2021-жылдын 13-июль саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
145 просмотров

Шашылыш билдирүү!!!

2021-жылдын 13-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 9-июль күнү №02-34/500-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

II.I. Жалал-Абад облусу

II.I.I. Аксы районунун ЖаңыЖол айыл аймагында 2021-жылдын 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган. Жайлоого баруучу ички чарбалык жолду каптаган жана көпүрөлөрдү агызган. Таштак айылында 2016-жылы туулган  К. А. атуу баланы агызган.

Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрөлөрдү бузган. Мындан сырткары 7 адамды (1958-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган  Ш.Б.Т., 2009-жылы туулган  Ш.А.А., 2014-жылы туулган  Ш.А.А., 2005-жылы туулган  Т.П.Н., 2009-жылы туулган О.Н.О., 2018-жылы туулган  Т.Ф.Н.) суу агызып кеткен. Сел суулары жалпы 8 адамды агызган. Анын ичинен 6 адамдын жансыз денелери табылып, 2 адам (2018-жылы туулган Т.Ф.Н. менен 2016-ж.т.  К. А.) табыла элек.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин ӨКМЖжБДнын эгзогендик кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Аксы району боюнча ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 1 офицер, Аксы райондук №70 ӨКБдан 3 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнунн №2 ӨИКОдон 20 куткруучу,  РИИБден 17 кызматкер, Ак-Жол айыл аймагынан 60 адам, Жаңы-Жол айыл аймагынан 4 адам. Аксы райондук ЖК кызматтарынан 5 адам, Ак-Жол а/а, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 Газ-66 тартылды.

12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 6 адамдын жансыз денелери табылган. Калган 2 адамды изделүүдө. Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

2021-жылдын 13-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, -күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 29…34°, Талас өрөөнүндө 27…32°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 28…33°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Жумгал районунун Кабак айыл аймагында  2021-жылдын  12-июль күнү саат 22:30 чамасында катуу жааган жандын кесепетинен кокту колоттон сел жүрүп Сары-Булуң айылында 5 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган. Табылгытты, Кызыл-Коргон айылдарында сел өтүүчү каналдан өткөн, турак үйлөргө зыян келген эмес.

Тазалоо иштерине Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана Жумгал райондук №43 ӨКБдан 6 куткаруучу,№24 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылды.

12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Арал-Миң-Куш унаа жолун тазалаган. Турак үйлөрдү тазалоо турак үйлөрдүн ээлерине милдеттендирилген.

Ош облусу

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 2021-жылдын 12-июль күнү саат 18:35 чамасында кыска мөөнөттө катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Миң-Жылкы сайынын суусунун деңгээли көтөрүлүп  Культцентр-Кичи-Алай ички чарбалык унаа жолунун болжол менен 4-10-чакырымында унаа жолун суу каптаган. Учурда жол жабык. Унаа жолду тазалоо иш-чаралары 13-июль күнү жүргүзүлөт.

Ош шаары

 2021-жылдын 12-июль күнү Туран кичи районунун Обзорная көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан турак үйдүн тамарка суу түтүкчөсүнөн тымбай суу агып, тамарка жер тилкесинин аягынан ылдыйыш жеринен жер көчкү түшүп, Цветочная көчөсүн жаап калган.

Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана Мэриядан 1 Камаз тартылды.

12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, жолду толук тазалап буткөрүлгөн.  

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 2021-жылдын 12-июль күнү саат 14:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 150-чакырымын суу каптаган.

Тазалоо иштерине №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 кран жана Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылды.

12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында сел аккан арыктардын нугун бурушуп, жолдогу сел калдыктарын тазалашып, жумуш толук аяктаган.

Баткен облусу

Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2021-жылдын 12-июль күнү саат 15:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кыштут айыл аймагынын Газ айылында 2 турак үйдүн короосун, Согмент айылынын Жаңы-Коргон тилкесинде ички чарбалык унаа жолду сел суулары каптаган жана Кара-Булак айылынын Алмалы эс-алуу зонасынан Алтын-Бешик балдар лагерине баруучу жолду тоо кырларынан түшкөн сел суулары ички чарбалык жолду жана 1 көпүрөнү бузуп кум шагылга  толтурган.

12-июль күнү 2 турак үйдүн короолору жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланган. Тазалоо иш-чаралары 13-июль күнү улантылат.

2021-жылдын 6-июль күнү саат 16:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, Согмент айылында 12 турак үйгө кооптуу абал жаралып, 2 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келип, сугат суу келүүчү арыктын 200 м аралыгы кум шагылга толгон. Газ айылында 18 турак үйдүн короолорун анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 1,5 чакырым ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ошондой эле Күтөң-Булак булагын сел суулары каптап, 1400 м аралыкта сел жүрүүчү сайдын нугу кум шагылга толгон. Сай боюнда жайгашкан 47 турак үйгө кооптуу абал жаралып, анын ичинен 6 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп убактылуу коопсуз жайга көчүрүү маселеси жергиликтүү бийликке сунушталган. Сел жүрүүчү сайга курулган 2 даана ички чарбалык темир бетон шакекче көпүрөлөрдү сел агызып кеткен.

Кара-Булак айыл аймагындагы Алмалы эс-алуу жайынын Алтын-Бешик балдар лагерине баруучу жол кум шагылга толуп, 1 көпүрө бузулган.

2021-жылдын 6-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен жана түзүлгөн кырдаалдын кесепетин тактоо, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында  Баткен РМАнын башчысы-акимдин 2021-ж. 7-июль күнү №202 буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Тазалоо иштерине Дара а/а  1 жүктөгүч, Суу-Башы а/а  1 жүктөгүч, Аксай а/а  1 жүктөгүч, 5 жеке менчик Камаз, 1 экскаватор тартылды.

         8-июль күнү Согмент айылында сугат суу келүүчү арыктын 200 м аралыгы кум шагылдан толук тазаланган. Газ айылында 1,5 чакырым ички чарбалык жол толук тазаланып, Күтөң-Булак булагы кум-шагылдан тазаланып калкка суу берилген. Кара-Булак а/а селдин кесепеттери толук жоюлган. Газ айылында 7 турак үйдүн короосу, 6 турак үйдүн жер төлөөсү сел калдыктарынан тазаланып бүткөн.

         9-июль күнү Газ айылында 300м ички чарбалык жолдор, 130м Ириши тилкесинде ички чарбалык жолдор толук тазаланып бүткөрүлдү. Көтөрмө тилкесинде ички чарбалык арыктардын 50м жери кум шагалдан тазаланып бүткөрүлдү. Жайытка кетүүчү унаа жол толук тазаланып бүткөрүлгөн. 10-июль күнү иш-чаралар улантылат.

         10-июль күнү Газ айылынын Күртөң тилкесинде 1500м ички чарбалык жолдун 520м аралыгы, Ийрилиш тилкесинде 400м ички чарбалык жолдун 370м аралыгы тазаланган. Сай-Маала тилкесинде сел өтүүчү сайдын  100м жери тазаланган.

         11-июль күнү Газ айылынын Күртөң тилкесинде 1500м ички чарбалык жолдун 700м аралыгы тазаланган. Тартылган күч каражаттар Газ айылында иш алып баргандыгына байланыштуу Согмент айылында иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. 12-июль күнү иш-чаралар улантылат.

         Мындан сырткары КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынан 2000 литр дизелдик күйүүчү май жана Газ, Согмент айылдарында кооптуу абал жаралган турак үйлөрдүн жашоочуларын убактылуу көчүрүү үчүн 10 орундуу 9 даана чатыр бөлүнүп берилген.

         12-июль күнү  Күртөң тилкесиндеги 1500м ички чарбалык жолдун 850м жери тазаланган. Сай-Маала тилкесиндеги сайдын 100м жери тазаланган. 13-июль күнү иш-чаралар улантылат.

         Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 2021-жылдын 6-июль күнү саат 17:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Охна сайында сел жүрүп, Охна сайынын 7500 м жээктеринин кээ бир жерлерин сел бузган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинен 2 бульдозер, Орозбеков айыл аймактан 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

11-июль күнү Охна сайынын 7500 м аралыгынан 530 м аралыгы тазаланган. Ал эми башка жерлердеги селдин кесепеттери толук жоюлган.

12-июль күнү Охна сайынын 7500 м аралыгынан 595 м аралыгы тазаланган. 13-июль күнү жумуш улантылат.

Чүй облусу

Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 5, Ош шаары 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                  5-ӨКБ

1 б

1 18:49 19:16 19:27 19:36 20:10   Октябрь району, Ахунбаев көчөсү, Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында 500 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                  5-ӨКБ

1 б

1 20:40 20:55 жеткенге чейин 21:29   Октябрь району, Ахунбаев көчөсү, Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.                  3-ӨКБ

1 б

1 21:22 21:29 21:43 22:23 22:53   Свердлов району, Жибек-Жолу проспекти, жалпы аянты 60  чарчы метр  болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
4.                  7-ӨКБ

1 б

1 21:57 22:10 22:28 22:45 23:13   Октябрь району, Тунгуч кичи району, көп кабаттуу турак үйдүн 61-батиринин терезе пардасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

каражат

5.                  5-ӨКБ

1 б

1 22:17 22:25 22:32 23:05 101 Октябрь району, 7-кичи району, №20 көп кабаттуу турак үйдүн жанында 10  чарчы метр куураган чөп жана 1 даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

6.                  109-ӨКБ

1 б

1 15:58 16:10 жеткенге чейин 17:30   Учар айылы, Лесной көчөсү, турак үйдүн электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.
7.                  13-АӨКБ

1 б

1 16:01 16:08 жеткенге чейин 16:55   А.Шакиров көчөсү, көп кабаттуу турак үйдүн батиринин 19  чарчы метр керме шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                  29-ӨКБ

1 б

1 16:27 16:42 16:54 18:15 18:44   Амир-Тимур кичи району, Обзорный көчөсү, ачык аянтта 18 чарчы метр болгон кароосуз калган вагон толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

9.                  2-ӨКБ

1 б

1 16:07 16:32 16:43 17:02 17:33   Панфилов району, Чалдовар айылына жакын талаада 1 га арпа жана буудай эгини күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.              21-ӨКБ

1 б

1 17:48 17:55 18:11 18:22 18:56   Токмок шаары, Борбордук “Булак” базарында жайгашкан “Айпери” дүкөнүнүн 20 чарчы метр ички жасалгасы жана азык-түлүктөрү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
11.              23-ӨКБ

1 б

1 17:49 жеткенге чейин 18:57   Сокулук району, Белек айылында ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
12.              23-ӨКБ

1 б

1 б

1 19:27

 

19:42

түзөтү19:48

19:50

20:08 20:20 20:36

 

20:16

  Сокулук району, Сокулук айылы, Каракачев көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 20  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

13.              78-ӨКБ

1 б

1 18:53 19:19 19:27 20:01 21:10   Базар-Коргон району, Акман айыл аймагы, Комплекс тилкесинде 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

14.              33-ӨКБ

1 б

1 20:13 20:19 20:22 20:25 21:50   Ысык-Көл району, Ананьева айылы, 8-Март көчөсү, турак үйдүн бөлмөсүндө газ плита жана 2  чарчы метр палас күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Талас облусу

15.              93-ӨКБ

1 б

1 22:36 22:46 23:03 23:25 00:01   Бакай-Ата району, Маданият айылы, Казак көчөсү, турак үйдүн коросунда 15  чарчы метр аянтта жыйылган чырпык отундар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Чүй облусунда 1 издөө иши, Ош облусунда 3 издөө иши, Ысык-Көл облусунда 1 издөө иши).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМинн Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 20:35 20:39 21:10   Свердлов районунда куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №29/а үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

 

Ысык-Көл облусу

2 1 КР ӨКМнин

№31 ӨКБ,

Суучулдар кызматы

16:34 16:45 18:45 101 Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы  көлгө 1990-жылы туулган К.Т. аттуу эркек бала чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Ош облусу

3 1 КР ӨКМнин

№25 ӨКБ

07:50 10:00 101 Кара-Суу районунда 6-июль күнү Кызыл-Суу айылынын тургуну 1967-жылы туулган М.С. аттуу киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес (психикалык оорулуу). Туугандары өз алдынча издешкенде, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган. Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин РӨКОдөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылды. тургундардан 10 адам тартылып,  9 чакырым аралыгын издешкен. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. 13-июль күнү иш-чаралар улантылат.  
4 2 КР ӨКМнин

№53 ӨКБ

РӨКО

 

08:25

07:30

 

09:10

09:10

 

10:30

11:00

  Өзгөн районунда 11-июль күнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган К. у Н. аттуу эркек бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында  8 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  
5 3 КР ӨКМнин

№25 ӨКБ

19:21 20:02 21:35 112 Кара-Суу районунун Кыдырша айылында Кыдырша каналына 2001-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылды.

13-июль күнү издөө иштерин улантылат.  

 

Чүй облусу

6 1 КР ӨКМнин

№23 ӨКБ

15:47 16:22 20:10   Сокулук районунда 12-июль күнү саат 15:30 чамасында Төш-Булак айылында Сокулук суусуна 1973-жылы туулган И.М. аял чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сокулук райондук №23 ӨКБдан  жалпы 8  куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here