2020-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 40% өстүү

0
46 просмотров

2021-жылдын 2 айында Жалал-Абад облусунда 77  өрт кырсыгы катталып (2020-ж.-55),  2020-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 40% өскөн. Өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 3 автоунаа, 77 тонна тоют жабыркап, 5 млн. 952 миң 690 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 43 млн. 179 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган.  Негизинен өрт кырсыктары (57 өрт, 74 %) турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жалал-Абад шаарында -12, (2020-ж.-8);

— Кара-Көл шаарында- 1, (2020-ж.-1);

— Майлуу-Суу шаарында- 4, (2020-ж.-2);

— Таш-Көмүр шаарында -3, (2020-ж.-7);

— Аксы районунда- 11, (2020-ж.-3);

— Ала-Бука районунда- 5, (2020-ж.-2);

— Базар-Коргон районунда- 4, (2020-ж.-6);

— Ноокен районунда – 11, (2020-ж.-11);

— Сузак районунда -12, (2020-ж.-9);

— Тогуз-Торо районунда -2, (2020-ж.-1);

— Токтогул районунда -7, (2020-ж.-4);

— Чаткал районунда- 5, (2020-ж.-1).

Өрттөрдүн негизги себептери:

— мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонууда–26 (жалпы өрт кырсыгынын 33,8%), (2020-ж.-9);

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 19 (жалпы өрт кырсыгынын 25 %), (2020-ж.-24);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 3 (жалпы өрт кырсыгынын 4 %),  (2020-ж.-5);

— балдардын от менен ойноосуунан – 8 (жалпы өрт кырсыгынын 10%), (2020-ж.-8);

— автотехникаларды пайдалаууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан -4 (жалпы өрт кырсыгынын 5%), (2020-ж.-1) өрт кырсыгы катталган.

Урматтуу жарандар! Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • Мештерди жагууда өрт коопсуздук эрежелерин сактап, аларды оң абалда кармап, тез-тез тазалап тургула;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла, аларга от менен ойноосуна жол бербегиле;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
  • автотехникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эределерин сактагыла.

Жогорудагы эрежелерди сактоо менен Сиз турак-жайынызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here