2021-жылдын 26-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
140 просмотров

Шашылыш билдирүү!

26-февралында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-февралында абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…-11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз  -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

2021-жылдын 26-февралында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМ тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  22-февраль күнү №02-34/136-Т, 19-февраль күнү №02-34/131-Т, телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын 2021-жылдын 24-февралындагы №2 буйрутмасынын негизинде, 26-февралдан 3-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (121-135-чак. Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чак. Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КРнын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби Аламүдүн районунун Жетиген айылында жайгашкан №73809 аскердик бөлүгүнөн жана КР ӨКМнин Кыргызгидрометтин кар көчкү коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы саат 08:00до Бишкек-Ош унаа жолун көздөй жолго чыгышты. 

26-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунун 209-227-чакырым аралыктарында (Ала-Бел ашуусу) кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу, ошондой эле унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 25-февраль күнү саат 10:20дан тартып Токтогул районунун «Арал» жана Жайыл районунун «Сосновка» постторунда жана 09:45тен тартып Талас районунун Талды-Булак айылындагы постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, саат 15:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана саат 17:35тен тартып Токтогул районунун «Арал» постторунда киргизилген чектөөлөр жеңил унааларга алынган.

Кыргыз Республикасынын Жарандык Коргонуу башчысы-Премьер министрдин 2021-жылдын 24-февралындагы №3-буйрутмасынын негизинде, Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талас районунун Талды-Булак айылындагы постунда, саат 22:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө 2021-жылдын 26-февралы таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылган.

2021-жылдын 26-февраль күнү саат 06:00дө “Сосновка” жана “Арал” посттору жана Талды-Булак айылындагы постту ачылган, бирок Бишкек-Ош жолунда кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Жайыл районунун “Сосновка”, Токтогул районунун “Арал” постторунда чоң оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө сакталып турат.

КР ӨКМ тарабынан Посттордо кезек күтүп жаткан унаалардын айдоочуларына жылынуучу жана тамак-аш берүүчү жайлары уюштурулган. Жайыл районунун Сосновка посттундагы 120 адамга ысык чай, тамак берилген, Токтогул районунун Арал посттунда 154 адамга ысык чай, тамак берилген, ал эми Талас районунун Талды-Булак айылындагы посттунда 50 адамга ысык чай, тамак берилген.

Ош облусу

         Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 180-256-чакырымына чейин аба ырайынын туруксуз болгондугунун себебинен жана кырсыктарды алдын алуу максатында КР ӨКМнин Ош облусунун башкармалыгынын 2021-жылдын 25-февралындагы №35 буйругунун негизинде 2021-жылдын 25-февралы саат 15:00дөн тартып 26-февралы саат 10:00гө чейин, абал турукташкыча убактылуу эки тараптуу жабылды. КР ИИМнин кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулган.

Талас облусу

Талас районундагы 2021-жылдын 25-февраль күнү Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-18-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар күрткүсү пайда болуп, унаалар чыга албай калган.

КР ӨК министринин орун басары п-к К.О.Ахматовдун жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМнин Талас облусунун башкармалыгынын ыкчам тобу, №36 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, 1 унимог, 6 кызматкер, №19 ЖТИден 1 жүктөгүч жана “Жер-Үй” алтынкен комбинатынан 1 жүктөгүч, Бекмолдо айыл аймагынан 1 грейдер, ИИМнен 2 даана экипаж тартылган.

25-февраль күнү саат 09:45тен тартып аталган унаа жолунда унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилген. Тартылган техникалардын жардамында 26-февраль күнү саат 00:20да унаа жол бир тараптуу ачылып, кар күрткүсүнөн чыга албай калган унаалар чыгарылган. Учурда кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Саат 06:00дө коюлган чектөөлөр алынган.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында 2021-жылдын 25-февралында саат 15:00 чамасында секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Совет көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн жана Совет көчөсүнүн дарегинде жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратынын чатырларын учуруп кеткен.

Райондук ЖК комиссиясы, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Тартылган куткаруучулар шамалдын кесепеттерин жоюшкан. Ал эми райондук ЖК комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 26-февраль күнү тактоо иш-чаралы улантылат. 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районундагы 2021-жылдын 25-февраль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 209-227-чакырым аралыктарында (Ала-Бел ашуусу) кар карткүсү пайда болгон.

№23 ЖТИден 2 жүктөгүч, 2 грейдер, 2 самосвал КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу. ИИМнен 2 даана экипаж тартылган. Тартылган техникалардын жардамында саат 17:30да унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

 2021-жылдын 25-февраль күнү Торкент-Толук унаа жолунун 30-42-чакырым аралыктарында кар  күрткү пайда болуп, унаа жолдо эки тараптуу каттам убактылуу жабылып, унаалар чыга албай калган.

Толук а/а 1 трактор №23 ЖТИден 1 грейдер тартылган.

26-февраль күнү тартылган техникалардын жардамында саат 07:00до унаа жолу бир тараптуу ачылып, кар күрткүсүнөн чыга албай калган унаалар чыгарылган. Учурда кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тогуз-Торо району. 2021-жылдын 25-февраль саат 14:00 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 82-чакырымында көлөмү болжол менен 240 м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жолу жабылган.

№18 ЖТИден 1 бульдозер 5 кызматкер КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 21:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Аталган унаа жол абал турукташканга чейин Тогуз-Торо райондук РМАнын башчысынын ооз эки буйругунун негизинде унаалардын баардык түрлөрүнө жабылган.

Аксы району. 25-февраль күнү жааган кардын кесепетинен Кербен-Кош-Дөбө унаа жолунун 3-7-чакырым аралыгында 2 оор жүк ташуучу жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Унаа жол жабылган.

Райондук ЖК комиссиясы, КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы, №12 ЖТИден 1 грейдер жана 2 кызматкер, ИИМнен 7 кызматкер тартылган. Тартылган техникалардын жардамында саат 15:40та унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Чүй облусу

 Жайыл району. 2021-жылдын 25-февраль саат 13:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында көлөмү болжол менен 1200 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолду жабып калган.

№23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. Тартылган техникалардын жардамында саат 14:50дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  • КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

1 15:37 15:42 16:03 16:33 Биринчи Май районундагы М.Горький көчөсүндө “Dodo Pizza” пиццериянын электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби:  электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. кол

кар-т

2.                3-ӨКБ

1-б

1 01:04 01:16 01:22 01:47 02:47 Биринчи Май районунун Саадаев көчөсүнүн Жагач устунду шифер жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.                5-ӨКБ

1 б

1 06:36 06:41 06:51 07:30 07:50 Октябрь районуун Жукеев Пудовкин көчөсү. Турак үйдүн 30 чарчы метр  пластик шыбы жана үй буюмдары  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.                1-ӨКБ

1 б

1 08:35 08:57 09:09 09:29 09:42 Ысык-Ата районунун ГЭС-6, Кубат жаңы конушу, Нарын көчөсү Жыгач устунду шифер жабылган турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.                5-ӨКБ

1 б

1 17:34 17:40 18:10 18:15 18:20 Кемин районунун Кемин шаарынын Берикбаев көчөсүндө Жыгач устунду шифер жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.                5-ӨКБ

1 б

1 19:55 20:15 20:35 20:45 21:00 Кемин районунун Нур айылы, Ладышев көчөсү. Турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

7.                15-ӨКБ

1 б

1 08:54 08:59 жеткенге чейин 09:20 Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүндө жайгашкан “Байтерек” дүкөнүнүн жанында “Ауди-100” үлгүсүндөгү  унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска чыңалуусу.
8.                31-ӨКБ

1 б

1 13:44 13:49 14:06 14:45 15:05 Ысык-Көл району. Чолпон-Ата шаары, Чкалов көчөсү. Алма бактын короосунда жалпы аянты 348 чарчы метр кык жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.                31-ӨКБ

1 б

1 15:57 16:15 16:50 17:05 17:25 Ысык-Көл районунун Чоң Сары-Ой айылы, Ленин көчөсү. Короодо аянты 3 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
10.           34-ӨКБ

1 б

1 19:01 19:06 19:11 19:58 20:10 Түп районунун Түп айылы, Новая көчөсү. Турак үйдүн меши күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

11.           65-ӨКБ

1 б

1 09:05 09:42 10:15 12:40 13:56 Сузак району. Кызыл-Туу а/а, Таштак айылы, К.Мусаев көчөсү №25. Жыгач устунду шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын аянты 90 ч.м. чатыры, 400 түк саман, 2 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби:  балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
12.         7 79-ӨКБ

1 б

1 14:27 14:32 14:37 15:23 15:58 Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы, Терек-Сай айылы, Эшалы Болуш көчөсү. “2 Бакыр” жеке ишкананын кургатуучу жайында жүк көтөрүүчү аппараты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда 1ствБ

Баткен облусу

13.           107-ӨКБ

1 б

1 15:09 15:15 жеткенге чейин 15:57 Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын, Кыргыз-Кыштак айылы. Ош-Баткен-Исфана жолунун 167-168-чакырымында “ДЭУ Некси” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска чыңалуусу.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Чүй облусу

Кемин районунда 22-февраль күнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 1989-жылы туулган аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

24-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылды.

26-февраль күнү издөө иштери улантылат. 

Токмок шаарында 25-февраль күнү саат  13:55те  КР ӨКМнин №21  өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Жантаев көчөсүндө жайгашкан №32 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 25-февраль күнү саат  18:00до КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары И.Кашкин көчөсүндө жайгашкан №8 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here