2021-жылдын 5-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
121 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 5-мартында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  2-март күнү №02-34/160-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

5-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-март күнү саат 04:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Таргалак айылында 3 балл, Сопу-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.              

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал 

Жалал-Абад облусу 

Ноокен районунда, 2021-жылдын 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагында, Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

4-март күнү КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунан ыкчам тобу, Гидрометеорология агенттигинен 2 адис, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын (ПВЭС) жетекчилик курамы жана 1 бульдозер, 1 жүктөгүч унаа тартылган.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Жарандык коргонуунун башчысынын 2021-жылдын 2-мартындагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген».

4-мартка чейин тазалануучу 7 чакырым жолдун 4 чакырымы тазаланган. Калган 3 чакырым жолдо кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу, жеринде акт түзүлүп,  тазалоо иштери аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу токтотулду.

  

Токтогул районда 2021-жылдын 5-март күнү саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында 2400 м3 кар көчкү түшүп унаа жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

№23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган ӨКМдин 4 куткаруучусу, КР ИИМден 2 экипаж тартылган.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.  Тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 06:40тан тартып Токтогул районунун «Арал» постунда унаалардын бардык турүнө, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киригизилген. 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.                5- ӨКБ

1 б

1 00:29 00:36 жеткенге чейин 00:58 Октябрь району, Белорусская көчөсү. Турак үйдүн короосунда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусу

2.                91-ӨКБ

1 б

1 19:32 19:49 20:23 20:52 21:17 Бакай-Ата  району, Миң-Булак айылында жайгашкан мүрзөнүн тегерегинде ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3.                23-ӨКБ

1 б

1 03:17 03:27 03:36 03:41 03:56 Сокулук району, Сокулук айылы, Калинин көчөсүндө жайгашкан электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.                2-ӨКБ

1 б

1 04:27 04:38 04:41 05:14 Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча айылы, Киргизская көчөсүндө жайгашкан электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат

Жалал-Абад облусу

5.                54-ӨКБ

1 б

 

1 11:50 13:35 16:00 16:35 Сузак району, Барпы айыл аймагы, Маркай айылы, көмүр казган шахтадан (забой) түтүн чыккан. №54-ӨКБдан 7 куткаруучу тартылып түтүн чыккан шахтага тосмо орнотуп беришкен. кол каражат

Ош облусу

6.                71-ӨКБ

1 б

1 05:22 05:34 05:40 06:30 06:40 Ноокат району, Зулпуев айыл аймагынын, Барын айылы, Барын көчөсү. Аянты 60 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 4-март күнү саат 14:38 чамасында КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тунгуч кичи районунда жайгашкан №56 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

4-март күнү саат 22:58де КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев проспектисинде жайгашкан №88 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Жумгал районунда 2-март күнү Миң-Куш айылында ЖЧК “Берекет-Кен” шахтасынан түтүн чыккан.

4-март күнү жерине КР ӨКМги куткаруучу тартылып, шахтадагы түтүндү тазалашкан.

5-март күнү жумуш улантылынат.

Чүй облусу

Жайыл районунда 4-март күнү саат 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) «RENO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Урал унаасы менен тартылып, унааны жолго чыгарып беришкен.

Токмок шаарында  4-март күнү саат 14:30да КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Ленин көчөсүндө жайгашкан №395 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жайыл районунда 5-март күнү саат 00:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 136-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) «RENO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Урал унаасы менен тартылып, унааны жолго чыгарып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 4-март күнү саат 11:50дө Барпы айыл аймагынын Маркай айылында шахтадан түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчү бөлүм жана  КР ӨКМнин №54 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, өрттү өчүрүшүп тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here