КРдин ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ Б.АЖИКЕЕВ РОССИЯДА

0
73 просмотров

КРдин Президенти С.Н.Жапаровдун Россияга боло турган иш сапарынын алкагында, КРдин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кесиптеши Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен жолугушту. Министрликтердин башчылары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Маалым болгондой, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралат.

Б.Ажикеев Россия Федерациясынын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргызстан элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Россиянын ӨКМ башчысы Н.Зиничев кесиптеши Б.Ажикеевди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.

    КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here