2021-жылдын 2-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
117 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 2-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  26-февраль күнү №02-34/145-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин шашылыш билдирүүсүнө ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 122-138-чакырымдарында, Ала-Бел ашуусунун 222-223-чакырымдарында, Чычкан капчыгайынын (Көчкү-Булак тилкеси) 246-чакырымында, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулаган.

Ошого байланыштуу 2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысынын №3 буйрутмасы чыккан.

Жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында КР ӨКМнин буйругу чыккан.

2021-жылдын 1-март күнү кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР ӨКМнин артиллериялык эсеби саат 11:00дөн саат 11:20га чейин 247-чакырымда 4 даана снаряд атышты.

Саат 12:30дан саат 13:25ге чейин 246-чакырымда (Көчкү-Булак тилкеси) 12 даана снаряд атышты.

Саат 15:20дан саат 15:55ке чейин 231-чакырымда (Текелүү тилкеси) 10 даана снаряд атышып, натыйжада 6300 м3 кар көчкү түшкөн (унаа жолго жеткен эмес).

Саат 16:30дан саат 17:50гө чейин 223-чакырымда (Шаркыратма тилкеси) 12 даана снаряд атышып, натыйжада жалпы 19600 м3, анын ичинен унаа жолго 288 м3 түшкөн.

Тазалоо иштерин №23 жол тейлөө ишканасынан тартылган 1 Унимог техникасынын жардамында унаа жол тазаланган. Иш-чара аяктагынына байланыштуу артиллериялык эсеп 238-чакырымда түнөп калышкан, бүгүн өздөрүнүн туруктуу жайгашкан ордуна кайтышат.

2021-жылдын 1-март күнү 38 даана снаряд атылып, 25 900 м3 кар көчкү түшкөн.

2021-жылдын 26-февралынан 1-мартка чейин жалпы 110 даана снаряд атылып, 162 180 м3 кар көчкү түшкөн.

 

2021-жылдын 2-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагынын Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

Тартылган күч жана каражаттар: ЖК комиссиясы, “Valor-Air” компаниясынын тик учагы, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан (ПВЭС) 1 бульдозер, 1 жүктөгүч.

Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча тиешелүү кызматтардан турган комиссия 1-март күнү “Valor-Air” компаниясынын тик учагы менен жеринде байкоо иштерин жүргүзүп, электр мамычасына баруучу болжол менен 15 чакырым унаа жолду тазалоо чечимине келишкен.  Унаа жолду тазалоо иши 2-март күнү башталат.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүм тартылган (Бишкек шаары 2, Ош шаары 2, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

1 08:05 08:16 08:26 08:36 09:42   Октябрь району, Ж.Пудовкин көчөсү 87/2, ТСЖ “Фантазия” имаратынын 30 чарчы метр керме шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                6-ӨКБ

1 б

1 01:25 01:37 02:21 03:10 03:28   Биринчи Май району, Власова көчөсү №11А, турак үйдүн 45 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана бир бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, №4 шаардык ооруканага жаткырылган. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош шаары

3.                12-ӨКБ

1 б

1 12:17 12:23 12:29 12:30 13:15   Анар кичи району, №17 үйдүн батиринде 5 чарчы метр төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

4.                91-ӨКБ

1 б

1 12:01 12:29 12:42 13:15 14:10   Кара-Буура району, Молдосан айылы, Садовая көчөсү 25, ачык аянты 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: өрткө этиятсыздык мамиле кылуу. 1ствБ
5.                93-ӨКБ

 

1 б

1 12:28 12:45 13:15 13:50 14:40   Бакай-Ата району, Наматбек айылы, ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6.                76-ӨКБ

1 б

1 07:32 07:55 08:18 08:38 09:23   Кадамжай району, Халмион айыл аймагы, Шады айылы,  Гөзөл-Ата көчөсү №13, турак үйдүн мору күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                26-ӨКБ 1 12:14 12:38 12:56 13:38 14:52   Баткен шаары, Базарбашы кварталы, Паран тилкесинде ачык аянтта 1 га  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.                65-ӨКБ

1 б

1 12:25 12:32 12:42 13:02 13:43   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Арал айылы, Чырмак Ажы көчөсү №161, 10 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Ош облусу

9.                68-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:59

20:32

19:15

20:45

 

19:40

 

21:00

20:32

21:08

  Алай району, Гүлчө айыл айммагы,  Курманжан-Датка  айылы, Султанов көчөсү №49, короодо жыйылган 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
10.           13-ӨКБ

1 б

1 21:13 21:28 21:38 22:22 00:06   Кара-Суу району, Мады айыл аймагы, Кыргыз-Чек айылы, Турмаматов көчөсү №33, 2 кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана 4 тонна жыйылган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

11.           38-ӨКБ

1 б

1 16:05 16:50 16:51 17:30 18:15   Тон району, Кара-Коо айылы, Осмоналиева  көчөсү №51, сарайдын 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон (Нарын облусунда 1 суу каптоо коркунучу):

Нарын облусу

Нарын шаарында 1-март күнү Сулайман уулу Аскар көчөсүндө булактын суусу тоңуп, муз катмары пайда болуп (тос) ички чарбалык унаа жолду каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жерине  КР ӨКМнин №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып тазалап, суунун нугун буруп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here