25-28-февралда жана 3-мартта күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат 

0
75 просмотров

Шашылыш билдирүү: 24-26-февралда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт!  

24-26-февралдарда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. 25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…-11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз  -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

25-28-февралда жана 1-мартта Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

25-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн  Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда күндүз Чүй  облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй  облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 25-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык

абанын булгануусунун болжолу

25-февралда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы салыштырмалуу көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-2,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт.

 

25-28-февралда жана 1-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

25-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

 

25-28-февралда жана 1-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

 күтүлгөн аба-ырайы 

25-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт

27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 25-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-28-февралда жана 1-мартта Ысык-Көл облусунда

күтүлгөн аба-ырайы

25-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-февралда күндүз жана 26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мепзгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-февралда күндүз жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-28-февралда жана 1-мартта Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтулбөйт

25-февралда күндүз жана 26-февралда  кар жаашы күтүлөт.

27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.

 28-февралда күндүз жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

25-28-февралда жана 1-мартта Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

25-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

2-3мартта   Кыргыз Республикасынын аймагында 

күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here