2021-жылдын 1-март саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
112 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 1-мартынан 2-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  26-февраль күнү №02-34/145-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин шашылыш билдирүүсүнө ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 122-138-чакырымдарында, Ала-Бел ашуусунун 222-223-чакырымдарында, Чычкан капчыгайынын (Көчкү-Булак тилкеси) 246-чакырымында, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулаган.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысынын №3 буйрутмасы чыккан.

Жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында КР ӨКМги тарабынан буйругу чыккан.

2021-жылдын 28-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР ӨКМнин артиллериялык эсеби саат 11:35тен саат 13:05ке чейин 255-чакырымында (Пельменный тилкеси) 10 даана снаряд атышып, натыйжада 7 580 м3 кар көчкүсү түшкөн. Саат 15:20дан саат 17:50гө чейин 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) 26 даана снаряд атышып, натыйжада 72 900 м3 кар көчкүсү түшкөн. Саат 17:55тен саат 18:05ке чейин 250-чакырымында 4 даана снаряд атышып, натыйжада 7200 м3 кар көчкү түшкөн (унаа жолго жеткен эмес). КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР ӨКМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөп калышат. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 1-март күнү улантылат.

2021-жылдын 26-28 февраль күндөрү жалпы 72 даана снаряд атылып, 136 280 м3 кар көчкү түшкөн.

2021-жылдын 1-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунун Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү саат 19:31де Жалал-Абад ЖЧЭТнын ишканасына Токтогул ГЭС-Даткадан келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өчүп калган. Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 28-февраль күнү “Кыргызстан улуттук электр тармагы“ улуттук энергохолдинги тарабынан жеке ишканасынын тик учагы тартылып, текшерүү учурунда Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдо “Даван тилкесинде” кар көчкү түшкөндүн кесепетинен №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, ошол себептен Л-554 линиясы өчүп калганы аныкталган. Авариянын кесепетинен калкты электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эмес. Электр энергиясы менен камсыздоо Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Күрп-Сай ГЭСтери тарабынан жүрүп жатат. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана комиссия түзүү иш-чаралары жүрүп жатат.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Ош шаары 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Ош шаары

1.                12-ӨКБ

1 б

1 21:12 21:15 21:23 22:10 22:25   Кол-Өнөрчү көчөсү №22, гараждын ичинде эски буюмдар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.                15-ӨКБ

1 б

1 01:48 01:58 02:13 06:50 07:20   Москва району, Петровка айылы, Заводская көчөсү №2, аянты 169 чарчы метр сарай, 250 түк жайылган чөп жаана 100 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

3.                19-ӨКБ

1 б

1 12:44 12:54 12:58 13:40 14:36   Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсү, «Айлин» ашканасынын 20 чарчы метр ички жасалгасы жана мештин тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ
4.              1 15-ӨКБ

1 б

1 б

1 16:19

 

16:28

16:26

 

16:36

16:54 17:30 18:20

 

18:20

  Каракол шаары, Торгоев көчөсү, жыгач устунду темир жабылган аянты 45 чарчы метр бастырманын чатыры, 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Нарын облусу

5.                45-ӨКБ

1 б

1 17:18 17:23 17:24 20:54 21:05   Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Айша Чокоева көчөсү №33, короодо 220 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

Баткен облусу

6.                75-ӨКБ

1 б

1 04:54 05:00 05:32 06:14 06:32   Кадамжай району, Үч-Коргон айыл аймагы, Тажик-Кыштак айылы, Дадабаев көчөсү №2, жыгач устунуду шифер жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры жана 22 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

1ствБ

Ош облусу

7.                102-ӨКБ

1 б

1 06:05 06:16 06:30 07:15     Кара-Суу району, Нариман айыл аймагы, Зарыктар айылы, Туратов көчөсү №17, аянты 70 чарчы метр эки кабаттуу бастырма толугу менен жана 25  түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Жалал-Абад облусунда 1 суу каптоо коркунучу, 1 Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочуга жардам көрсөтүү, Нарын облусунда 1 суу каптоо коркунучу):

Бишкек шаары

Ленин районунда 28-февраль күнү саат 13:00до КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №148 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 28-февраль күнү саат 18:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун  220-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) чоң оор жүк ташуучу унаа бузулуп калып, жолдун четинде туруп калган.

Жерине  КР ӨКМнин РӨКОнун 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, айдоочуга жардам көрсөтүп беришкен.

Ала-Бука районунда 28-февраль күнү Ала-Бука айылынын Алма-Бак көчөсүндө кар жана муздар ээрип, 2 турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Жерине  КР ӨКМнин №73 өрткө каршы кутаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, арыктарды жана көпүрөнүн алдын тазалап, суу каптоо кесепетин жоюшкан.

Нарын облусу

Ат-Башы районунда 28-февраль күнү Ача-Кайыңды айылынын  М. Сариев көчөсүндө арыктарда суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп, турак үйлөрдүн короолорун каптоо коркунучу жаралган.

Жерине  КР ӨКМнин №45 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана айыл өкмөттөн 1 эксковатор, 1 Камаз тартылып, муз катмарларын жарып, каптарга кум толтурулуп арыктардын жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюлду.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here