2021-жылдын 4-августу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
86 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 4-августунда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 2-август күнү №02-34/550-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2021-жылдын 4-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

     Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

     Сокулук району. Төш-Булак айылынын Белогорка капчыгайында жайгашкан Акпай көлүнүн суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу ашып турак үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган.

     Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнин ӨКМЖжБ департаментинин адиси, райондук ӨКбөлүмүнөн 1 офицер, Бишкек-Ош унаа жолун куруп жаткан Кытай мамлекеттик ишканасынан 1 жүктөгүч.

     Аткарылган иш чаралар: техниканын жардамында Эдельвейс дачасынын жанынан агып өткөн Сокулук суусунун жээгин бекемдөө иштерин жана Сокулук айылындагы Индустральный көчөсүндө жээк бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Адистер жерине барып, изилдөө иштерин жүргүзүшкөндө көлдө учурда 1,5-2миң м3 суу калганы аныкталган. Акпай көлүнөн агып жаткан суунун көлөмү 1 м3 түзөт, ал эми Сокулук суусунун көлөмү 23-25 м3 түзөт. 

Ысык-Көл облсусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл  райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

         Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 342 турак жайдын короолору анын ичинен 66 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 1 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: №35 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 самосвал, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, менчик 2 жүктөгүч, 2 самосвал, 2 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 2 Камаз, суу канал ишканасынан 1 экскаватор,  а/а 1 бульдозер, 1 экскаватор. Жалпы 18 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 19 турак үй, 19 огород участка,     электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, таза суу түтүктөрү оңдолуп, дарыянын нугун бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Тоң району. Улахол а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 34-35-чакырымдарын (Жылгынды-Коо тилкеси), 61-62-чакырым (Кескен-Бел тилкеси) аралыктарын каптаган. Ошондой эле Оттук айылында 320 турак үйдүн короолорун анын ичинен 61 турак үйдүн ичин сел суусу кирип, 3 турак үй авариялык абалга келген (анын ичинен 1 турак жашоого жараксыз). Кара-Талаа айылында 200м канал кумга-шагылга толуп анын ичинен 30 м латок жараксыз абалга келген. Кара-Шаар айылында 1 турак үйдү сел каптаган. Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 34-35 чакырымынын (Жылгынды-Коо тилкеси) 1 чакырым жерин сел  агызган.

Көк-Мойнок а/а. Ак-Өлөн айылында “Ак-Кырчоо” каналынын 5 чакырым аралыгы жараксыз абалга келип, 4 турак үйгө суу кирген.

Тартылган күч каражаттар: жок.

Аткарылган иш чаралар: 2-август күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 600 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланган. Ак-Өлөң айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 300м жана 40м лоток тазаланды. Жалпы 1100м тазаланды.

Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду суу жеп кетип 2-август күнү тартылган техниканын жардамында жол эки тараптуу ачылган.

Жети-Өгүз а/а Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун денгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2-чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

         Саруу а/а. Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

Тартылган күч каражаттар:  КР ӨКМнен 4 кызматкер №35 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 самосвал, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 2 Камаз, жергиликүү тургундардан 20 адам, а/а 10 адам. Жалпы 8 техника, 34 адам.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү Кызыл-Суу а/а ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

3-август күнү унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү жаап өткөн жамгырдын жана мөңгүлөрдүн ээригендигине байланыштуу Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүндө Кара-Баткак, Арча-Төр, Шаталы кичи көлдөрүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, ашып кетүү коркунучу жаралган.

Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 3 кызматкер, Кумтөр ишканасынан 1 экскаватор, менчик 2 жүктөгүч, 2 самосвал, жергиликүү тургундардан 15 адам, а/а 15 адам. Жалпы 5 техника 33 адам

Аткарылган иш чаралар:3-август күнү арыктарды бекемдөө жана суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн.

Ак-Суу району. Теплоключенко а/а. 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

         Ак-Булун а/а. Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш а/а. Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: а/а 1 бульдозер, 1 экскаватор. Жалпы 2 техника.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү Ак-Булуң айылындагы Түргөн суусунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Ички чарбалык арыктын 700 м аралыгы, сугат каналынын 110 м аралыгы тазаланган. 

2021-жылдын 31-июлунда саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 127 жана 135-чакырымын шагыл аралаш таштар каптап (11000м3), жол каттамы жабылган.

Тартылган күч каражаттар: №11 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор.

Аткарылган иш чаралар: тартылган техникалардын жардамында сел калдыктары тазаанып (8700м3), унаа жол бир тараптуу ачылган.

 Каракол шаары. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн (үйлөрүнө келишкен). Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

  Тартылган күч каражаттар: №15 ӨКБдан 2 офицер, суу канал ишканасынан 1 экскаватор, 10 кызматкер, жеке менчик 2 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 10 адам. Жалпы 3 техника, 22 адам.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери кооптуу тилкелерде күзөткө коюлган.

3-август күнү Каракол суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, таза суу түтүкчөлөрү алмаштырылган.

Жалал-Абад облусу

     Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак а/а  Достук айылында, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. Манапова Аруукени сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

     Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 63,7 га айдоо жер аянттарын (гүрүч, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой жана 2903 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

Тартылган күч жана каражаттар: Кара-Дарыя а/а 1 жүктөгүч, 1 самосвал. Жалпы: 2 техника тартылган.

Аткарылган иш-чаралар: Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

     КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 одеял, 37 кравать берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КРнын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана одеял, 26 даана челек, 52 даана канистр, 126 даана гигиеналык каражаттар жана 126 даана ашкана буюмдары селден жабыркап чатырда убактылуу жашагандарга берилген.

     3-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 921 рейс каттам жасалып 4605м3 ылай ташылды.

         Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

     Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200п/м болсо, анын ичинен 5530п/м. 7920 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а милдеттендирилген.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазалоо керек болсо анын ичинен 4605м3 сел калдыгы тазаланган (921рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 113 107 346 сом келтирилген.

Баткен облусу

Лейлек району. Лейлек а/а. 2021-жылдын 3-август күнү саат 17:40 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ак-Терек айылында 11 турак үйдүн ичине сел кирип, 8 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды каптаган.

Ак-Суу а/а Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн огородун каптап, Ак-Суу-Жизген ички чарбалык унаа жолунун 2 жерин сел каптаган.

Катраң а/а. Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосуна, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын сел суулары каптап, Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин жана Самат-Замборуш-Жаркыштак ички чарбалык жолунун 30 м жерин сел каптаган, жол каттамы ачык.

         Кулунду а/а. Ак-Арык айылында 6 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 150 м ички жолдорду сел суулары каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: ЖК комиссиясы, КР ӨКМнин, ККББнын, Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам топтору, №2 ЖТИден 2 грейдер, 1 жүктөгүч.

         Аткарылган иш-чаралар: тартылган техниканын жардамында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымдары тазаланган. 4-август күнү тактоо жана селдин кесепттерин жоюу иштери улантылат. Жеринде КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүп кеч киргенине байланыштуу токтотулган, 4-август күнү улантылат.

         Баткен району. Кара-Булак а/а. 2021-жылдын 2-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Карапута, Бадамча жана Тамак тилкелеринде сайлардан сел жүрүп, ички чарбалык жолдордун 300 м аралыгын каптаган, каттам бар.

         Ак-Сай а/а Кара тилкесинде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 263-чакырымын каптап кум-шагылга толтурган Ошондой эле Үч-Дөбө айылында ички чарбалык унаа жолдун 30м аралыгын каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: №2 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, а/а 1 жүктөгүч.

  Аткарылган иш-чаралар : тартылган техникалардын жардамында Ош-Баткен-Исфана унаа жолу жана Үч-Дөбө айылында ички чарбалык унаа жол  толук тазаланган.

         Кадамжай району. Масалиев а/а.  2021-жылдын 1-август күнү 21:30да катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Алыш айлында 17 турак үйдүн огороддоруна, анын ичинен 7 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген. 4 чакырым ички чарбалык унаа жолдун айрым жерлерин, 350 м ички чарбалык арыкт кум шагылга толгон. 4 электр мамычасын сел агызган.

         Үч-Коргон а/а Валакыш айылында сай ичиндеги 700м ички чарбалык жолду ар жеринен бузган, 550 м ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон, 2га үлүш жерин сел каптап, Исфайрам дарыясынан жөө адамдар өтүүчү көпрөнүн бир капталын сел бузуп кеткен.

         Көтөрмө а/а. Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунун 7 чакырым аралыгын, 4 чакырым ички чарбалык арыктарды ар жеринен сел каптаган..

Тартылган күч жана каражаттар: жайыт комитетинен 3 жүктөгүч, суу чарба кызматынан 1 самосвал, №46 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, менчик 2 эксковатор, 2 жүктөгүч, 1 самовал, 3 портер, жергиликтүү тургундардан 36 адам. Жалпы 14 техника, 36 адам.

         Аткарылган иш-чаралар: Масалиев а/а ички чарбалык жолдун 2500м аралыгы, 17 турак үйдүн баары тазаланган. Үч-Коргон а/а ички чарбалык жолдун 600 м  аралыгы, ички чарбалык арыктардын 480 м аралыгы тазаланган. Көтөрмө а/а унаа жолдун 7 чакырым аралыгы, 4 чакырым ички чарбалык арыктар толук тазаланып бүткөн.

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.        

         Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой, 1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирип, 3800м сел өтүүчү сайларга кум-шагыл толуп, 9 унааны сел басып калган.

  Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 2 экскаватор, 3 самосвал, 1 жүктөгүч. Жалпы 6 техника.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 122 огород участка (3246м3),  29960 м жол (24680м3), 12750м арык, 4260м (23435м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын огоротторуна сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген.

         КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

     Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

      -Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

     — Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

     -Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген.

        

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-августта саат 20:06да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу  айылдарында -2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3   Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад 5 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Бишкек шаары

1.     7-ӨКБ 1 21:30 21:37 21:46 21:58 22:18 Октябрь району,  Октябрь көчөсү, турак үйдун короосунда 15 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     2-ӨКБ

1 б

1 06:04 06:10 жеткенге

чейин

06:50 Свердлов району, Дордой 2 жаңы конушу, №8 көчө, бастырманын 30  чарчы метр жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Чүй облусу

3.                  21-ӨКБ

1 б

1 08:21 08:29 жеткенге чейин 08:39 Токмок шаары, Горький жана Дубовицкий көчөлөрүнүн кесилишинде. “Volkswagen” Golf үлгүсүндөгү унаасынын мотору күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
4 2-ӨКБ

1 б

1 17:19 17:29 жеткенге чейин 18:46 Панфилов району, Каптал-Арык айылы, Октябрь көчөсү, 60 түк жыйылган түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
5 27-ӨКБ

1 б

1 19:52 20:10 жеткенге чейин 20:58 Ысык-Ата району, Новопокровка айылы,  Пушкин көчөсү, турак үйдүн короосунда 25  чарчы метр жыгач устунду, темир калай менен жабылган сарайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ысык-Көл облусу

6 31-ӨКБ

1 б

1 09:51 10:00 10:15 10:23 10:30 Ысык-Көл району, Бактуу-Долоноту айылы, Жерге-Тал тилкеси, Береговая көчөсү, сарайдын жанында 180 чарчы метр кык күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7 15-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:20

 

17:27

17:25

 

17:32

17:32 18:10  

18:20

Каракол шаары, Масалиев көчөсү, турак үйдүн короосундагы бастырма жана мончонун 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

8 59-ӨКБ

1 б

1 14:02 14:36 14:44 15:09 16:03 Сузак району, Көк-Арт айыл аймагы, Жерге-Тал айылы, К.Макиев көчөсү, Ш.Садыкбеков атындагы эс алуучу парктын аймагында 1.5 га куураган чөп жана 105 алма көчөтү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9 78-ӨКБ

1 б

1 18:16 18:33 18:42 19:14 19:34 Базар-Коргон району, Акман айыл аймагы, Акман айылы,  комплекс тилкесинде 0.80 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. Кол каражаттар
10 57-ӨКБ

1 б

1 00:10 00:22 жеткенге чейин 00:47 Таш Көмүр шаары, Токтомамбетов көчөсү, борбордук стадиондо 1 даана жыгач отургуч жана 4 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу.
11 65-ӨКБ

1 б

1 03:52 04:27 04:30 04:38 05:22 Сузак району, Кызыл Туу айыл аймагы, Жаңы-Ачы айылы, Т.Калык көчөсү, эки кабаттуу сарайдын 90 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12 59-ӨКБ

1 б

1 05:02 05:16 05:23 06:05 06:45 Сузак району, Багыш айыл аймагы, Октябрь айылы, Сейдакматов көчөсү, 24  чарчы метр мончо күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен району

13 76-ӨКБ

1 б

 

1 б

1 15:37

 

 

16:05

 

—-

жеткенге чейин  

16:36

Кадамжай району, Орозбекова айыл аймагы, Охна айылы, Б.Мамаджанов көчөсү, турак үйдүн чатыры күйгөн.
14 26-ӨКБ

1 б

1 22:38 22:44 23:05 23:25 23:38 Баткен шаары, Разаков көчөсү, автобекеттин аймагындагы даараткананын будкасынын 9 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (2 эшик ачуу, 2 сууга чөккөн адамдын жансыз денесин издөө).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 14:50 15:02 15:20 Биринчи Май районунда куткаруучулар Манасчы Сагынбай көчөсүндө жайгашкан №99 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  
2 2 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 18:10 18:25 18:50         112 Октябрь районунда куткаруучулар Саманчы көчөсүндө жайгашкан №7 үйдүн 8-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  

Ош шаары

3 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы

№102 ӨКБ

15:10 15:25 20:50 Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 2011-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Жалпы 8 куткаруучу. Саат 22:50дө маркумдун жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.  

Жалал-Абад облусу

4 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

КДМБ

19:29 20:02 21:45 101 Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-ж.т. Д.В. аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 3-август күнү издөө иштерине 21 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, туугандарынан 20 адам тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн, кеч киргендигине байланыштуу иш-чара убактылуу токтотулган. 4-август күнү издөө иштери улантылат.   

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here