Баткен: Лейлекте кайрадан сел жүрдү

0
44 просмотров

Саат 17:40 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек а/а Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Ошондой эле, Ак-Суу а/а Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун да сел каптаган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын, Катраң а/а Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган. Жеринде №13 ЖТИден 1 погрузчик, 2 грейдер, Ак-Суу а/а 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Маалымат толуктап берилип турат.
Жалпы район боюнча селдин тийгизген кесепети төмөнкүчө:
— 21 турак үйдүн ичине сел суулары кирип жабыркады.
— 14-турак үйдүн тамаркасына сел суулары кирген.
— 213 метр ички жолдор жабыркады

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here