2021-жылдын 8-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
117 просмотров

  Шашылыш билдирүү

2021-жылдын 8-апрелинен 9-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын темпратурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-(Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 71-75-(Чапчыма ашуусу), 200-215-(Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98-чакырымдары, 110, 136-150-жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын  5-апрель күнү №02-34/250-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

8-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.  

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 7-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда  күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2021-жылдын 8-апрель күнү саат 07:00дө «Сосновка» жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган (Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

 
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11  

Чүй облусу

1.                21-ӨКБ

1 б

1 б

1 б

1 10:36

 

10:49

10:55

10:47

 

11:00

11:06

11:34 12:53 13:20

 

12:12

12:27

 

Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү Жыгач устундуу темир жабылган “Күн-Чыгыш” азык-түлүк дүкөнүнүн 450 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

3ствБ  

Ысык-Көл облусу

 
2.                31-ӨКБ

1 б

1 13:50 13:56 14:05 14:20 14:40  

Ысык-Көл району, Бактуу-Долоноту айылы, Иманалиев көчөсү, Суугат тутум башкармалыгынын аймагында көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ  
3.                15-ӨКБ

1 б

1 17:41 17:48 17:54 18:01 19:25  

Каракол шаары, Мамлекеттик тегирмен тилкесинде ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ  
4.                36-ӨКБ

1 б

1 19:51 21:05 21:20 22:00 23:25  

Жети-Өгүз району, Саруу айыл аймагы Туберкулез санаториясынын аймагында 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

кол каражат

 
5.                15-ӨКБ

1 б

1 01:34 01:40 жеткенге чейин 02:33  

Каракол шаары, Москва көчөсү Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таштанды түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

Ош облусу

 
6.                53-ӨКБ

1 б

1 12:49 12:56 13:04 13:18 14:16  

Өзгөн району, Өзгөн шаары, Хамза көчөсү Турак үйдүн 16 чарчы метри жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ  
7.                13-ӨКБ

1 б

1 б

ЫНК

1 15:15

 

15:23

15:23

15:22

 

15:31

15:35 16:41 16:55

 

16:28

 

Кара-Суу району. Нариман айыл аймагынын Жийделик айылы, Д.Султанов көчөсү Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн тургуну 1969-жылы туулган аял киши 2-даражадагы күйүк алып Ош облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор. Өрттүн себеби такталууда.

3ствБ  

Жалал-Абад облусу

 
8.                65-ӨКБ

1 б

1 01:42 01:49 01:52 02:33 02:44  

Сузак району, Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Пахтабат көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 36 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ  

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1  эшик ачуу, Ош облусунда 1 адамды издөө иши).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМ

Бишкек шаардык Куткаруу кызматы

21:35 21:46 22:11  

Ленин району, Куткаруучулар Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышкан, бирок куткаруучулар жеткенде үйдүн ээси эшикти өзү ачып алган. 5 куткаруучу тартылган.

 

Ош облусу

2 1 КР ӨКМ

№68 ӨКБ

 

08:00

 

 

08:15

 

 

19:00

 

 

 

Алай району, 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагынын Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала дайынсыз жоголгон.  7-апрель күнү  издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, КР ИИМнен 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам, КР ӨКМнин ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылып, саат 16:30да издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болго эмес. 8-апрель күнү издөө иштери улантылат.

 

 

 КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here