2021-жылдын 2-августу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
99 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 2-августунан 4-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 1-август күнү тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 2-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

         Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

     Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган. 

Ысык-Көл облсусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

         Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 342 турак жайдын короолору анын ичинен 67 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: Улахол айыл аймагынан 1 самосвал, 1 жүктөгүч, Көк-Мойнок айыл аймагынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 экскаватор, №35 ЖТИден 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, 6 ХОВО, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, жеке менчик 1 жүктөгүч, а/йыл аймагынан 1 трактор, Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынан 2 камаз, 2 кран, 2 экскаватор, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, жалпы 27 техника тартылды.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 19 турак үй, 19 тамарка участка, электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тоң районунун Улахол айыл аймагында 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 34-35-чакырымдарын (Жылгынды-Коо тилкеси), 61-62-чакырым (Кескен-Бел тилкеси) аралыктарын каптаган. Ошондой эле Оттук айылында 320 турак үйдүн короолорун анын ичинен 64 турак үйдүн ичин сел суусу кирип, 3 турак үй авариялык абалга келген (анын ичинен 1 турак жашоого жараксыз). Кара-Талаа айылында 200м канал кумга-шагылга толуп анын ичинен 30м латок жараксыз абалга келген. Кара-Шаар айылында 1 турак үйдү сел каптаган. Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 34-35 чакырымынын (Жылгынды-Коо тилкеси) 1 чакырым жерин сел  агызган.

Көк-Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөн айылында “Ак-Кырчоо” каналынын 5 чакырым аралыгы жараксыз абалга келип, 4 турак үйгө суу кирген.

Улахол айыл аймагынын 1 самосвал, 1 жүктөгүч, 16 адам, Көк-Мойнок айыл аймагынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 экскаватор, 13 кызматкер, жалпы: 5 техника, 29 адам тартылдан.

31-июль күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 3,1 чакырым аралыгы сел калдыктарынан тазаланган. Ал эми Ак-Өлөн айылында 4 турак үй жана 800м ички чарбалык унаа жол тазаланган. Ошондой эле, КР ӨКМнен 1 мобилдик турак үй бөлүнүп берилет.

1-август күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 600 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланган.Ак-Өлөң айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 300м жана 40м лоток тазаланып, жалпы 1100м тазаланды.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган.    Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду жуу жеп кетип учурда жол жабык, эс алып жүргөн 8 турист өтө албай калганына байланыштуу, Чон-Кызыл-Суу айылынын жылуу суусунун мейманканасына жайгашкан.

Жети-Өгүз айыл аймагында Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2 чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

         Саруу айыл аймагынын Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

Жерине №35 ЖТИден 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, 6 ХОВО, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, жалпы 11 техника тартылды.

31-июль күнү Кызыл-Суу айыл аймагынын ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

1-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Кызыл-Суу айыл аймагында 2021-жылдын 30-июль күнү жаап өткөн жамгырдын жана мөңгүлөрдүн ээригендигине байланыштуу Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүндө Кара-Баткак, Арча-Төр, Шаталы кичи көлдөрүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, ашып кетүү коркунучу жаралган.

Жерине КР ӨКМнен 3 кызматкер, токой чарбасынан 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылды.

1-август күнү жерине чыгып кетишкен.

Ак-Суу районунун Теплоключенко айыл аймагында 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

         Ак-Булун айыл аймагынын Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш айыл аймагына караштуу Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Жерине Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, жеке менчик 1 жүктөгүч, а/а, 1 трактор, жалпы 3 техника тартылды.

31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

1-август күнү жээк бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2021-жылдын 31-июлунда саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 127 жана 135-чакырымын шагыл аралаш таштар каптап (11000м3), жол каттамы жабылган.

Жерине №11 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.

Тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Каракол шаарында 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн. Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Жерине Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынан 2 камаз, 2 кран, 2 эксковатор, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 12 адам, жалпы 8 техника, 12 адам тартылды.

31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери коопту тилкелерде күзөткө коюлган.

1-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды. 1 турак үйдүн асты бекемделди.

Жалал-Абад облусу

     Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак айыл аймагынын  Достук айылында, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. М.А. сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

     Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 63,7 га айдоо жер аянттарын (гүрүч, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой жана 2903 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

     Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМден 1 экскаватор, Кара-Дарыя а/а 4 жүктөгүч, 8 камаз, жергиликтүү тургундардан 6 адам. Жалпы: 6 адам, 13 техника тартылган.

Аткарылган иш-чаралар: Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

     КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 одеял, 37 кравать берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КРнын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана одеял, 26 даана челек, 52 даана канистр, 126 даана гигиеналык каражаттар жана 126 даана ашкана буюмдары селден жабыркап чатырда убактылуу жашагандарга берилген.

     Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200п/м болсо, анын ичинен 5730п/м. 9120 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а милдеттендирилди.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазалоо керек болсо анын ичинен 3905м3 сел калдыгы тазаланган (781рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 113 107 346 сом келтирилген.

Баткен облусу

Кадамжай району. 2021-жылдын 1-август күнү кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Масалиев айыл аймагынын Алыш айылында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тактоо иштери 2-август күнү жүргүзүлөт.

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.

         Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой, 1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирип, 3800м сел өтүүчү сайларга кум-шагыл толуп, 9 унааны сел басып калган.

  Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, а/а  1 экскаватор, 2 жүктөгүч. Жалпы 4 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 113 огород участка (3246м3),  29960 м жол (24680м3), 12750м арык, 3860м (22330м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын огоротторуна сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген.

         КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

     Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

      -Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

     — Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

     -Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген. 

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 4,   Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусу 1, Ош облусу 4, Жалал-Абад 3 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.                  4-ӨКБ

1 б.

1 13:53 13:59 14:05 14:17 15:02 Ленин району, Ч.Айтматов проспектиси, Социал Экономикалык Колледжинин жатаканасынын арткы эшиги жана 6 чарчы метр төшөнчөлөр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                  7-ӨКБ

1 б.

5-ӨКБ

1 б.

Штаб

1 15:59

 

16:10

 

16:36

16:08

 

16:21

 

16:51

16:47 19:48 20:34

 

19:10

 

18:18

Октябрь району, Октябрь көчөсү турак үйлөрдүн короосунда 250 ч.м. нан бышыруучу жай толугу менен, ичинде 3 даана өндүрүштүк меш, 2 даана муздаткыч жана азык-түлүктөр, короодо “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен, эски бамперлер, дөңгөлөктөр жана 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
3.                  3-ӨКБ

1 б.

4-ӨКБ

1 б.

1 16:10

 

16:26

16:16

 

16:57

16:47 17:29 18:32

 

18:12

Свердлов району, Достоевский көчөсү,   “Качество” унаа оңдоочу жайдын стекловата менен жылууланган ички жасалгасы жана 3 даана станок, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын фаралары, айнеги жана ошондой эле тышында 150 ч.м. куураган чөп жана “Джип” үлгүсүндөгү (№ жок) автоунаанын багаж отсеги күйгөн.  Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 2ствБ

1зв

ГДЗС

4.                  6-ӨКБ

1 б.

1 16:42 жеткенге чейин 16:53 Ленин району, Жамгырчынов көчөсү, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
5.                  5-ӨКБ

1 б.

1 23:14 23:22 23:28 23:33 00:10 Октрябрь району, Байтик Баатыр көчөсү, ачык аянтта 150 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                  5-ӨКБ

1 б.

1 01:24 01:38 01:48 02:01 Октрябрь району, Токтоналиев көчөсү, ачык аянтта бир даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
7.                  3-ӨКБ

1 б.

1 03:59 04:06 04:18 04:36 Биринчи Май району, Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Тоrrо Вurger” тез тамактануу жайынын ичинде бир чака көмүр күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Ош шаары

8.                  85-ӨКБ

1 б.

1 03:09 03:15 03:26 03:40 03:42 Шакиров көчөсү, турак үйдүн жанында жайгашкан электр мамыча күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ

Чүй облусу

9.                   2-ӨКБ

1 б.

1 08:50 08:57 09:05 09:30 09:40 Панфилов району. Кайыңды шаары, Заводская көчөсү, унаа токтотуучу жайдын 6 чарчы метр полу жана таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.              15-ӨКБ

1 б.

1 18:17 18:21 18:26 18:45 19:10 Москва району, Беловодск айылы, Победа көчөсү, жалпы аянты 30 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    1ствБ
11.              8-АӨКБ

1 б.

1 18:30 18:55 19:58 20:05 20:45 Сокулук району, Лесное айылы, талаада 80ч.м. чабылган беденин оорду күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.              22-ӨКБ

1 б.

1 23:00 23:26 23:30 23:35 00:15 Жайыл району, Чалдовар айылы, ачык аянтта “Volkswagen” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

13.              15-ӨКБ

1 б.

1 09:29 09:33 09:50 10:10 10:27 Каракол шаары, Кравцов көчөсү, турак үйдүн ичинде бир кровать, жаздык жана эки төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ

Ош облусу

14.              68-ӨКБ

1 б.

1 14:15 14:30 14:35 15:04 15:15 Алай району, Корул айыл аймагы, Биринчи Май айылы, короодо жыйылган 1 тонна чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15.              25-ӨКБ

1 б.

1 00:55 00:57 01:04 02:10 03:40 Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Мира  көчөсү, жалпы аянты 99 ч.м. сарай толугу менен, 70 түк чөп, 500 кг. тезек күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
16.              102-ӨКБ

1 б.

 

1 01:19 01:36 01:38 01:48 03:46 Кара-Суу району, Ак-Таш айыл аймагы, Жолдошев көчөсүндө жайгашкан электр мамыча күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
17.              102-ӨКБ

1 б.

25-ӨКБ

1 б.

1 02:16

 

02:24

02:20

 

02:28

02:34 02:58 03:46

 

03:40

Кара-Суу району, Сарай айыл аймагы, Киров айылы, Ош-3000 көчөсү, жалпы аянты 37 чарчы метр контейнер толугу менен жана ичинде  автоунаа тетиктери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

18.              94-ӨКБ

1 б.

1 15:25 15:28 15:30 15:40 16:05 Кара-Көл шаары, Серый көчөсү, №13-көп кабаттуу турак үйдүн жанында жыгач устундуу пластик жабылган тапчандын 10 чарчы метр чатыры жана бир диван күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.              80-ӨКБ

1 б.

1 17:18 17:50 17:54 18:48 20:03 Ала-Бука району,  Айры-Там айылы, жалпы аянты 48 чарчы метр кароосуз калган кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
20.              20-ӨКБ

1 б.

1 20:58 20:59 21:00 21:05 21:16 Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, таштанды таштоочу жайда 15ч.м. таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

21.              26-ӨКБ

1 б.

1 04:09 04:32 05:20 06:00 07:15 Баткен району, Кара-Бак  айылы, Келечек көчөсү, жалпы аянты 62 ч.м. кампа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 10 чыгуу болгон (1 эшик ачуу, 5 суу каптоо, 1 адамды издөө,  2 адамдын жансыз денесин чыгаруу, 1 адамга жардам көрсөтүү).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 00:15 00:24 00:57 112 Свердлов району. Куткаруучулар М.Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1973-ж.т. М.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Ош шаары

2 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 23:31 23:52 101 Туран кичирайонунун 10-кварталында каналдын суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1977-ж.т. А.Р. аттуу эркек киши каналдан өтө албай калган. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, каналдан өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.  
3 2 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 23:59 00:21 101 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен Курбанов көчөсүндө жайгашкан №92 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  
4 3 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 00:52 01:26 101 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  
5 4 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 00:57 01:06 05:50 101 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен А. Навои көчөсүндө жайгашкан №45 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  
6 5 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 02:05 02:36 05:43 101 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен Ишматов көчөсүндө жайгашкан №92 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  

Жалал-Абад облусу

7 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

19:29 20:02 21:45 101 Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-ж.т. Д.В. аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. 2-август күнү улантылат.   

Баткен облусу

8 1 КР ӨКМнин

№62 ӨКБ

21:26 21:48 01:15 0222057676 Кызыл-Кыя шаарында 2-август түнү жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Баяналиев көчөсүндө 3 турак үйдүн, Негматулин көчөсүндө 2 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  

Ысык-Көл облусу

9 1 КР ӨКМнин

№15 ӨКБ

05:10 08:05 15:25 102 Ак-Суу району. 15-июль күнү Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген 5 турист-бир үй бүлө (1970-ж.т. К.А. эркек киши, 1969-ж.т. К.Г. аял, 2010-ж.т. К.М. жаш бала — баардыгы Орусия Федерациясынын жарандары жана 1992-ж.т. К.В. жана 1996-ж.т. К.Л. аялдар — Казакстан Республикасынын жарандары) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-ж.т. К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн (акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон).  16-илунан 21-июлуна чейин куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган адамдын жансыз денеси 1992-ж.т. К.В. аттуу аял экендиги аныкталган.  

Ош облусу

10 1 КР ӨКМнин

РӨКО

№68 ӨКБ

 

13:15

 

19:30

 

20:01

18:38

112 Алай районунда 31-июль күнү Сары-Таш айыл аймагынын Кара-Киндик жайлоосунда көлгө 1986-ж.т. Т.М. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин РӨКОдон 5, Алай райондук №68 ӨКБдан 4, жалпы 9 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 15:30да адамдын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here