2021-жылдын 25-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
126 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 25-февралынан 26-февралына чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. 25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн     -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…    -11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

2021-жылдын 25-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  22-февраль күнү №02-34/136-Т, 19-февраль күнү №02-34/131-Т, телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 25-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2021-жылдын 24-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 3500-4000 м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана Жайыл районунун ыкчам топ тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында кар көчкү саат 22:00дө толук тазаланып ачылган.

Ысык-Көл облусу

 Ак-Суу районунда 2021-жылдын 24-февраль күнү саат 13:30 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымдарында болжол менен 12 000м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык.

Тазалоо иштерине №11 ЖТИден 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 УАЗ унаасы тартылган.

Тазалоо иштери иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдарында кырсыктарды алдын алуу максатында Ак-Суу райондук РМА башчысынын орун басарынын 24-февралындагы №13-Т буйругу менен 26-февралына чейин жабылган.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 2021-жылдын 24-февраль күнү саат 06:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен  360м3 кар көчкү унаа жолго түшүп жол жабылган, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №23 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган КР ӨКМдин 3 куткаруучусу тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 08:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.                  8-АӨКБ

1 б

1 15:15 15:26 15:30 15:55 16:22   Биринчи Май району, Профессор Зимы жана Кокчетав көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 4 чарчы метр болгон вагондун ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
2.                  15-ӨКБ

1 б

1 10:37 10:47 10:52 11:17 11:40   Москва району, Беловодское айылы, Луговой көчөсү №87, гараждын 12 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                  6-ӨКБ

1 б

1 21:37 21:54 жеткенге чейин 22:32   Сокулук району, Новопавловка айылы, Тынчтык конушу, 21-көчө, турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
Ош облусу
4.                  71-ӨКБ

1 б

1 00:10 00:20 00:30 00:41 01:35   Ноокат району, Өсөр айылы, Нарбаев көчөсү, турак үйдүн короосунда “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
5.                  35-ӨКБ

1 б

1 08:20 08:30 09:03 09:33 09:52   Ысык-Көл району, Корумду айылы, К.Орозов көчөсү №100, Кумбел айыл өкмөтү жайгашкан имаратынын 15 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
Баткен облусу
6.                  107-ӨКБ

1 б

1 18:49 18:53 19:09 19:28 19:39   Кадамжай району, Кыргыз-Кыштак айылы, Кыргызстан көчөсү №4, турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: мешти курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон (Ош шаарында 1 эшик ачуу, Чүй облусунда 1 издөө иши, 2 жолу Бишкек-Ош унаа жолунда унааларды тартып чыгышкан, Жалал-Абад облусунда 1 жол кырсыгы, 2  жолу Бишкек-Ош унаа жолунда унааларды тартып чыгышкан,  Баткен облусунда 1 издөө иши):

Ош шаары

2021-жылдын 24-февраль күнү 12:30да КР ӨКМнин Ош шаары боюнча  башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары У. Салиева көчөсүндө жайгашкан №44А үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Кемин районунда 22-февраль күнү 09:00 Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 1989-жылы туулган аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

24-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 16:00дө убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 25-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Жайыл районунда 24-февраль күнү саат 10:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 124-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “DAF” оор жүк ташуучу унаасы тыгылып калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Урал унаасы менен 2 куткаруучу тартылып, тыгылып калган оор жүк ташуучу унааны тартып чыгарып беришкен.

Жайыл районунда 24-февраль күнү саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 122-123-чакырымындарында (Төө-Ашуу ашуусу) “КамАЗ” жана “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалары тыгылып калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Урал унаасы тартылып, тыгылып калган унааларды чыгарып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 24-февраль күнү саат 08:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) “Honda CR-V” унаасы жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине КР ӨКМнин РӨКОнун 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын  куткаруучулары Камаз унаасы менен тартылып, унааны чыгарып беришкен.

Токтогул районунда 24-февраль күнү саат 12:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 212-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) “Hyundai Porter” унаасы жолдун четине чыгып тыгылып калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы КР ӨКМнин РӨКОнун 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын  куткаруучулары “КамАЗ” унаасы менен тартылып, унааны чыгарып беришкен.

Кара-Көл шаарында 24-февраль күнү саат 23:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 371-чакырымында (Капчыгай тилкеси) “Тойота-Естима” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен.

Унаада 1 эркек адам болгон.

КР ӨКМнин №94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп. Кара-Көл шаардык ооруканага жеткиришкен. Абалы канааттандыраарлык.

Баткен облусу

Баткен шаарында 24-февраль күнү саат 17:20да Төрт-Көл суу сактагычына Баткен телерадио компаниясынын абадан тартуучу аппараты (дрон) түшүп кеткен.

Жерине  КР ӨКМнин РӨКОнун 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүшүп, бирок табылган жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here