2021-жылдын 22-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
79 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 22-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         2021-жылдын 22-февралынан 23-февралына чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, 23-24-февралдарда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

         Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  17-февраль күнү №02-34/121-Т, 19-февраль күнү №02-34/131-Т, телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

22-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган ( Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 07:05 07:18 07:58 08:41 09:08   Свердлов району. Щусев көчөсү №2. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу эстелик жасоочу ишкананын 45 ч.м. чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

2.                23-ӨКБ

1 б

1 18:12 18:25 18:40 19:28 19:55   Сокулук району. Шалта айылы, Шопоков көчөсү №30. Жалпы аянты 24 ч.м. болгон сарай жана ичинде отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.                15-ӨКБ

1 б

1 01:50 02:04 02:15 02:46 03:05   Москва району. Беловодск айылы, Киров көчөсү №155. Турак үйдүн 3 ч.м. морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

4.                104-ӨКБ

1 б

1 16:56 17:05 17:15 17:40 17:50   Ноокат району. Бор-Баш айылы, Гагарин көчөсү №11. Турак үйдүн короосунда жыйылган 40 түк чөп жана 300 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.                57-ӨКБ

1 б

1 17:04 17:09 17:29 17:56 18:53   Өзгөн району. Өзгөн шаары, Улукбек көчөсү №18. Турак үйдүн 60 ч.м. жыгач шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

6.                57-ӨКБ

1 б

1 16:18 16:23 16:26 17:30 17:50   Таш-Көмүр шаары. Ленин көчөсү №15/2. Мончонун 6 ч.м. жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
7.                46-ӨКБ

1 б

1 18:38 18:41 18:48 19:09 19:18   Тогуз-Торо району. Казарман айылы, Жээналиев көчөсү №78. Бакыт үйүнүн бир бөлмөсүнүн 4 ч.м. жыгач полу, стол жана кондиционер күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
8.                73-ӨКБ

1 б

1 19:31 19:50 19:57 20:19 20:40   Ала-Бука району. Кош-Алмурут айылы, Бектемиров көчөсү №26. Турак үйдүн морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. кол каражат

Ысык-Көл облусу

9.                19-ӨКБ

1 б

1 21:27 20:40 20:50 21:26 22:26   Тоң району. Көк-Мойнок-1 айылы, Чейчебаев көчөсү №3. Жалпы аянты 50 ч.м. болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон ( Чүй облусунда 1 адамды көпүрөдөн түшүрүп берүү, 2 Бишкек-Ош жолунда унаалардын айдоочуларына жардам берүү).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9
Чүй облусу
1 1 КР ӨКМнин

КДМБ

 

14:45 15:10 112 Жайыл району. 14:45 Бишкек-Ош унаа жолунун 136-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 3 оор жүк ташуучу унаасы жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин КДМБнын Урал унаасы менен 2 куткаруучу жана КР ӨКМнин Чүй облусунан ыкчам топ тартылып, 3 оор жүк ташуучу унааны  (Mercedes-Benz мам№ такталууда, DAF, DAF тартып чыгарышкан. Ал эми калган унаалар өздөрү чыгып кетишкен.  
2 2 КР ӨКМнин

КДМБ

 

16:00 16:25 00:30 112 Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунун 125-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жол тайгак болуп, 4 оор жүк ташуучу унаалар (Mercedes-Benz, VOLVO, VOLVO VOLVO) жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин КДМБнын Урал унаасы менен 2 куткаруучу жана КР ӨКМнин Жайыл районунан ыкчам топ тартылып, тыгылып калган унааларды тартып чыгарышкан. Ал эми калган унаалар өздөрү чыгып кетишкен.  
3 3 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ

 

  17:56 18:28 112 Аламүдүн району. 17:35Лебединовка айылынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек киши (аты-жөнү такталууда, мас абалда) чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып эркек адамды жерге түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен  

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here