2021-жылдын 4-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
126 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 4-мартынан 5-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  2-март күнү №02-34/160-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагынын Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунан ыкчам топ, кар көчкү коопсуздугун байкоо боюнча (лавинщики) 2 кызматкер, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан (ПВЭС) 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 УАЗ, 1 УРАЛ, 1 К-700 (тралл тягач) тартылып.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн-Жарандык коргонуунун башчысынын 2021-жылдын 2-мартындагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген».

3-март күнү тартылган техникалардын жардамында жолдун болжол менен 6-7 чакырым аралыгынын 2 чакырымы тазаланган. Бардыгы болуп 4-чакырым жол тазаланган. Жеринде кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда, ошондуктан КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын МУАсы, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Итагар кар көчкү станциясынын башчысы, Ноокен райондук ЖК бөлүмүнүн башчысы жана Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын башчысы тарабынан жеринде акт түзүлүп,  тазалоо иштери аба-ырайы турукташканга чейин белгисиз мөөнөткө токтотулду.

 

2021-жылдын 4-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жалал-Абад облустунун көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ош шаары

2021-жылдын 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде  жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, Штаб. Мындан тышкары ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылып.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Ош шаары 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Ош шаары

1.                13-АӨКБ

1 б

1 б

 

1 07:26

 

07:32

07:28

 

07:35

07:45 08:26 09:20

 

08:15

  Т. Турсунбаева көчөсү №93а/1, “Мега Профиль” ишканасынын 70 чарчы метр контейнерден салынган ашканасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
2.                13-АӨКБ

1 б

1 б

12-ӨКБ

1 б

1 б

1 03:38

 

03:42

03:50

 

03:52

 

03:40

 

03:44

03:56

 

03:58

04:13 06:15 06:25

 

06:10

05:47

 

05:23

  Масалиев көчөсү №16б, жыгач устундуу шифер жабылган “Ала-Тоо” кафесинин 1541 чарчы метр чатыры, ашкана бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 5ствБ
3.                85-ӨКБ

1 б

1 03:57 04:10 04:38 04:58 06:00   222-кварталы, 9-көчө, жыгач устундуу андулин жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры жана жер төлөөдө жыйылган жыгачтар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

4.                21-ӨКБ

1 б

1 10:26 10:33 10:41 10:46 11:15   Токмок шаары, Сарбагышов көчөсү №159, турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 12 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
5.                2-ӨКБ

1 б

1 06:51 06:56 07:16 07:38   Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча айылы, Киргизия көчөсү №488, “Улуу Жибек-Жолу” кафесинин вытяжкасынын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. кол каражат

Ысык-Көл облусу

6.                19-ӨКБ

1 б

1 15:22 15:30 15:33 16:00 16:40   Балыкчы шаары, Орто-Токой көчөсү №68, турак үйдүн 4 чарчы метр морунун тегереги жана 4 метр электр зымы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
7.                35-ӨКБ

1 б

1 21:06 21:26 21:41 21:56 22:57   Ысык-Көл району, Темировка айылы, Бактыбеков көчөсү №8, турак үйдүн короосунда жыйылган 60 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                36-ӨКБ

1 б

1 23:27 23:37 23:47 01:30 02:10   Жети-Өгүз району, Саруу айылы, Токтогул көчөсү №14, турак үйдүн короосунда 3 тонна саман жана тезек күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                15-ӨКБ

1 б

1 02:36 02:44 02:48 03:02 03:23   Каракол шаары, Алтын-Казык конушу, Белек көчөсү №30,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

10.           42-ӨКБ

1 б

1 20:50 20:55 21:05 21:55 22:05   Кочкор району, Кочкор айылы, Бейшеев көчөсү №35, сарайда жыйылган 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

11.           74-ӨКБ

1 б

1 06:05 06:09 Жеткенге чейин 06:40   Лейлек району, Исфана шаары, Дадасян көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 2 эшик ачуу, Чүй облусу 1 унааны тартып чыгуу, Нарын облусунда шахтадагы өрттү өчүрүү):

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 3-март күнү саат 12:25те Туңгуч кичи районунда жайгашкан №36/2 көп кабаттуу үйүнүн батиринде 2 кыз урушуп кетишкен.  КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барышып батирдин эшигин ачышып, аталган жарандарды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Октябрь районунда 3-март күнү саат 00:06да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунда жайгашкан №11 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Жумгал районунда 2-март күнү Миң-Куш айылында ЖЧК “Берекет-Кен” шахтасынан өрт чыккан.

Жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан КР ӨКМнин №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган. 3-март күнү куткаруучулар тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүүп 2 парустук тосмо орнотушкан.

4-март күнү иш-чаралар улантылынат.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2-март күнү 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 140-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “CHACMAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 144-чакырымда “VOLVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тыгылып калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору тарабынан Урал унаасы тартылып, тыгылган оор жүк ташуучу унааларды сүйрөп чыгарып берген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here