2021-жылдын 30-июль  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
112 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 30-июлунан 31-июлуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 28-июль күнү №02-34/536-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 30-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган. 

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 30-июль күнү саат 05:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Оттук айылында турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Учурда жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Балыкчы шаарында 30-июль күнү Саат 05:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Учурда жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Баткен облусу

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.

Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой,   1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирген, 9 унааны сел басып калган.

  Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 8 техника (5 самосвал, 1 жүктөгүч, 2 экскаватор)  жергиликтүү бийликтен 4 техника (2 экскаватор, 2 самосвал), жеке менчик 4 техника (1 жүктөгүч, 2 экскаватор, 1 самосвал). Жалпы 16 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 113тамаркалар  (3046м3),  28760 метр жол (19920м3), 12750м арык, 3160м(8916м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын тамаркалар сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген.

КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

-Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

-Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

-Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. М.А. сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 63,7 га айдоо жер аянттарын (гүрүч, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой жана 2903 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Достук айылында жалпы 56 турак үйдүн короо жайларына, анын ичинен 12 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. 12 турак үйдүн ичинен 2 турак үй авариялык абалга келген. Мындан сырткары 30 га эгин талаасын (гүрүч, жүгөрү) каптаган.

Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Чаңгыр-Таш айылынын жалпы 390 турак үйгө тактоо иштери жүрзүлүп, анын ичинен 106 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. Анын ичинен 65 турак үй 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген. Ошону менен бирге 284 турак жайдын короо жайларына сел суулары каптап кеткен. Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө короодогу курулуштарына сел суулары кирген.  Ошондой эле 33,7 га эгин талаасын (күрүч, жүгөрү) каптаган.

Жерине КР ӨКМден 1 экскаватор, Кара-Дарыя а/а 7 камаз, 3 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Жалпы: 35 адам, 11 техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 жууркандар, 37 керебет берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КР Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана жууркан, 26 даана челек, 52 даана

Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200погона метр болсо, анын ичинен 5730погона метр 9120 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а, милдеттендирилди.

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук кызматы тарабынан жалпы 1013 турак жай (285 797 м2) залалсыздандырылган.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазалоо керек анын ичинен 1870м3 сел калдыгы тазаланган (374 рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 113 107 346 сом келтирилген.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:09да Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, алардын өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 6, Ош шаары 1, Ош облусунда 1,  Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                  3-ӨКБ

1 б

1 15:44 15:48 15:51 16:10 16:26   Свердлов району, Сүйүнбаев көчөсү, турак үйдүн короосунда 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                  5-ӨКБ

1 б

1 20:13 20:18 20:24 20:29 20:55   Биринчи Май району, Новооктябрь көчөсү, турак үйдүн короосунда 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                  5-ӨКБ

1 б

1 00:15 00:30 жеткенге чейин 00:53   Октябрь району, Каралаев көчөсү, ачык аянтта 40  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4.                  3-ӨКБ

1 б

1 01:15 01:17 01:34 02:04 02:15   Свердлов району, Чүй проспекти, “Азия-Суши” кафесинин 10 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                  4-ӨКБ

1 б

1 05:00 05:07 05:08 05:09 05:21   Ленин району, Жаш Гвардия бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 1  чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                  3-ӨКБ

1 б

1 05:19 05:33 05:44   Свердлов району, Васильев көчөсүндө бактан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
7.                  5-ӨКБ

1 б

1 05:42 жеткенге чейин 06:06   Октябрь району, Токомбаев көчөсү, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ош шаары

8.                  13-АӨКБ

1 б

1 22:00 22:06 22:12 22:18 22:56   Салиева көчөсү, көп кабаттуу турак үйдүн 42-батиринин 4  чарчы метр абойу, телевизор жана шкаф күйгөн. Өрттүн себеби: атайлап өрттөө. 1ствБ

1 зв.

ГДЗС

Чүй облусу

9.                  2-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:23

 

16:03

15:55

 

16:24

17:18 20:05 20:21

 

19:25

  Панфилов району, Күрпүлдөк айылы, Шерикбаев көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 100  чарчы метр чатыры жана 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
10.              21-ӨКБ

1 б

1 15:53 16:01 16:10 17:10 17:54   Токмок шаары, Трясин көчөсү, Токмок шаардык ИИМнин участкалык пунктунун аймагында 400  чарчы метр куураган чөп, 7 даана эски дөңгөлөк жана имараттын пластик терезеси күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.              27-ӨКБ

1 б

1 21:28 21:42 21:47 21:57 22:35   Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 23-чакырымында 10 чарчы метр куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.              22-ӨКБ

1 б

1 22:22 23:00 23:08 23:19 00:20   Жайыл району, Кара-Суу айылы, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

каражат

13.              2-ӨКБ

1 б

1 05:20 05:46 05:50 06:15 07:03   Панфилов району, Чалдовар айылы, Восток көчөсү, жалпы аянты 20  чарчы метр  болгон сарайда жыйылган эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.              2-ӨКБ

1 б

1 06:29 06:38 жеткенге чейин 07:03   Аламүдүн району, Алма-Ата көчөсү, турак үйдүн короосунда 1 даана төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ош облусу

15.              103-ӨКБ

1 б

1 02:17 02:22 02:41 02:46 02:54   Өзгөн району, Куршаб айылы, Гагарин көчөсүндө жайгашкан КТПУ-363 трансформаторунун электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

каражат

Ысык-Көл облусу

16.              15-ӨКБ

1 б

36-ӨКБ

1 б

1 14:30

 

15:10

15:45

 

15:55

16:10 17:00 18:01

 

18:01

  Жети-Өгүз району, Липенка айылы, Кой Сары тилкеси, ачык аянтта 2 га камыш жана куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
17.              15-ӨКБ

1 б

1 18:13 18:16 18:18 18:25 18:52   Каракол шаары, Москва көчөсүндө жайгашкан №3 Каракол шаардык жылуулук ишканасынын жыгачтан салынган 4 чарчы метр ажаатканасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

18.              94-ӨКБ

1 б

1 02:18 02:20 жеткенге чейин 02:55   Кара-Көл шаары, Бөкөнбаев көчөсү, сарайдын ичинде 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (1 жол кырсыгы, 2 суу кырсыгы):

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак

 

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

Чүй облусу

1 1 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ

12:35 13:20 15:00   Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында Ала-Арча  суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) табылган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  
2 1 КР ӨКМнин

№23 ӨКБ

17:47 18:25 19:40   Сокулук районунун Шалта айылында каналга (быстроток) 2006-жылы туулган Э. уулу М. аттуу бала сууга агып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.    

Ош облусу

3 1 КР ӨКМнин

№68 ӨКБ

13:10 13:30 14:58 112 Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек (1970-ж.т. А.К.), 1 аял киши (1971-ж.т. Т.О.) каза болгон. Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Жалал-Абад облусу

4 1 КР ӨКМнин

№58 ӨКБ

17:56 18:06 18:51 101 Жалал-Абад шаарында куткаруучулар Балтагулов көчөсүндө жайгашкан №62 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here