2021-жылдын 31-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
117 просмотров

 Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 31-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91 (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-173 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 31-мартында жана 1-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 30-мартта жана 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде      -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

2021-жылдын 31-мартында туруксуз аба ырайына, жаап өткөн  жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын  26-март күнү №02-34/216-Т, 2021-жылдын  29-март күнү №02-34/222-Т жана 2021-жылдын  29-март күнү №02-34/223-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2021-жылдын 31-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

         Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу  

         Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 2021-жылдын 29-март күнү саат 12:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Жолборсту айылындагы Сүйрү-Тектир, Бел-Өрүк тилкелерине баруучу, Эчкили-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Шынаа айылында Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаа жолуна орнотулган 3 даана сел суулары өтүүчү темир бетон шакекченин түбүн, Райкомол айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Кечүү айылында Ак-Жол-Кечүү жолунун айрым жерлерин, Разан-Сай айылында Сары-Таш тилкесине баруучу ички чарбалык жолдун айрым жерлерин жана Күрп-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду кокту колоттордон келген сел суулары каптап, жол каттамына кыйынчылыктарды жараткан. Учурда жогорудагы унаа жолдордо унаалар өтүп жатышат.

         Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылды.

         Тартылган техникалардын жардамында саат 19:00до тазалоо иш-чаралары толук аяктаган.

Ош облусу

Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 30-март күнү саат 23:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50 м3 таш түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч.

Тартылган техникалардын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүдө.

Алай районунда 29-март күнү саат 19:20 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү 14 400м3), унаа жол жабылган.

         Тазалоо иштерине №960 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 Унимог, №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, Алай РМАнын башчысы-аким жана ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылды.

         30-март күнү тартылган техникалардын жардамында саат 14:00до унаа жол бир тараптуу ачылып, жолду кеңейтти иштери жүргүзүлүп жатат.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 29-мартындагы №126-Т буйругунун негизинде Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдары 1-апрелге чейин жабылган.

 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.         5- ӨКБ

1 б

 

1 19:34 19:38 19:45 19:48 20:06   Октябрь району, Бектенова көчөсү №18, короодо токтоп турган “LEXUS 460” үлгүсүндөгү автоунанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби:  электр жабдууларынын куроодо эреженин бузулушу 1 ствБ
2.         7-ӨКБ

1 б

1 01:10 01:22 01:31 02:00 02:47   Свердлов району, Аламудун-1 кичи району, Загорская көчөсү №44, үйдүн жанында ачык аянтта “Ауди А-4” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
3.         26-ӨКБ

1 б

1 12:19 12:29 12:32 12:52 14:06   Баткен району, Кара-Булак айыл аймагы, Бужун айылы, Отбасаров көчөсү №1, турак үйдүн бөлмөсүнунун 12 чарчы метр шыбы жана ичиндеги буюмдар күйгөн. Өрттун себеби: такталууда. 2ствБ
Чүй облусу
4.         7-ӨКБ

1 б

1 13:55 14:14 14:17 15:13 15:39   Сокулук району, Дача Суу айылы, Беш-Кошкон көчөсү №54, турак үйдүн бөлмөсүнүн 4 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Свердлов районунда 30-март күнү саат 06:28 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө Чоң Чүй каналына ЧЧК (БЧК) “Hyundai Solaris”  үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай сууга түшүп кеткен.

 Жабыркаган жана каза болгондор жок.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, унааны каналдан чыгарууга жардам беришкен.

Чүй облусу

Чүй районунда 30-март күнү саат 23:26чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында (Арал айылы) “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жеңил жаракат алышкан (1991-жылы туулган, 1980-жылы туулган).

Жерине  КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here