Ош шаарындагы Ала-Тоо кафеси толугу менен күйдү

0
53 просмотров

2021-жылдын 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде  жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн  2 бөлүм, Ош шаардык №12 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, штаб, мындан тышкары ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here