КРдин ӨКМ министри Б.Ажикеев Аксыдагы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга көңүл айтып, кайрылуу жасады.

0
31 просмотров

Министр өзүнүн кайрылуусунда өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча министрлик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады;
«Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында жүргөн селдин кесепетинен улам каза тапкан 8 мекендешибиздин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алдым. Алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Өлкө жетекчили да бул маселени өз көзөмөлүнө алып, сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырып, калыбына келтирүү иштерине каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Учурда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары табият кырсыгында дайынсыз жоголгондорду табуу, кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө» — деди.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here