2021-жылдын 3-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
114 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 3-мартынан 5-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  2-март күнү №02-34/160-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Жалал-Абад облусу 

Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

        Жерине Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан (ПВЭС) 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 УАЗ, 1 УРАЛ, 1 К-700(тралл тягач) тартылган.

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн-Жарандык коргонуунун башчысынын 2021-жылдын 2-мартындагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген»

         2-март күнү тартылган техникалардын жардамында жолдун болжол менен 6-7 чакырым аралыгынын 2 чакырымы тазаланган.

3-март күнү жол тазалоо иштери улантылат.

 

2021-жылдын 3-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлук аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаары 2, Ош шаары 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                28-ӨКБ

1 б

1 13:34 13:45 14:05 14:24 14:47   Ленин району, Арча-Бешик конушу, Кара-Кужур көчөсү №203, турак үйдүн жыгач устундуу пластик жабылган 65 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
2.                8-ӨКБ

1 б

1 06:35 06:45 06:55 07:10 07:28   Биринчи Май району, Мидин жана Жаштык көчөлөрүнүн кесилишинде  мечиттин 20 чарчы метр  полу күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Ош шаары

3.                13-ӨКБ

1 б

1 05:49 05:50 05:53 06:03 06:24   Жин көчөсү, жолдун жээгинде “ВАЗ 2114” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.                12-ӨКБ

1 б

1 11:02 11:21 11:55 12:49 13:49   Аламүдүн району, Көк-Жар айыл аймагы, Совхоз-Ала-Тоо айылы,  Шопоков көчөсү №10,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
5.                4-ӨКБ

1 б

1 16:57 17:05 17:08 17:36 18:00   Ысык-Ата району, Ивановка айылы, мүрзөнүн аймагында 1 га куураган чөп күгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
6.                5-ӨКБ

1 б

1 17:11 17:21 17:40 17:50 18:00   Кемин району, Жаңы-Алыш айылы, мүрзөнүн аймагында 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
7.                27-ӨКБ

1 б

1 19:00 19:07 19:14 19:29 19:55   Ысык-Ата району, Кант шаары, Микоян көчөсү №1б, турак үйдүн электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                7-ӨКБ

1 б

1 04:18 04:31 04:45 05:40 06:15   Аламүдүн району, Өскөн-Ордо жаңы конушу, Боронбай көчөсү №170,  турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

9.                38-ӨКБ

1 б

1 14:57 15:13 15:20 16:10 16:55   Ысык-Көл району, Ананьев айылы, таштанды таштоочу жайда 15 чарчы метр таштанды  күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           15-ӨКБ

1 б

1 17:51 17:56 18:27 18:38 19:02   Ак-Суу району, Жол-Колот айылы, Доктурбаев көчөсү №18, короодо жайгашкан 3 чарчы метр даараткана күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

11.           54-ӨКБ

10 кут.

1 10:35 12:35 19:55 101 Сузак району, Барпы айыл аймагы, Маркай айылы, көмүр казган шахтадан (забой) түтүн чыккан. Тоо-кен куткаруу кызматынын №5-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жана №54-өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып түтүн чыккан шахтага тосмо орнотуп беришкен.

Ош облусу

12.           25-ӨКБ

1 б

102-ӨКБ

1 б

25-ӨКБ

1 б

1 18:28

 

18:34

18:55

18:46

 

18:50

19:19

19:00 20:15 22:39

 

 

20:08

  Кара-Суу району, Жоош айыл аймагы, Маданият айылы, Султанов көчөсү, №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.   4ствБ

Баткен облусу

13.           76-ӨКБ

1 б

1 14:14 14:33 14:48 15:03 15:55   Кадамжай району, Масалиев айыл аймагы, Кара-Дөбө айылы, Лесхозный-1 көчөсү, турак үйдүн 25 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон ( Чүй облусу 1 унааны тартып чыгуу, Нарын облусунда шахтадагы өрттү өчүрүү, Жалал-Абад облусунда 1 шахтадагы өрттү өчүрүү ).

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 2-март күнү саат 14:45те Көк-Жаңгак шаарынын Маркай тилкесинде жайгашкан шахтадан (забой) өрт чыккан.

Жерине КР ӨКМнин 17 куткаруучу, КР ИИМнен 4 кызматкер, айыл аймагынан 2 кызматкер тартылып, өрттү өчүрүшүп тосмо орнотуп беришкен. Жумуш саат 17:40та толук аяктады.

Нарын облусу

Жумгал районунда 2-март күнү саат 08:45те Миң-Куш айылында ЖЧК “Берекет-Кен” шахтасынан өрт чыккан.

Жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, саат 00:40та аталган шахтага жетишкен.

Өрт өчүрүү иштери 3-март күнү жүргүзүлөт.

Чүй облусу

Жайыл районунда  2-март күнү саат 20:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы тыгылып калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы Урал унаасы менен  КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан  куткаруучу тартылып, тыгылып калган оор жүк ташуучу унааны тартып чыгарып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here