2021-жылдын 27-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
57 просмотров
  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

II.I. Чүй облусу

II.I.I. Жайыл районунда 2021-жылдын 26-май күнү саат 08:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) “Тойота Камри” менен “МАН” оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен “Тойота Камри” унаасында 5 адам (2 эркек: 1996-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 2 аял киши: 1963-жылы туулган, 1976-жылы туулган, 1 жаш бала: 2009-жылы туулган) каза болгон.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин КДМБнын 154-чакырымында турган нөөмөт тобунан 5 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери тартылган.

26-май күнү тартылган куткаруучулар каза болгон адамдарды унаадан  чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

2021-жылдын 27-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.      

Чүй облусу

         Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагында 2021-жылдын 26-май күнү саат 17:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Туюк жайлоосунда сел жүрүп ички чарбалык унаа жолду ылай таштарга толтурган. Унаа жолу жабылып, 6 унаа өтө албай калган, жабыркагандар жок.

         Жерине КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 куткаруучу, Сын-Таш а/а 1 трактор жана 1 жүктөгүч тартылды.

         26-май күнү тартылган техникаладын жана күчтөрдүн жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 20:40та толук бүткөрүлгөн.

Жалал-Абад облусу

Майлуу-Суу шаарында 2021-жылдын 26-май күнү саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ленин көчөсүндө арыкка суу батпай ашып, 2 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду суу каптаган.       Жерине КР ӨКМнин Майлуу-Суу шаардык ӨКБдан ыкчам топ, суу чарба башкармалыгынан 4 кызматкер, 1 жүктөгүч, жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 5 кызматкер, 1 жүктөгүч тартылды.

26-май күнү жеринде тазалоо иш-чарлары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иш-чаралары саат 20:30да убактылуу токтотулду. 27-май күнү иш-чаралар улантылат.

Ош облусу

         Кара-Суу районунда 2021-жылдын 26-май күнү саат 13:30 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 44-чакырымында (Бек-Жар айылы) 1700 м3 таш аралаш шагыл жолго түшүп, жол жабылган эмес. Жабыркагандар жок.

         Тазалоо иштерине №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.

         26-май күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 20:00дө толук бүткөрүлгөн.

         Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагында 2021-жылдын 11-май күнү саат 05:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаны-Монол” жана “Эски Монол” каналдарынан ашып, Сары-Булак айылында 129 үйдүн, Кара-Кочкор айылында 15 үйдүн жана Ак-Кыя айылында 15 үйдүн, жалпы 159 турак үйлөрдүн короо-жайларын жана жогорудагы айылдардын ички чарбалык унаа жолдорун каптап, “Эски Монол”  каналдын айыл ичинде 3500метр аралыгы, ошондой эле Сары-Булак, Нура жана Атакул сел өткөрүүчү каналдарынын 1750метр аралыгы сел калдыктарына толгон. Жабыркагандар жок.

21-май күнү Нура, Атакул жана Сары-Булак ички чарбалык сел өткөрүүчү каналдары жана  “Жаны-Монол” каналы жана турак үйлөрдүн короолору толук тазаланып бүткөн.

26-май күнү Сары-Булак айылында 250метр ички чарбалык унаа жол тазаланган. Жалпы бүгүнкү күнгө чейин 1500 метр тазаланган. 27-май күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.

Баткен облусу

Лейлек районунда 2021-жылдын 25-май күнү саат 16:20 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Исфана шаарында №13 ЖТИге тиешелүү унаа жолдордун кээ бир жерлерин кум-шагылдарга толтурган. Моголтажикент тилкесинде сел тосмонун 30 метр аралыгын, 30метр түтүкчө, Голбо айылында сайдын 300метр аралыгын, Исфанасай тилкесинде сел тосмосун бузуп кеткен. Тогуз-Булак, Ак-Суу айыл аймагынын ички чарбалык унаа жолдордун кээ бир жерлерине кум шагылдарга толтурган. Катраң, Сумбула, айыл аймагындарында сел өтүүчү каналдардын жээктерин бузган. Катраң айылында 2 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.

Жерине КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨКБдан ыкчам топ, Тогуз-Булак а/а, 1 жүктөгүч, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, Исфана шаардык мэриядан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылды.

26-май күнү тартылган техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.   

Талас облусу

         Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагында 2021-жылдын 25-май күнү саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Мадыбек, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Түйтө айылында жайгашкан 4 турак үйдүн ичин, 42 турак үйдүн короосун, 1 ФАПтын короосун, 43,3га айдоо жерлерди суу каптаган. Калинин жана Түйтө  каналдары кум шагылга толгон жана 10 даана суу курулма жана 4 даана көпүрө жабыркаган.

Талас районунун Бердике-Баатыр айыл аймагында жалпы 200га айдоо жерлерди суу каптап, 5,5 чакырым ички чарбалык суу каналдарга жана 17 чакырым ички чарбалык унаа жолдорго кум-шагылдар толгон.

         Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, Райондук ӨКБдан ыкчам топ, Шадыкан а/а 15 кызматкер, №47 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 трал, 4 кызматкер, медицина кызматынан 1 ассенизатор КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынан 1-мотопомпа, Талас шаардык Суу чарба башкармалыгнан 1 ассенизатор тартылды.

26-май күнү тартылган техникалардын жардамында турак үйлөрдүн короо-жайларын, унаа жолдорду,  каналдарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү.

27-май күнү иш-чаралар улантылат.

          Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында 2021-жылдын 26-май күнү саат 17:45 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Ой айылынын түштүк тарабында жайгашкан Таш-Дөбө тикесинде сел жүрүп, картошка айдалган 50 сотых жерди суу каптаган.

         26-май күнү тартылган ыкчам топ, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 27-май күнү тактоо иш-чаралары улантылат. 

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 2,  Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                  4-ӨКБ

1 б

1 16:25 16:34 16:43 17:07 17:44   Ленин району, 2-Линия көчөсү №15. турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач полу, жумшак керебет жана жууркан-төшөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.                  15-ӨКБ

1 б

1 17:45 17:54

(20:45)

21:04 21:20 21:50   Москва району, Беловодский айылы, таштанды таштоочу жайда  1 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                  15-ӨКБ

1 б

1 18:05 18:28 18:40 19:25 20:45   Москва району, Александровка айылы, Восточный көчөсү №30, жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 16 чарчы метр чатыры жана 3 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                  1-ӨКБ

1 б

1 21:01 21:40 21:59 22:12 23:00   Аламүдүн району, Виноградный айылы, Ломоносов көчөсү №18, жалпы аянты 20 чарчы метр болгон сарай жана 2 м3 отун толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                  27-ӨКБ

1 б

1 22:04 22:15 22:21 22:33 23:15   Ысык-Ата району, Новопакровка айылы, Ленин көчөсү №14а, ачык аянтта 15 чарчы метр куураган чөп жана чырпыктар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6.                  76-ӨКБ

1 б

1 10:32 10:56 11:05 11:25 12:48   Кадамжай району, Халмион айыл аймагы, Гүлдүрмө айылы, ачык аянтта 37 сотык куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                  26-ӨКБ

1 б

1 03:17 03:30 03:35 03:47 04:10   Баткен шаары, Булак-Башы кварталы, Жибек-Жолу көчөсү, ачык аянтта 15 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 3 эшик ачуу,  Чүй облусунда 2 унаа кырсыгы, 1 жыланды кармоо, 1 бактарды кыюу , Ысык-Көл облусунда 1 эшик ачуу, Жалал-Абад облусунда 2 издөө иши):

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 26-май күнү саат 08:53тө КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Скрябин көчөсүндө жайгашкан №19 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда 26-май күнү саат 10:31де  КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №29 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда 26-май күнү саат 22:45те КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чыгыш 5 кичи районунда жайгашкан №9/2 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 26-май күнү саат  14:45те КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучуларга Беш-Күнгөй айылынын Большевик көчөсүндө жайгашкан үйдүн ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жыланды издеп табышып, ачык аянтка кое беришкен.

Ысык-Ата районунда 26-май күнү саат 17:43тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 24 жана 38-чакырымдарында шамалдын кесепетинен жолдун четине бактар кулаган. Жерине  КР ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучу тартылып, бактарды кыйып, жолдон алып коюшкан.

Жайыл районунда 26-май күнү саат 22:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымда “Көлбаев” тоннелдин ичинде (Төө-Ашуу ашуусу) Камаз үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бузулуп калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган  КР ӨКМнин 3 куткаруучу тартылып, Төө-Ашуудагы жүктөгүч менен сүйрөтүп чыгарып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл районунда 26-май күнү саат 11:11де КР ӨКМнин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Булан-Сөгөтү айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 24 май күнү Жаңы-Жол айыл аймагындагы Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган эркек бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

26-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнин РӨКОнун 10 куткаруучу, Аксы райондук №70 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, Желе-Терек тилкесинен Түрдүк айылына чейин болжол менен жалпы 27 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлгөн.

27-май күнү иш-чаралар улантылат.

Кара-Көл шаарынын Кара-Суу дарыясында адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн жанында белгисиз аялдын кийимдери табылып, 1967-жылы туулган аялга таандык экени аныкталган.

26-май күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 16 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер,  жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, суунун жээгинде 52 чакырым аралыгында издөө иштерин жүргүзүшкөн.

 27-май күнү улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here