КР ӨКМнин министри Б.Ажикеевдин куттуктоосу

0
135 просмотров

Урматтуу айымдар!

Сиздерди 8-Март аялдардын Эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы мырзаларынын жана өзүмдүн атымдан ак пейилден куттуктаймын!
Көктөм менен кошо кирип келген ушул майрам адамзат түшүнүгүндө жаратылыштын ажары менен аялзатынын сулуулугунун символу катары кабыл алынат. Жаз – жер бетин көрккө бөлөсө, аялзаты – адам баласына жашоо берет.
Улуу муундун даңктуу жолун улаган бүгүнкү аялзатынын турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңип чыгууга жасаган аракети, билимдүүлүгү, үй-бүлөдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар болуу менен, коомубуздун гүлдөп-өсүшүнө да зор салымдарын кошуп жаткандыгы баарыбызды кубандырып, өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Ошону менен бирге, биздин кесиптеш айымдарыбыз, эркектер менен тең тайлашып элибизге ак кызмат өтөп келүүдөсүздөр.
Аялзатынын улуулугун, аруулугун, сулуулугун, мээримдүүлүгүн, назиктигин даңазалаган жаз майрамы Сиздердин жан дүйнөңүздөргө жылуулук тартууласын. Аркалаган ишиңиздердин ийгилиги артылып, үй-бүлөдө ынтымактын, ырыскынын соолубас булагы болуңуздар. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here