2021-жылдын 6-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
131 просмотров

Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын темпратурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-(Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 71-75-(Чапчыма ашуусу), 200-215-(Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  5-апрель күнү №02-34/249-Т жана №02-34/250-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 6-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.                          

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 5-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда  күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 6-апрель күнү саат 07:00дө «Сосновка» жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында-1, Чүй облусу-2, Ош шаарында-2, Ош облусу-1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда-1, Баткен облусунда-1 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

                  

Берилген ствол

ГТКК

 

 
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11  

Бишкек шаары

1.              6- ӨКБ

1 б

1 21:04 21:11 21:17   Ленин району, Дэн-Сяопин көчөсүндө Камаз үлгүсүндөгү автоунаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталган жок  
2.              8-ӨКБ

1 б

1 05:03 05:30 05:58 07:06 08:10   Биринчи Май району, Мурас-Ордо конушу, Жыгач устундуу темир жабылган аянты 140 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ  

Ош шаары

 
3.              85-ӨКБ

1 б

 

1 12:58 13:00 Жеткенге чейин 13:46   Шакиров көчөсү, “Береке” кафесинин ашканасынын моору күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.  
4.              85-ӨКБ

1 б

1 19:57 20:00 20:05 20:10 20:51   Ташкент көчөсү, Турак үйдүн моору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда Кол каражат  

Чүй облусу

 
5.              2-ӨКБ

1 б

1 12:59 13:04 13:15 13:45 14:02   Панфилов району, Кайынды шаары, Горький көчөсү, Жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын  12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
6.              6-ӨКБ

1 б

1 23:33 23:42 23:59 00:35 00:55   Сокулук району, Новопавловка айылы, Фрунзе көчөсү, Жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү 1ствБ  

Ош облусу

 
7.              25-ӨКБ

1 б

1 14:01 14:12 14:30 14:55 15:13   Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Нариман көчөсү, Турак үйдүн 16 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  

Нарын облусу

 
8.              47-ӨКБ

1 б

1 13:05 13:12 13:15 14:20 15:09   Ак-Талаа району, Баетов айыл аймагы, Кайын-Булак айылы, Жусубалиев көчөсү, Бастырманын ичинде 50 түк чөп күйгөн.

Өрттүн себеби: балдардын от менен ойногон шоктугу.

1ствБ  

Баткен облусу

 
9.              62-ӨКБ

1 б

1 17:04 17:14 17:19 17:33 18:15   Кызыл-Кыя шаары, Алымкулов көчөсү Турак үйдүн ичинде буюмдар күйгөн. Өрттун себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ  

Ыссык-Көл облусу

 
10.         19-ӨКБ

1 б

1 б

1

 

 

04:17

 

04:43

04:38

 

05:04

06:35 07:30 08:29   Тоң району, Көк-Мойнок айылы, Мамбетбай көчөсү №17. Аянты 159 чарчы метр болгон турак үй жана гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ  

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон

(Бишкек шаарында 2 эшик ачуу, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Ош облусунда 1 адамды издөө иши, Чүй облусунда 3, турак үйдө каптаган сууну тазалоо жана Бишкек-Ош унаа жолунда тыгылып калган унааларды чыгаруу, Жалал-Абад облусунда 1 эшик ачуу, Ысык-Көл облусунда 1 эшик ачуу).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы

Убактысы

Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 11:13 11:36 12:51   Биринчи Май району, Жааган жамгырдын кесепетинен К. Баялинов көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосун суу каптаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууну сордуруп беришкен
2 2 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 20:13 20:18 20:15   Биринчи Май району, Куткаруучулар И. Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышып, бирок барган кезде милиция кызматкери ачууга уруксат берген эмес. 4 куткаруучу тартылган.

Ош шаары

3 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 15:53 15:58 06:55   Куткаруучулар У.Салиева көчөсүндө жайгашкан үйдүн лифтинде электр жарыгы өчүп ичинде 1962-жылы туулган эркек киши бекилип калган. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылып эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

4 1 КР ӨКМнин

№23 ӨКБ

08:05 08:25 14:10   Сокулук району, Новопавловка айылынын М.Фрунзе көчөсүндө турак үйүнүн короосун жана көчөнү суу каптаган. Жерине 4 куткаруучу, Ассенизатор (суу сордуруучу техника) тартылып, сууну сордуруп беришкен.
5 2 КР ӨКМнин

КДМБ

14:25 14:35 16:31   Жайыл району, Бишкек-Ош унаа жолунун 126-127-128-чакырым аралыктарында (Төө-Ашуу ашуусу) 4 оор жүк ташуучу унаалары (Volvо, DAF, MAN, DAF)  жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин КДМБнын Урал унаасы менен 2 куткаруучу тартылып, унааларды сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.
6 3 КР ӨКМнин

КДМБ

ТККК №6 ӨМТККВ

 

 

17:10

 

 

17:15

 

 

19:00

Жайыл району, Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымда Көлбаев туннелдин ичинде (Төө-Ашуу ашуусу) DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы бузулуп туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин КДМБнын Урал унаасы менен 2 куткаруучу жана ТКККнын №6 ӨМТККВдан 3 куткаруучу тартылып, унааны сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.

Жалал-Абад облусу

7 1 КР ӨКМнин

№58 ӨКБ

15:13 15:22 16:12   Жалал-Абад шаары, Куткаруучулар Шевченко көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Ысык-Көл облусу

8 1 КР ӨКМнин

№15 ӨКБ

21:25 21:29 21:19   Каракол шаары, Куткаруучулар Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Ош облусу

9 1 КР ӨКМ

№68 ӨКБ,

РӨКО

 

08:40

 

08:30

 

 

08:55

 

09:00

20:00

 

 

 

Алай району, 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Алай райондук №68 ӨКБдан 10, РӨКОдон 20, жалпы 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

 6-апрель күнү улантылат.

 

КР ӨКМ Пресс-борбору

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here