Ысык-Көл: КР ӨКМ министри селден жабыркагандардын маселеси менен жеринде таанышууда

0
51 просмотров

  

КРдин ӨКМ министри Бообек Ажикеев учурда Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарында селдин кесепеттерин көзөмөлдөп жеринде таанышууда. 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам Ысык-Көл облусунда сел жүрдү. Селдин кесепетинен улам турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Министре бардык аймактарды кыдырып селден катуу жабыркаган Өттүк айылында да болду. Ажикеев  жабыркаган үйлөрдү карап чыгып, жер төлөлөрдөн сууну сордурууну тез арада уюштурууну тапшырды. Мындан тышкары, бир үй жараксыз абалга келген, буга байланыштуу бул үй -бүлө үчүн мобилдүү үйдү жеткирүүнү тапшырды.

      Алдын ала маалыматтар боюнча аталган аймакта 65тен ашык короолорду суу каптап кеткен, анын 20сы жер төлөлөр

     Учурда Мамлекеттик Коргоо Комитетинин комиссиясы келтирилген зыянды эсептөө боюнча жеринде иштеп жатат. Б.Ажикеев ошондой эле жер төлөлөрдөн суу сордуруу үчүн мотопомпаларды тез арада мобилизациялоону тапшырды . Калктуу конушту коргоо максатында, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук, Айыл өкмөтү, Чыгышэлектр, жол кызматкерлери катышуусу менен көчмө жыйын өткөрүлдү. Министр ошондой эле Селводзащитага айылды коргоо боюнча долбоор даярдоону тапшырды. Балыкчы-Каракол Жол участогунда тазалоо иштери жрп жатат. Учурда кеспеттин чыгымдары эсептелип жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here