2021-жылдын 3-августу  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
88 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 3-августунан 4-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 2-август күнү №02-34/550-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 2021-жылдын 3-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында,Чүй, Талас, облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Чүй облусу

Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

     Сокулук районунун Төш-Булак айылынын Белогорка капчыгайында жайгашкан Акпай көлүнүн суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу ашып кетип турак үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган.

     Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, Бишкек-Ош автоунаа жолун куруп жатышкан Кытай мамлекеттик ишканасынан 6-даана эксковатор, райондук суу чарба башкармалыгынан 2-даана эксковатор, Газпром ишканасынан 3-даана инженердик техника, №1 ЖТИден 1 погрузчик жана №23 ӨКБдан 4 куткаруучу.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган техниканын жардамында жээкти бекемдөө иштери уюштурулуп, суу Сокулук айылынын төмөн жагындагы Сокулук суу сактагычына барып куйуп жатат. Суунун суу сактагычка куйуп жаткан көлөмү болжол менен 20 кубду түзүүдө, күч каражаттар нөөмөткө коюлган.

Ысык-Көл облсусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл  райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

         Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 342 турак жайдын короолору анын ичинен 66 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: Улахол а/а 1 самосвал, 1 жүктөгүч, Көк-Мойнок а/а 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 экскаватор, №35 ЖТИден 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, 6 ХОВО, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, жеке менчик 1 жүктөгүч, а/а, 1 трактор, Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынан 2 камаз, 2 кран, 2 экскаватор, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 экскаватор. Жалпы 27 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 19 турак үй, 19 огород участка,     электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тоң району. Улахол а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 34-35-чакырымдарын (Жылгынды-Коо тилкеси), 61-62-чакырым (Кескен-Бел тилкеси) аралыктарын каптаган. Ошондой эле Оттук айылында 320 турак үйдүн короолорун анын ичинен 61 турак үйдүн ичин сел суусу кирип, 3 турак үй авариялык абалга келген (анын ичинен 1 турак жашоого жараксыз). Кара-Талаа айылында 200м канал кумга-шагылга толуп анын ичинен 30 м латок жараксыз абалга келген. Кара-Шаар айылында 1 турак үйдү сел каптаган. Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 34-35 чакырымынын (Жылгынды-Коо тилкеси) 1 чакырым жерин сел  агызган.

Көк-Мойнок а/а. Ак-Өлөн айылында “Ак-Кырчоо” каналынын 5 чакырым аралыгы жараксыз абалга келип, 4 турак үйгө суу кирген.

Тартылган күч каражаттар: Улахол а/а 1 самосвал, 1 жүктөгүч, 16 адам, Көк-Мойнок а/а 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 экскаватор, 13 кызматкер.  Жалпы: 5 техника, 29 адам.

Аткарылган иш чаралар: 2-август күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 600 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланган.Ак-Өлөң айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 300м жана 40м лоток тазаланды. Жалпы 1100м тазаланды.

Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду жуу жеп кетип 2-август күнү тартылган техниканын жардамында жол эки тараптуу ачылган.

Жети-Өгүз а/а Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун денгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2 чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

Саруу а/а. Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

Тартылган күч каражаттар:  №35 ЖТИден 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, 6 ХОВО, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор. Жалпы 11 техника.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү Кызыл-Суу а/а ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

2-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү жаап өткөн жамгырдын жана мөңгүлөрдүн ээригендигине байланыштуу Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүндө Кара-Баткак, Арча-Төр, Шаталы кичи көлдөрүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, ашып кетүү коркунучу жаралган.

Тартылган күч каражаттар:  КР ӨКМнен 3 кызматкер, токой чарбасынан 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам.

Аткарылган иш чаралар:1-август күнү жерине чыгып кетишкен.

Ак-Суу району. Теплоключенко а/а. 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

Ак-Булун а/а. Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш а/а. Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, жеке менчик 1 жүктөгүч, а/а, 1 трактор, Жалпы 3 техника.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2-август күнү жээк бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2021-жылдын 31-июлунда саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 127 жана 135-чакырымын шагыл аралаш таштар каптап (11000м3), жол каттамы жабылган.

Тартылган күч каражаттар: №11 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч.

Аткарылган иш чаралар: тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Каракол шаары. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн. Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынан 2 камаз, 2 кран, 2 эксковатор, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 12 адам. Жалпы 8 техника, 12 адам.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери коопту тилкелерде күзөткө коюлган.

2-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды.

 Жалал-Абад облусу

Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак а/а  Достук айылында, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. Манапова Аруукени сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 63,7 га айдоо жер аянттарын (гүрүч, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой жана 2903 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

Сузак району. Сузак а/а Достук айылында жалпы 56 турак үйдүн короо жайларына, анын ичинен 12 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. 12 турак үйдүн ичинен 2 турак үй авариялык абалга келген. Мындан сырткары 30 га эгин талаасын (гүрүч, жүгөрү) каптаган.

Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын жалпы 390 турак үйгө тактоо иштери жүрзүлүп, анын ичинен 106 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. Анын ичинен 65 турак үй 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген. Ошону менен бирге 284 турак жайдын короо жайларына сел суулары каптап кеткен. Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө короодогу курулуштарына сел суулары кирген.  Ошондой эле 33,7 га эгин талаасын (гүрүч, жүгөрү) каптаган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМден 1 экскаватор, Кара-Дарыя а/а 4 жүктөгүч, 8 камаз, жергиликтүү тургундардан 6 адам. Жалпы: 6 адам, 13 техника тартылган.

Аткарылган иш-чаралар: Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

     КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 одеял, 37 кравать берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КРнын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана одеял, 26 даана челек, 52 даана канистр, 126 даана гигиеналык каражаттар жана 126 даана ашкана буюмдары селден жабыркап чатырда убактылуу жашагандарга берилген.

2-август күнү Кызыл-Жар айылында 720п/м. 2880м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланды. Жалпысынан: 2200п/м болсо, анын ичинен 2200п/м. 9336м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Жалпысынан турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасын 4800м3 тазалоо керек анын ичинен жалпы 901 рейс каттам жасап 4505м3 ылай ташылды.

Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200п/м болсо, анын ичинен 5730п/м. 9120 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а милдеттендирилди.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазалоо керек болсо анын ичинен 4505м3 сел калдыгы тазаланган (901рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 113 107 346 сом келтирилген.

Баткен облусу

         Баткен району. 2021-жылдын 2-август Кара Булак а/а Кара Булак айылындагы сел кетуучу сайдан сел жургон алдын ала маалымат боюнча турак уйлорго зыян келтирген эмес. Аксай а/а Кара участкасы Ош-Баткен-Исфана а/жолунун 263чакырымында сел кетуучу сайдан сел журуп кум шагалга толтурган.

Тартылган күч жана каражаттар: №2 ЖТИ ишканасынан 1 погрузчик

  Аткарылган иш-чаралар Тактоо иштери 3-август күнү жүргүзүлөт.

Тартылган күч жана каражаттар: а/а 2 жүктөгүч, №75 ӨКБдан 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам.

Аткарылган иш-чаралар Тартылган күчтөрдүн жардамында 7 турак үйдүн жер төлөсүнө кирген сел сулары толугу менен тазаланып буткөрүлдү.

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.

Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой, 1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирип, 3800м сел өтүүчү сайларга кум-шагыл толуп, 9 унааны сел басып калган.

  Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, а/а  1 экскаватор, 2 жүктөгүч. Жалпы 4 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 113 огород участка (3246м3),  29960 м жол (24680м3), 12750м арык, 3860м (22330м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын огоротторуна сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген.

КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

      -Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

     — Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

     -Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген.

     Лейлек району. 2021-жылдын 19-июль күнү саат 16:05 чамасында Лейлек а/а Ак-Терек айылында, Катраң а/а Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Тогуз-Булак а/а Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарындагы сайлардан мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп,

Лейлек а/а, Ак-Терек айылында 52 турак үй короолоруна, анын ичинен 25 турак үйдүн ичине, 1 бала-бакчанын, 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 подстанциянын кароолканасына сел кирген. Ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. 2 даана мамычаны агызган. Мындан тышкары сел суулары 9 унааны басып калган.

Тартылган күч жана каражаттар: жок

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  тартылган техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 25 турак үйдүн ичи, 50 турак үйдүн короолору тазаланган (492м3). 7000 м ички чарбалык унаа жол (7000м3), 5000 м арыктардын ичин тазаланып (2612м3), 1 ички чарбалык көпүрө калыбына келтирилген (42м3). Ак-Терек орто мектеп, Ак-Терек мечит, Эл-Нур бала-бакчанын короолору тазаланган. Лейлек РЭТ мекемесинин П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана электр мамычасы калыбына келтирилген. 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилген.

2-август күнү иш-чара болгон жок.

КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 30 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилген. 27 коробка тазалык каражаттары муктаждарга жарандарга таркатылган.

Лейлек району боюнча: а/а 1 самосвал, 1 экскаватор, 5 киши..

Жалпы район боюнча: 37 турак үйгө, 93 огородго сел кирип, 15500м ички жолдор, 9800 и/ч арыктар, 4255 м суу түтүгү, 42га үлүш жерлерди сел каптап, 27 баш уй, 2 музоо, 8 эчки, 3 кой зыянга учураган.

Баткен району.  Кыштут а/а. 2021-жылдын 20-июль күнү саат 16:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Согмент айылында 8 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 1 сарайды бузуп жараксыз абалга келтирген, бир унаага сел суулары кирген. Газ айылынын Сай Маала тилкесинде 20 турак үйгө сел суулары кирип, 35 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган жана 1 мал сарайды агызып кеткен. Сел өтүүчү сайга жакын жайгашкан 1 турак үй кооптуу абалда турат. Согмент айылынын Топ-Терек тилкесинде сел өтүүчү сайдын жээгинде жайгашкан 2 турак үйдү кооптуу абалга келтирген. 1 ашкананы жана 2 сөрүнү агызып кеткен. 15 турак үйдүн короосун кум-шагылга толтурган. Булун тилкесинде ички чарбалык унаа жолунун 2 чакырым аралыгын жана сай жээгин бекемдеген 80 даана габиондук торчосун сел агызып кеткен. Кара-Булак айылынын Алмалуу тилкесинде унаа жолду сел каптап, жол жабылып адамдар калып калышкан.

2021-жылдын 19-июль күнү саат 19:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Газ айылында ички чарбалык 4 көпүрө жууп кеткен, ички чарбалык арыктын 2000м аралыгына кум шагыл толгон. 3 мамыча кулаган. Күртөң тилкесинде 2 турак үйгө сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толтурган. Сай Маала тилкесинде 1 турак үйдүн ичине, 8 турак үйдүн короолоруна сел кирген. 1000м ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толгон. Сасык-Булак тилкесинде 4 турак үйдүн короосуна сел кирген. 200м ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ийрилиш тилкесинде 500м ички чарбалык жолдорго кум шагыл толгон. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 10-15 чакырым аралыгын кум шагылдарга толтуруп бузган. Согмент айылында 6 турак үйгө жана 9 турак үйдүн короосуна 1 сарайга, 1 гаражга, 1 унаага   сел кирип, 1 сарайды 1 көпүрөнү жууп кеткен, Газ-Согмент унаа жолун 2-5 чакырымын кум шагылга толтурган 1 мамычаны агызган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Күртөң  участкасындагы сел кетуучу сайдын жалпы 1100м (7900м3) жери, Сай Маала участкасындагы сел кетуучу сайдын жалпы  460м (6400м3) жери, Газ айылындагы 20 турак үй жана Согмент айылында 2 турак үй  толугу менен тазаланган. Жалпы 134м3 таштандылар чыгарылган. Сейлик жайлоосундагы сайдын 100м (350м3)  жери  кум шагалдан  тазаланды. Согмент айылында 1 электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Газ-Согмент жолунун жээгинин 2,5 км  аралыгы толук  тазаланып бүткөрүлгөн.

2-августка карата Согмент айылындагы 2600м сел өтүүчү сайдын 200м тазаланган. Жалпы 800м тазаланган.

Кара-Бак а/а. Зардалы айылында Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолунда 1 көпүрөнү сел агызган. Зардалы айылына баруучу унаа жолун сайдан түшкөн суулар жолдун 100м аралыгын ар жеринен жууп кеткен. Кан айылынын сугат суу келүүчү арыгынын 100м жерин, Сары-Талаа айылынын сугат суу келүүчү арыгынын 150м жери кум шагылга толгон. Кан айылында таза суу келүүчү  3 даана түтүкчөнү сел суусу жууп кеткен.

Тартылган күч жана каражаттар: жок

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

2-август күнү суу көп болгонуна байланыштуу иш-чара болгон жок.

Жалпы Баткен району боюнча аткарылган иш-чаралар:  22 турак үйдүн короо жайлары тазаланып бүткөн (134м3). Ички чарбалык жол 2500м  (9280м3), ички чарбалык арык 700м (6850м3), сугат суу келүүчү канал  300м, жолдун жээги 2500 м, сел өтүүчү сайлардын 2510 м аралыгы тазаланган.

Баткен району боюнча а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 50 адам.

Жалпы район боюнча: 22 турак үйгө, 53 турак үйдүн короосуна сел кирген, Ички чарбалык жол 4800м, ички чарбалык арыктын 3300м арылыгын, сугат суу келүүчү канал  300м, 4  көпүрөнү бузган.

        

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2,   Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад 2 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

1 10:22 10:32 10:44 10:48 11:11 Октябрь району, Токомбаев көчөсү, ачык аянтта 60 ч.м. куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.                28-ӨКБ

1 б

1 11:52 12:02 жеткенге чейин 12:30 Октябрь району, Байтик Баатыр көчөсү, Жеңиш эс алуу багында 40 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                4-ӨКБ

1 б

1 12:04 12:08 12:09 12:20 13:00 Биринчи Май району, Л.Толстой жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде “Voikswaqen Golf-3” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
4.                5-ӨКБ

1 б

1 12:24 12:34 13:06 13:30 14:04 Октябрь району. 7-Апрель көчөсү, кароосуз калган кампанын ичинде 90 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
5.                5-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

1 05:03

 

05:20

05:18

 

05:35

түзөтү

 

05:38

 

 

06:06

05:52

 

06:12

Октябрь району, 7-кичи району, Юнусалиев көчөсү, көп кабаттуу үйдүн жанында “Мерседес-Бенц S-500” үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.                5-ӨКБ

1 б

1 б

1 22:52

 

23:15

23:09

 

23:32

23:40 04:36 05:05

 

05:05

Кемин району, Кемин шаары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында жайгашкан “Red Petroleum” май куйуучу станциясында турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү(сапог) жүк ташуучу унаасы толугу менен күйүп, өрт май куйуучу жайга өтүп темир калай менен жабылган 140 ч.м. бастырмасы, оператордук бөлмөсүндө жайгашкан 80 ч.м. дүкөнү жана бир май куйуучу калонкасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
7.                5-ӨКБ

1 б

1 05:50 06:00 06:10 06:40 07:40 Кемин району, Кемин шаары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында жайгашкан “Red Petroleum” май куйуучу станциясынын 10 ч.м. темир калай менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ош облусу
8.                13-АӨКБ

1 б

1 14:06 14:28 14:44 15:45 16:25 Кара-Суу району, Мады айылы, Юлдаш-Ата көчөсү, жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 90 ч.м. чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

9.                39-ӨКБ

1 б

1 10:35 10:50 11:05 12:36 13:15 Ак-Суу району. Боз-Учук айылы, Ленин көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 500 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           36-ӨКБ

1 б

1 17:41 18:25 18:35 19:30 20:35 Жети-Өгүз району. Барскоон айылы, Ленин көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 220 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

11.           20-ӨКБ

1 б

1 14:00 14:02 14:03 14:08 14:19 Жалал-Абад шаары, Барпы көчөсүндө жайгашкан Токтогул атындагы эс алуу багында 0,04 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           57-ӨКБ

1 б

1 14:18 14:24 14:26 14:31 14:50 Таш-Көмүр шаары, 2-кичи району, таштанды таштоочу жайда 15 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

Баткен облусу

13.           108-ӨКБ

1 б

1 16:03 16:55 17:23 17:36 19:26 Лейлек району, Маргун айылы, Ак-Тилек көчөсү, жалпы аянты 135 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
14.           26-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:07

 

17:47

17:22

 

18:00

20:06 21:15 21:40

 

21:40

Баткен району, Бужум айылы, Орозов көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган кароосуз калган турак үйдүн 48 ч.м. чатыры жана ичинде 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон (2 эшик ачуу, 2 суу каптоо, 1 адамды издөө,  1 жол кырсыгы).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 10:02 10:11 10:37 112 Октябрь району. Куткаруучулар 11-кичи районунда жайгашкан №4 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  
2 2 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 15:40 15:46 16:33 112 Октябрь району. Куткаруучулар Геология кыска көчөсүндө жайгашкан №1 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышкан. Бирок үй ээси баш тарткандыгына байланыштуу, куткаруучулар эшик ачышкан эмес.  

Ош шаары

3 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 17:00 17:26 18:29 112 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен  Төлөйкөн кичирайонунун жайгашкан №2 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  
4 2 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 10:44 11:04 12:21 2-август түнү  жааган жаандын кесепетинен Маидова көчөсүндө жайгашкан №36 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык  куткаруучулар тартылып, мотопомпа менен сууну сордуруп, короолорду тазалап беришкен.  

Жалал-Абад облусу

5 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

19:29 20:02 21:45 101 Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-ж.т. Д.В. аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. 3-август күнү улантылат.   
6 2 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

06:00 06:20 —- 103 Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында Honda CR-V менен Mercedes Benz Sprinter унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1956-ж.т. С.Р. аттуу эркек киши каза болуп, 4 эркек (1999-ж.т. М.А., 1983-ж.т. А. уулу Б., 1983-ж.т. А.Б., А. туулган жылы такталууда), 2 аял (1975-ж.т. А.М., М.Э туулган жылы такталууда) жабыркаган. Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми, жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Абалдары оор.  

                 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here