Ош: Өрттүн алдын алууга каралган иш-чаралар

0
46 просмотров

Жайкы өрт кооптуу мезгилине карата КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы бийик көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочуларына өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары көп кабаттуу турак үйлөрдүн кире бериштерине өрт коопсуздук эрежелерин камтыган нускамалар илинди.

— бузук электр зымдарын, он эмес электр туташтыргычтарын, өчүрүп-жандыргычтарды убагында ондоо;

— электр жылыткыч шаймандарын дайыма оң абалда кармоо, айнек пардалардан, күйүүчү материалдардан алыс жайгаштыруу;

— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газплиталарын, кароосуз таштабагыла;

— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;

— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтерде сактабагыла, — балдарды кароосуз калтырбагыла жана алдардын от менен ойноосуна жол бербегиле;

— өчүрүлбөгөн тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди туш келди таштабоо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here