Билим берүүчү мекемелерде өрт кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары уланууда

0
37 просмотров

2021-жылга түзүлгөн машыгууларды өткөрүү мерчемине ылайык Кара-Көл шаары боюнча ӨК бөлүмү тарабынан шаар аймагындагы №6 Т.Темиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө мектеп окуучуларына практика жүзүндө өрт учурундагы эвакуация, өрт жөнүндө кабар берүү тартиби, жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Токтогул району боюнча ӨК бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан №28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин 9-классынын окуучуларына өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнө экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө мектеп окуучуларына бөлүктүн ишмердиги, өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу автоунаалары, өрт өчүрүүчү жана куткаруу шаймандары боюнча маалымат берилди.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here