Ысык-Көл: Дайынсыз жоголгон казахстан жарандын жансыз денеси табылды

0
36 просмотров

15-июль күнү Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району. Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген 5 турист-бир үй бүлө (1970-ж.т. К.А. эркек киши, 1969-ж.т. К.Г. аял, 2010-ж.т. К.М. жаш бала — баардыгы Орусия Федерациясынын жарандары жана 1992-ж.т. К.В. жана 1996-ж.т. К.Л. аялдар — Казакстан Республикасынын жарандары) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-ж.т. К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн (акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон).  16-июлунан 21-июлуна чейин куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Табылган адамдын жансыз денеси 1992-ж.т. К.В. аттуу аял экендиги аныкталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here