2021-жылдын 5-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
157 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 5-апрелинде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 5-6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  31-март күнү №02-34/226-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

5-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда  күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 5-апрель күнү саат 07:00дө «Сосновка» постунда убактылуу киргизилген чектөө алынган. Ал эми «Арал» постуна киригизилген чектөө алына элек.

Ош облусу

Өзгөн району, Ийри-Суу айыл аймагы, 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин аба-ырайы кескин өзгөрүп тоолуу аймактарда кар көп жаагандыктан Ийри-Суу айыл аймагына караштуу Орказган айылына баруучу 18-чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерине кар күрткүлөрү пайда болуп жол каттам жабылган. Айыл аймактан 1 бульдозер тартылган.

 3-апрель күнү тартылган техниканын жардамында 12-чакырым, 4-апрель күнү 6-чакырым тазаланып, саат 17:00дө унаа жол толук ачылган.

Кара-Кулжа району, 2021-жылдын 30-март күнү саат 23:30да Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50м3 таш түшүп, унаа жол жабылган.

Жабыркагандар жок.

№26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

 31-март күнү тартылган техникалардын жардамында саат 10:20да унаа жол бир тараптуу ачылган. Унаа жолго сүрүлүп түшкөн таштардын көлөмү чоң болгондуктан техниканын күчү жеткен эмес.

4-апрель күнү №26 ЖТИ жана ЖЧК “Максат М-ЮГ” тарабынан таштарды жардыруу иштери жүргүзүлүп, тартылган техникалардын жардамында унаа жол толук тазаланып ачылган.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат саат 10:26да КР Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жоК
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында-3, Ош шаарында-1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда-2 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

                  

Берилген ствол

ГТКК

 

 
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11  
Бишкек шаары
1.                3-ӨКБ

1 б

1 21:43 21:46 жеткенге чейин 22:25   Свердлов району, Фрунзе көчөсү, Көп кабаттуу үйдүн жанында “Range Rover”  үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.  
2.                3-ӨКБ

1 б

1 01:04 01:06 01:09 01:19 01:42   Свердлов району, Т.Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнун кесилишинде кароосуз калган павильондун 5 чарчы метр шыбы жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
3.                3-ӨКБ

1 б

1 06:35 06:46 жеткенге чейин 07:26   Свердлов району, Логвиненко көчөсү, Турак үйдүн 1 чарчы метр мордун тегереги тутөгөн. Өрттун себеби: электр жабдууларын кароодо эреженин бузулушу.  
Ош шаары  
4.                12-ӨКБ

1 б

1 б

13-ӨКБ

1 б

ЫНК

 

1 02:44

 

02:56

02:52

 

02:52

02:50

 

03:00

03:00

 

03:00

03:28 05:20 05:43

 

05:10

05:08

 

05:08

  Моминов көчөсү, Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, 31 чарчы метр жыгач шыбы, 2 эшик жана 3 терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 4ствБ  
Чүй облусу  
5.                7-ӨКБ

1 б

1 20:55 21:06 21:20 21:43 22:05   Аламүдүн району, Алтын-Ордо конушу, Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ  
6.                27-ӨКБ

1 б

1 21:29 21:38 21:53 23:23 23:45   Ысык-Ата району, Киргшелк айылы, Дзержинский көчөсү, Турак үйдүн 64 чарчы метр темир чатыры жана аянты 24 чарчы метр гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
7.                4-ӨКБ

1 б

1 01:02 01:05 01:25 02:05 02:25   Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Комсомол көчөсү, Жыгач устундуу темир жабылган кароосуз калган имараттын 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
8.                23-ӨКБ

1 б

1 05:54 05:57 06:01 06:17 06:55   Сокулук району, Шопоков шаары, К.Маркс жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилшинде “Honda Accord” үлгүсүндөгү автоунаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
Ош облусу  
9.                68-ӨКБ

1 б

1 23:31   жеткенге чейин 23:52   Алай району, Гүлчө айыл аймагы, Гүлчө айылы, Алымбек Датка көчөсү, “Чолпон” кафесинин электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  
10.           103-ӨКБ

1 б

53-ӨКБ

1 б

1 05:41

 

06:09

05:55

 

06:29

07:05       Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски Покровка айылы, Сайпидинов көчөсү, Турак үй күйүп, учурда толук өчүрүү иш-чаралары журүп жатат.    
Ысык-Көл облусу  
11.           33-ӨКБ

1 б

1 10:32 10:41 10:50 11:30 11:35   Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Мүрзөнүн аймагында 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
12.           36-ӨКБ

1 б

1 14:44 14:50 15:00 15:40 16:05   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Красно-Восточный көчөсү, Бастырманын жыгач устундары жана 1,5 куб.метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
13.           31-ӨКБ

1 б

1 17:13 17:38 18:00 18:18 18:37   Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы “Радуга” пансионатынын аймагында коттедждин 8 чарчы метр ички жасалгасы, эшик, электр зымдары жана суу ысытуучу бойлер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
Талас облусу
14.           93-ӨКБ

1 б

1 14:41 15:07 15:30 15:59 16:33   Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы, Манас көчөсү, Ачык аянтта 60 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ  
Нарын облусу  
15.           16-ӨКБ

1 б

1 02:35 03:12 03:20 05:20 06:46   Нарын району, Жан-Булак айылы, Осмоналиев көчөсү, Аянты 234 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттун себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2ствБ  
Жалал-Абад облусу
16.           20-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:30

 

17:40

17:36

 

17:46

17:49 18:20 18:37

 

18:48

  Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Таш-Булак айылы, А.Чоңатаев көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 52 чарчы метр чатыры жана 20 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ  
17.           65-ӨКБ

1 б

1 18:24 18:38 жеткенге чейин 19:02  

Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Ырыс айылы, Примберди Ажы көчөсү, Турак үйдө электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Ош облусунда 1 адамды издөө иши).

Бишкек шаары

Октябрь району,  КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 4-апрель күнү саат 22:38 чамасында Алтын-Ордо калктуу конушунун 4-көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен.

4 куткаруучу тартылган.

Ош облусу

 Алай району, Белекбаев айыл аймагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.4-апрель күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок.

5-апрель күнү улантылат.

КР ӨКМ Пресс-борбору

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here