2021-жылдын 24-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
117 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. 25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн     -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…    -11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  22-февраль күнү №02-34/136-Т, 19-февраль күнү №02-34/131-Т, телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 24-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 2021-жылдын 23-февраль күнү саат 18:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 11200 м3, анын ичинен 4500 м3 кар көчкү унаа жолго түшүп жол жабылган, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган ӨКМдин 4 куткаруучусу, КР ИИМден 2 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылып.

Тартылган техникалардын жардамында саат 21:40да унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

2021-жылдын 24-февраль күнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү болжол менен 7200 м3 кар көчкү түшүп унаа жол жабылган, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган ӨКМдин 3 куткаруучусу, КР ИИМден 2 экипаж тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 04:15те унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

2021-жылдын 24-февраль күнү саат 03:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп унаа жол жабылган, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган ӨКМдин 3 куткаруучусу, КР ИИМден 2 экипаж тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 05:00до унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Ош облусу

1.                68-ӨКБ

1 б

1 б

1 00:10

 

00:26

00:18

 

00:36

00:47 02:05 02:20

 

01:44

Алай району, Гүлчө айыл аймагы, Гүлчө айылы, Абдиев көчөсү №36,  сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр чатыры жана 1 тонна жыйылган чөп күйгөн.   1ствБ

Жалал-Абад облусу

2.                59-ӨКБ

1 б

1 18:38 19:03 19:06 19:21 20:08 Сузак району, Көк-Арт айыл аймагы, Жерге-Тал айылы, Курманбеков көчөсү №7, турак үйдүн морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди пайдаланууда  өрт коопсуздук эрежесинин  бузулушу. кол каражат

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Чүй облусунда издөө иштери, Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы, Ысык-Көл облусунда 1 эшик ачуу):

Бишкек шаары

Ленин районунда 23-февраль күнү саат 19:40 чамасында КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан №109 үйүнүн батиринин жабылып бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Кемин районунда 22-февраль күнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 1989-жылы туулган аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине  КР ӨКМнин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып.

24-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 23-февраль күнү саат 16:36 чамасында Таш-Булак айылында “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп (1963-жылы туулган), 1 аял жабыркаган (1967-жылы туулган).

КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 23-февраль күнү саат 16:43тө КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан №58 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here