2021-жылдын 1-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
177 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 1-апрелинен 5-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 1-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9-метрден, кээ бир райондордо 15-20-метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде      -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  29-март күнү №02-34/223-Т, 31-март күнү №02-34/226-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

1-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

         Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 31-март күнү саат 19:30дан тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана саат 20:15тен тартып Токтогул районунун «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө  убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 31-март күнү “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөөлөр алына элек.

 Жалал-Абад облусу

Аксы району. Кара-Суу айыл аймагы 2021-жылдын 30-март күнү Жүзүм-Жан айылында жер көчкү активдешип (көлөмү такталууда), жер жаракалары чоңойгондугу байкалып 9 турак үйгө коптуу абал жаралган.

Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

30-март күнү жогорудагы 9 турак үйдүн жашоочулары берилген атайын эскертмелердин жана Жарандык коргонуу комиссиясынын 2021-жылдын 30-мартындагы №01-17/331 отурумунун протоколунун негизинде коопсуз жерге көчүрүлгөн. 31-март күнү ЖК комиссиясы жана КР ӨКМнин адистери жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 1-апрель күнү иш-чаралар улантылат.

Ош облусу

Кара-Кулжа району, 2021-жылдын 30-март күнү саат 23:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50м3 таш түшүп, унаа жол жабылган.

Жабыркагандар жок.

№26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

31-март күнү тартылган техникалардын жардамында саат 10:20да унаа жол бир тараптуу ачылган. Таштардын көлөмү чоң болгондуктан техниканын күчү жетпей, ташты жардыруу иш-чараларын жүргүзүүгө сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Алай району, 29-март күнү саат 19:20 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү 14 400м3), унаа жол жабылган.

 №960 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 Унимог, №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, Алай РМАнын башчысы-аким жана ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

         30-март күнү тартылган техникалардын жардамында саат 14:00до унаа жол бир тараптуу ачылган. 31-матр күнү кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облусу  

Ак-Суу району, Каракол-Эңилчек унаа жолунда өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Ак-Суу районунун мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы-акимдин 2021-жылдын 29-мартындагы №126-Т буйругунун негизинде Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдары 1-апрелге чейин жабылган.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 07:43тө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

         КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

         КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 22:25те Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында — 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                8-АӨКБ

1 б

1 08:35 08:53 09:00 09:08 09:21  

Ленин району, Матыев көчөсү, Көп кабаттуу турак үйдүн батиринде үтүк күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Кол каражат
2.                6-ӨКБ

1 б

1 05:55 06:07 06:19 06:36 06:46  

Ленин району, Почтовый көчөсү, Турак үйдүн 7 чарчы метр морунун тегереги жана жыгач устуну күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош шаары

3.                12-ӨКБ

1 б

1 09:03 09:10 09:16 09:21 10:00  

Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан А.Навои атындагы эс алуу багында жалпы аянты 30 чарчы метр болгон балдар ойноочу оюн-зоок жайы (аттракцион) күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
4.                109-ӨКБ

1 б

1 17:45 17:50 18:02 18:36 19:30  

Крылов көчөсү, Турак үйдүн 17 чарчы метр жыгач шыбы, полу жана төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

1ствБ

Чүй облусу

5.                21-ӨКБ

1 б

1 13:13 13:21 13:35 13:44 14:06  

Токмок шаары, Охотничий көчөсү, Турак үйдүн ичинде жалпы аянты 8 чарчы метр болгон тапчан толук күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

1ствБ
6.                27-ӨКБ

1 б

1 04:12 04:18 жеткенге чейин 05:05  

Ысык-Ата району, Кант шаары, Горький көчөсүндө Мерседес-спринтер үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу кичи автобустун кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусу

7.                25-ӨКБ

1 б

1 12:02 12:08 жеткенге чейин 12:46  

Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Школьный көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусу

8.                19-ӨКБ

1 б

1 08:19 08:25 08:32 09:08 09:40  

Балыкчы шаары, Орозбаев көчөсү, Көп кабаттуу турак үйдүн батиринде жумшак керебет жана журкан төшөк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
9.                39-ӨКБ

1 б

1 12:39 12:42 12:45 12:50 13:25  

Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы, Жол боюнда “Ауди-100” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

10.           58-ӨКБ

1 б

1 21:15 21:18 21:18 21:25 21:30  

Жалал-Абад шаары, Көк-Арт кичи району, Азимов көчөсү, Көп кабаттуу турак үйдүн жанында таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
11.           58-ӨКБ

1 б

1 22:32 22:38 22:39 22:43 22:50  

Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Жеңижок көчөсү, Көп кабаттуу турак үйдүн жанында таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Баткен облусу

12.           26-ӨКБ

1 б

1 08:35 08:48 08:50 09:00 09:56  

Баткен шаары, Кызыл-Жол кварталы, Сарай-башы тилкеси, Салкын-Тор көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ствБ
13.           75-ӨКБ

1 б

1 12:32 12:42 12:50 13:08 13:20  

Кадамжай району, Калача айылы, Мамазияев көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 16 чарчы метр чатыры жана 40 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
14.           26-ӨКБ

1 б

1 21:20 21:22 22:04  

Баткен шаары, 8-Март көчөсү, Турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

 

 Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду

 Бишкек шаары

Свердлов району, 31-март күнү саат 18:52 чамасында Баетов көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары ачып беришкен.

5 куткаруучу тартылган.

Чүй облусу

Жайыл району, 31-март күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырым аралыгында (Төө-Ашуу ашуусу) Scania, Reno, Volvo, MAN, MAN, Mercedec-Benz, MAN, Scania үлгүлөрүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине КР ӨКМнин Урал унаасы менен 2 куткаруучу тартылып, унааларды жолго чыгарып беришкен.

 

Сокулук району, Төрт-Күл айылында 31-март күнү саат 18:30 чамасында Opel үлгүсүндөгү жеңил унаасы жолдун четине чыгып тыгылып калган. Жерине КР ӨКМнин №23 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу АКУ унаасы менен тартылып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен.

КР ӨКМдин пресс-борбору

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here