аламүдүн району, Байтик айыл аймагы, Арчалы тоосунда 20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Ош облусу

 
27.           71-ӨКБ

1 б

1 10:16 10:22 10:38 11:20 11:35   Ноокат району, Достук айылы, Нуранов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 36 чарчы метр жыгач шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
28.           53-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:52

 

14:02

14:01

 

14:02

14:19 15:30 16:45

 

15:45

  Өзгөн району, Шералы айылы, Ташматов көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры, жалпы аянты 91  чарчы метр болгон сарай жана 4 кой күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
29.           12-ӨКБ

1 б

1 17:49 18:08 18:18 18:39 19:18   Кара-Суу району, Керме-Тоо айылы, Керме-Тоо көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 70  чарчы метр чатыры жана 40 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

 
30.           19-ӨКБ

1 б

1 б

1 12:27

 

13:10

13:40

 

артка кайтты

13:53 14:13 15:35

 

13:55

  Тоң району, Кара-Талаа айылы, Бексултанов көчөсү №21, турак үйдүн короосунда жыйылган 230 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
31.           36-ӨКБ

1 б

1 03:38 03:44 03:46 04:15 04:36   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Конкин көчөсү №154, очок канада 15 чарчы метр таштанды жана шкаф күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

 
32.           58-ӨКБ

1 б

1 16:54 16:57 17:04 17:09 17:38   Жалал-Абад шаары, Көк-Арт кичи району, Энергетик көчөсү, ачык аянтта 3 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. кол каражат
33.           20-ӨКБ

1 б

1 18:24 18:28 18:30 18:48 19:15   Жалал-Абад шаары, Барпы-Сеил көчөсү №404, мончонун 9 чарчы метр ички жыгач жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

 
34.           100-ӨКБ

1 б

1 08:48 09:13 09:22 11:30 12:16   Манас району, Талас айылы, Парковой көчөсү №9, жалпы аянты 66 чарчы метр болгон бастырма жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
35.           91-ӨКБ

1 б

1 23:08 23:12 23:17 23:27 00:04   Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Комсомол көчөсү, ачык аянтта 1,5 сотык куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствб

Баткен облусу

 
36.           62-ӨКБ

1 б

1 20:21 20:23 20:29 20:30 20:44   Кызыл-Кыя шаары, Январь кичи району, Юбилейный көчөсү №9, таштанды таштоочу чиркөөдө 12 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Ош шаарында  каптаган сууну токтотуу, Чүй облусунда кишини суудан чыгарып берүү, Нарын облусунда суу каптоо коркунучун жоюу, Чүй облусунда издөө иши):

Бишкек шаары

Ленин районунда 18-февраль күнү саат 20:44тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары К.Акиев көчөсүндө жайгашкан №72 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1957-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 Ош шаары

18-февраль күнү саат 06:23тө Масалиев көчөсүндө жайгашкан №16А көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө суу түтүкчөсү жарылып суу каптаган. Жерине 4  КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жарылган түтүкчөсүн бекитип сууну токтотушкан.

Чүй облусу

Ысык-Ата районунда 2021-жылдын 7-февралынан тартып, Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары КР ӨКМне Чоң-Чүй каналын (БЧК) бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. 18-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:30да КР ӨКМнен жалпы 18 куткаруучу тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Токмок шаарында 18-февраль күнү саат 13:35те куткаруучулар Колхозная көчөсүндө көлмөдө болжол менен 30-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаарында 18-февраль күнү саат 12:05те РТС тилкесинин Мазар-Булак көчөсүндө карлар ээрип, турак үйлөрдүн короолорун суу каптоо коркунучу жаралган.

Жерине  КР ӨКМнин №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, суунун нугун бурушуп, каптап кетүү коркунучун жоюшкан.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here