2021-жылдын 30-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат  

0
130 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 30-мартынан 31-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91 (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-173 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 31-мартында жана 1-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 30-мартта жана 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде      -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

2021-жылдын 30-31-мартында туруксуз аба ырайына, жаап өткөн  жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  26-март күнү №02-34/216-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

30-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

         Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда 1…6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -1° сууктан…+4° жылукулукка чейин, тоолуу райондордо -3…-8 ° суук болушу күтүлөт.

Жалал-Абад облусу  

         Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 2021-жылдын 29-март күнү саат 12:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Жолборсту айылындагы Сүйрү-Тектир, Бел-Өрүк тилкелерине баруучу, Эчкили-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Шынаа айылында Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаа жолуна орнотулган 3 даана сел суулары өтүүчү темир бетон шакекченин түбүн, Райкомол айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Кечүү айылында Ак-Жол-Кечүү жолунун айрым жерлерин, Разан-Сай айылында Сары-Таш тилкесине баруучу ички чарбалык жолдун айрым жерлерин жана Күрп-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду кокту колоттордон келген сел суулары каптап, жол каттамына кыйынчылыктарды жараткан. Учурда жогорудагы унаа жолдордо унаалар өтүп жатышат.

         Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылды.

         Унаа жолдорду калыбына келтирүү жумуштары башталып, кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да калыбына келтирүү жумуштары убактылуу токтотулган. 30-март күнү иш-чара улантылат.

         Таш-Көмүр шаарында 2021-жылдын 28-29-мартка караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 431-432-чакырым аралыгында (Разан-Сай айылы) унаа жолго кум аралаш шагыл түшүп жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине Таш-Көмүр шаардык №57 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, №2 ӨИКОдон 15 куткаруучу, №38 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, №30 ЖТИден 1 манипулятор, 3 кызматкер тартылды.

          Тартылган техникалардын жардамында саат 10:30да унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 12:20да толук тазаланган.

Ош облусу

Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 29-март күнү саат 16:40 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 40 м3 таш түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

         Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды.

Тартылган техникалардын жардамында саат 18:30да унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 21:45те толук тазаланган.

Алай районунда 29-март күнү саат 19:20 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү такталууда), унаа жол жабылган.

Тазалоо иштерине №960 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 Унимог, №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, Алай РМАнын башчысы-аким жана ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылды.

         Кар көчкү түшкөн жерде унаа тыгындарын болтурбоо үчүн Гүлчө (80-чакырым) жана Сары-Таш (184-чакырым) айылдарында ИИМ тарабынан посттор уюштурулуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

         Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 2021-жылдын 27-март түнү саат 01:00 чамасында Куль-Центр-Чөгөм-Загара ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында 9600 м3 (Ак-Талаа тилкеси) кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Ысык-Көл облусу  

         Жети-Өгүз районунда 2021-жылдын 28-март күнү саат 05:30 чамасында Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 59-чакырымында (Сөөк ашуусу) болжол менен 1800 м2 кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №3 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылды.

Тартылган техникалардын жардамында саат 09:00дө унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 19:30да толук тазаланган.

Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 29-мартындагы №126-Т буйругунун негизинде Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдары 1-апрелге чейин жабылган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                7-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

5-ӨКБ

1 б

ЫНБ

1 08:26

 

08:32

 

08:57

 

08:40

08:36

 

08:50

 

09:10

 

08:55

09:38 11:44 12:00

 

11:36

 

11:35

 

11:34

Октябрь району, Ауэзов көчөсү №1А, кампанын ичинде 250 чарчы метр аянтта кездемелер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

2ствА

СВП-4

2ГТКК

Чуй облусу

2.                15-ӨКБ

1 б

1 00:31 00:43 00:56 01:15 Москва району, Ак-Суу айылы, Шолохов көчөсүндө электр карагайы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
3.                6-ӨКБ

1 б

1 06:25 06:45 07:30 Сокулук району, Новопавловка айыл аймагы, Ак-Ордо-3 конушу, 520-контур, Зайнидин-Ата көчөсү н.ж. жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 суу каптоо кесепетин жоюу, Чүй облусунда 1 жол кырсыгы, Жалал-Абад облусунда 1 унааны чиркөө, Ысык-Көл облусунда 1 жол кырсыгы):

Бишкек шаары

Ленин районунда 29-март күнү саат 09:15те Дэн Сяопин проспектиси менен Б.Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жааган жаандын кесепетинен жолдогу суулар ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Жерине КР ӨКМнин №6 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, кум толтурулган каптар менен жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.

Чүй облусу

Жайыл районунда 29-март күнү саат 12:46 чакырымында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында «Камаз-Вахтовка» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан (1997-жылы туулган эркек киши), (1997-жылы туулган, 2000-жылы туулган, 1986-жылы туулган, бир аялдын туулган жылы такталууда, 4 аял киши).

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары  жана тез жардам кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышкан.  Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 29-март күнү саат 10:15те Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Пельменый тилкеси) “Toyota-Windom” үлгүсүндөгү жеңил унаасы жолдун четине чыгып тыгылып калган.

Жерине  КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Камаз унаасы менен тартылып, унааны чыгарып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз районунда 29-март күнү саат 18:26 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1986-жылы туулган  эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми, жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда).

КР ӨКМнин  №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен. Абалдары туруктуу.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here