ЖАРЫЯ!

0
54 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат ордун элөөгө ачык сынак өткөрүү боюнча жарыяланат.

Инвестиция  тартуу жана  долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси «К-А» (1 бирдик) – Ош  шаары

Квалификациялык талаптары:

Билими: жогорку, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш, тоо иштери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо, экономика.

Иш стажы жана тажрыйбасы:  эмгек стажына талаптар коюлбайт.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдарын.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 «Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 «Ɵзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомдорун.

Кызматтык милдеттери:

  • Агенттиктин иш чараларын жүзөөгө ашырууну камсыздоо үчүн, стандарттык конкурстук иш кагаздарын даярдоодо, мамлекеттик сатып алууну кезектеги жылдарга пландаштырууда жана мамлекеттик сатып алууну өткөрүүдө катышат;
  • КР ӨКМнин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарда илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө, алдын ала эскертүү жана коргоочу иш чараларды ишке ашыруу үчүн, товарларды, жумуштарды жана тейлөө кызматын сатып алуу боюнча мамлекеттик буюртманы түзүүгө катышат;
  • фонддук жана архивдик материалдарды топтоону жана талдоону жүргүзөт.

Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси «К-А» (1 бирдик) – Ош  шаары

Квалификациялык талаптары:

Билими: жогорку,  багыты боюнча:  Курулуш,  геодезия, информатика жана компьютердик технология, тоо-кен өндүрүшү, геология.

Иш стажы жана тажрыйбасы:  эмгек стажына талаптар коюлбайт.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 «Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 «Ɵзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомдорун.

Кызматтык милдеттери:

— калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктардын техникалык абалы боюнча материалдарды талдайт, чогултат жана тутумдаштырат;

— калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарга ыкчам жана мерчемдик изилдөөнү жүргүзөт;

-калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктардын техникалык абалы боюнча бөлүмдүн жыйынтыктоочу тактамасын түзүүгө катышат.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4  4 даана;

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди кабыл алуу кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Байланыш телефондор: (03222) 7-01-45, (0559) 112 359

Конкурсту өткөрүү күнү жөнүндө кошумча кабар берилет.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here