КР ӨКМ: КОПТУУ ЖЕРЛЕРДЕ ЖАШАГАН ЖАРАНДАРГА КАМКОРДУК

0
28 просмотров
05.04.2021
ӨКМде өткөрүлгөн аппараттык кенешмеде жаз мезгилинде катталуучу жаратылыш кырсыктары: жер көчкү, сел тууралуу маалыматтар айтылды. Аппараттык кеңешме ӨК министри Б.Ажикеевдин катышуусунда өткөрүлдү. Ага борбордук аппараттын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана бардык түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Министрге сел жана суу ташкындарынын алдын алуу багытындагы аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жер көчкү кооптуулугу сакталып жаткан аймактардагы жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүү тууралуу кеп болду.
Б.Ажикеевдин берген тапшырмасынын негизинде Министрликтин башкармалыктары тарабынан ыкчам штаб түзүлүп жеринде иш алып барууда. Бүгүнкү күндө ӨКМде атайын техникалар менен кырсыктын кесепетин жоюу, алдын алуу багытындагы иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Министр Б.Ажикеев облустук башкармалыктардын башчыларына Алдын алуу жумуштарын толугу менен аткаруусун жана кооптуу делген аймактарды изилдеп чыгуусун тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here