2021-жылдын 5-августу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
104 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 5-августунан 8-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2021-жылдын 5-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

     Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

        Ош облусу

Кара-Суу району. Катта-Талдык а/а. 2021-жылдын 4-август күнү саат 18:30 чамасын катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел суулары жүрүп Баш-Булак айылында 42 турак үйдүн короо-сарайларына, анын ичинен 2 турак үйдүн ичине жана 3 турак үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген. Ошондой эле Кара-Сөгөт айылында 1 турак үйгө сел суулары кирип, дубалын бузуп кеткен, 1 даана Портер үлгүсүндөгү унааны агызып кетип, 8 чакырым жолду каптап кеткен, унаалар кыйнчылык менен өтүүдө. Учурда Кара-Сөгөт айылында электр жарыгы өчкөн.

Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнин ККББнын, Ош облусу боюнча башкармалыгынын жана Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтор. райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, ЖК комиссиясы, №25 ӨКБдан 16 куткаруучу, РӨКОдон 1 камаз, 2 сордуруучу насос, Катта-Талдык айыл аймагынан 2 жүктөгүч, жергеликтүү тургундардан 10 адам.

Аткарылган иш чаралар: 4-август күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында жеринде тактоо иш-чаралары жана суунун нугу бурулуп, сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Түн киргенине байланыштуу тактоо, тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары 5-август күнү улантылат.

     Араван району. 2021-жылдын 4-август күнү саат 17:15 чамасында кыска мөөнөттө катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылында Культцентр-Чөгөм-Загара ички чарбалык унаа жолунун болжол менен 10-14-чакырымында унаа жолун суу каптап, унаа жолду эки тараптуу жабып калган.

     Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  кеч киргенине байланыштуу тазалоо иш-чаралар 5-август күнү №21 ЖТИ тарабынан жүргүзүлөт. 

Ысык-Көл облусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл  райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

         Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 347 турак жайдын короолору анын ичинен 72 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР  ӨКМнен 2 кызматкер, №11 ЖТИден 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, №35 ЖТИден 2 жүктөгүч, 6 самосвал, 1 экскаватор, 20 кызматер, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, жеке менчик 1 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, 8 кызматкер, электр тармагынан 1 телескоп, 1 бульдозер, 10 кызматкер,  суу канал ишканасынан 1 экскаватор, 1 кран, 30 кызматкер, а/а 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 экскаватор, 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 адам. Жалпы 23 техника, 84 адам.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 20 турак үй, 55 огород участка,     электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. 3650м ички чарбалык унаа жолдору, 1410м ички чарбалык арыктары, 150м сугат суу каналдар тазаланган. Ошондой эле таза суу түтүктөрү оңдолуп, дарыянын нугун бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Тоң району. Улахол а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 34-35-чакырымдарын (Жылгынды-Коо тилкеси), 60-65-чакырым (Кескен-Бел тилкеси) аралыктарын каптаган. Ошондой эле Оттук айылында 320 турак үйдүн короолорун анын ичинен 64 турак үйдүн ичин сел суусу кирип, 3 турак үй авариялык абалга келген (анын ичинен 1 турак жашоого жараксыз). Кара-Талаа айылында 200м канал кумга-шагылга толуп анын ичинен 30 м латок жараксыз абалга келген. Кара-Шаар айылында 1 турак үйдү сел каптаган. Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 34-35 чакырымынын (Жылгынды-Коо тилкеси) 1 чакырым жерин сел  агызган.

Көк-Мойнок а/а. Ак-Өлөн айылында “Ак-Кырчоо” каналынын 5 чакырым аралыгы жараксыз абалга келип, 4 турак үйгө суу кирген.

Тартылган күч каражаттар: жок.

Аткарылган иш чаралар: 2-август күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 600 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланган. Ак-Өлөң айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 300м жана 40м лоток тазаланды. Жалпы 1100м тазаланды. Мындан сырткары Оттук айылына КР ӨКМ тарабынан 1 даана эки бөлмөлү мобилдик турак жайы бөлүнүп, орнотулуп берилген.

4-август күнү иш-чаралар жүргүзүлгөн жок.

Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду суу жеп кетип 2-август күнү тартылган техниканын жардамында жол эки тараптуу ачылган.

Жети-Өгүз а/а Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун денгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2-чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

         Саруу а/а. Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

Тартылган күч каражаттар:  №35 ЖТИден 2 жүктөгүч, 7 самосвал, 20 кызматкер, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер 1 экскватор, суу чарба башкармалыгынан 8 кызматкер, жергиликүү тургундардан 2 адам, а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 грейдер, 2 кызматкер. Жалпы 14 техника, 32 адам.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү Кызыл-Суу а/а ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

3-август күнү унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

4-август күнү Чоң-Кызыл-Суу айылында “Кунан-Чабыш” тилкесинде Чоң-Кызыл-Суу суусундагы унаа өтүүчү көпүрө бекемделди. Сайдын нугун 350м аралыгы тазаланып, жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жети-Өгүз айылынын Казан-Пак тилкесиндеги Жети-Өгүз суусунун 350м нугу тазаланып, жээктери бекемделди, Кайырма каналынын 80м калабына келтирилди. Ак-Кочкор айылында Жети-Өгүз суусунун 300м жээги бекемделди. Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолу калыбына келтирилди.

Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү жаап өткөн жамгырдын жана мөңгүлөрдүн ээригендигине байланыштуу Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүндө Кара-Баткак, Арча-Төр, Шаталы кичи көлдөрүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, ашып кетүү коркунучу жаралган.

Тартылган күч каражаттар: КРнын ӨКМнин МЖБДнын кызматкерлери.

Аткарылган иш чаралар: 4-август күнү аталган департаментин кызматкерлери тактоо, байкоо иш-чаралары жүргүзүшүп, суу ташып кетүү коркунучу жок экендигин аныктаган.

Ак-Суу району. Теплоключенко а/а. 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

         Ак-Булун а/а. Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш а/а. Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: а/а 1 экскаватор, 1 бульдозер.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү Ак-Булуң айылындагы Түргөн суусунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Ички чарбалык арыктын 700 м аралыгы, сугат каналынын 110 м аралыгы тазаланган.

4-август күнү Ак-Суу суусунун жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлгөн

2021-жылдын 31-июлунда саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 127 жана 135-чакырымын шагыл аралаш таштар каптап (11000м3), жол каттамы жабылган.

Тартылган күч каражаттар: №11 ЖТИден 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор.

Аткарылган иш чаралар: тартылган техникалардын жардамында сел калдыктары тазаланып (8700м3), унаа жол бир тараптуу ачылган. 4-август күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

 Каракол шаары. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн (үйлөрүнө келишкен). Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: жеке менчик 1 эксковатор, суу чарба кызматынан 1 экскаватор, 1 кран, 10 адам, электр тармак ишканасынан 1 бульдозер, 1 телескоп жана 30 кызматкер.

Жалпы 5 техника, 40 адам.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери кооптуу тилкелерде күзөткө коюлган.

3-август күнү Каракол суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, таза суу түтүкчөлөрү алмаштырылган.

4-август күнү электр мамычалар жана Ривер-Парк эс алуучу жайында 30м суу түтүкчө калабына келтирилди. Бөрү-Баш көчөсүндө арык казылган.

 

Жалал-Абад облусу

     Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак а/а  Достук айылында, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. Манапова Аруукени сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

     Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 61,92 га айдоо жер аянттарын (пахта, сабиз, калемпир, беде, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой, 8 коен жана 2896 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

Сузак району. Сузак а/а Достук айылында жалпы 56 турак үйдүн короо жайларына, анын ичинен 12 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. 12 турак үйдүн ичинен 2 турак үй авариялык абалга келген. Мындан сырткары 30 га эгин талаасын (гүрүч, жүгөрү) каптаган.

Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын жалпы 390 турак үйгө тактоо иштери жүрзүлүп, анын ичинен 106 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. Анын ичинен 65 турак үй 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген. Ошону менен бирге 284 турак жайдын короо жайларына сел суулары каптап кеткен. Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө короодогу курулуштарына сел суулары кирген.  Ошондой эле 33,7 га эгин талаасын (пахта, сабиз, калемпир, беде, жүгөрү) каптаган.

     Тартылган күч жана каражаттар: Кара-Дарыя а/а 1 жүктөгүч, 1 самосвал. Жалпы: 2 техника тартылган.

Аткарылган иш-чаралар: Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

     КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 одеял, 37 кравать берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КРнын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана одеял, 26 даана челек, 52 даана канистр, 126 даана гигиеналык каражаттар жана 126 даана ашкана буюмдары селден жабыркап чатырда убактылуу жашагандарга берилген.

     3-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 921 рейс каттам жасалып 4605м3 ылай ташылды.

     4-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 936 рейс каттам жасалып 4680м3 ылай ташылды.

         Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

     Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200п/м болсо, анын ичинен 5530п/м. 7920 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а милдеттендирилген.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазалоо керек болсо анын ичинен 4680м3 сел калдыгы тазаланган (936рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 116млн 410миң 099  сом келтирилген.

Баткен облусу

Лейлек району. Лейлек а/а. 2021-жылдын 3-август күнү саат 17:40 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ак-Терек айылында 11 турак үйдүн ичине сел кирип, 8 турак үйдүн короолорун жана 3000м ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды каптаган.

Ак-Суу а/а Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн огородун каптап, Ак-Суу-Жизген ички чарбалык унаа жолунун 2 жеринен жалпы 33м аралагын сел каптаган.

Катраң а/а. Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 6 турак үйдүн короосуна, Калтарык тилкесинде 8 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Ошондой эле, 1500м ички чарбалык арыктарды, 2000м ички чарбалык жолдорду каптаган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын сел суулары каптап, Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин жана Самат-Замборуш-Жаркыштак ички чарбалык жолунун 30м жерин сел каптаган, жол каттамы ачык.

         Кулунду а/а. Ак-Арык айылында 6 турак үйдүн ичине, 30 турак үйдүн огороддоруна сел суулары кирип, 5000м ички жолдорду, 6000м ички чарбалык арыктарды, 2 сел өтүүчү каналды сел суулары каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: Лейлек райондук №74 ӨКБдан 9,  Сүлүктү шаардык №52 ӨКБдан 11, Лейлек райондук №108 ӨКБдан 8, жалпы 28 куткаруучу, КР ӨКМнен 1 экскватор, 1 жүктөгүч, 3 самосвал, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, а/а 4 самосвал, 2 экскватор 1 жүктөгүч, 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам. Жалпы 13 техника, 93 адам.

         Аткарылган иш-чаралар: тартылган техниканын жардамында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымдары тазаланган. 4-август күнү тактоо жана селдин кесепттерин жоюу иштери улантылат. Жеринде КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүп кеч киргенине байланыштуу токтотулган,

         4-август күнү 9 турак үй (90м3), 17 турак үйдүн короолору (740м3), 5530м ички чарбалык жолдор (5700м3), 200м сай ичи тазаланды (1800м3) сел калдыктарынан тазаланды.

         Баткен району. Кара-Булак а/а. 2021-жылдын 2-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Карапута, Бадамча жана Тамак тилкелеринде сайлардан сел жүрүп, ички чарбалык жолдордун 300 м аралыгын каптаган, каттам бар.

         Ак-Сай а/а Кара тилкесинде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 263-чакырымын каптап кум-шагылга толтурган Ошондой эле Үч-Дөбө айылында ички чарбалык унаа жолдун 30м аралыгын каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: жок.

  Аткарылган иш-чаралар: тартылган техникалардын жардамында Ош-Баткен-Исфана унаа жолу жана Үч-Дөбө айылында ички чарбалык унаа жол  толук тазаланган.

4-август күнү иш-чаралар болгон жок.

         Кадамжай району. 4-август күнү саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Орозбеков а/а Охна сайынан сел суулары түшүп бетон шакекчеден курулган көпүрөнү жана 500м ички чарбалык арыктарды бузган. Ошондой эле, Совет а/а Кожокорум жайлоосунан түшкөн сел суулар 300м ички чарбалык жолду каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: а/а башчысы.

         Аткарылган иш-чаралар: Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары 5-август күнү жүргүзүлөт. 

         2021-жылдын 1-август күнү 21:30да катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп натыйжада:

         Масалиев а/а.  Алыш айлында 17 турак үйдүн огороддоруна, анын ичинен 7 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген. 4 чакырым ички чарбалык унаа жолдун айрым жерлерин, 350 м ички чарбалык арык кум шагылга толгон. 4 электр мамычасын сел агызган.

         Үч-Коргон а/а Валакыш айылында сай ичиндеги 700м ички чарбалык жолду ар жеринен бузган, 550 м ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон, 2га үлүш жерин сел каптап, Исфайрам дарыясынан жөө адамдар өтүүчү көпрөнүн бир капталын сел бузуп кеткен.

         Көтөрмө а/а. Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунун 7 чакырым аралыгын, 4 чакырым ички чарбалык арыктарды ар жеринен сел каптаган.

Тартылган күч жана каражаттар: жайыт комитетинен 2 жүктөгүч, 1 эксковатор, суу чарба кызматынан 1 самосвал, 10 кызматкер, №46 ЖТИден 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 эксковатор, 1 жүктөгүч, 3 портер, 1 камаз, жергиликтүү тургундардан 26 адам. Жалпы 11 техника, 36 адам.

         Аткарылган иш-чаралар: Масалиев а/а ички чарбалык жолунан 1100 аралыгы тазаланып болжол менен 290м3 кум шагал тазаланып толук бүттү жана ички чарбалык арыктардан 350м аралыгынан болжол менен 250м3 кум шагалдан тазаланды, электр тармагынын 4 столбасы кайра тургузулуп толук калыбына келтирилди. Үч-Коргон а/а ички чарбалык жолунан 700м аралыгы тазаланып бүткөрүлдү жана ички чарбалык арыктарынан 550м аралыгы кум шагылдан тазаланып болжол менен 106м3 кум шагал тазаланып бүткөрүлдү.

Көтөрмө а/а 7 чакырым аралыгы тазаланып кум шагал тазаланды, 3,7 чакырым ички чарбалык жолдор (215м3), 5чакырым ички чарбалык арыктар (315м3) кум шагылдан тазаланды. Иш-чаралар толугу менен аяктады.

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.

         Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой, 1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирип, 3800м сел өтүүчү сайларга кум-шагыл толуп, 9 унааны сел басып калган.

         Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор,  а/а 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 бүльдозер, 3 портер жана жергиликтүү тургундардан 59 адам.

Жалпы 7 техника, 59 адам.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 122 огород участка (3246м3),  30460м жол (24880м3), 12750м арык, 4310м (23435м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын огоротторуна сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген. Зардалы айылында Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолундагы көпүрө калыбына келтирилди.

         КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

     Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

      -Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

     — Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген.

Лейлек району. 2021-жылдын 19-июль күнү саат 16:05 чамасында Лейлек а/а Ак-Терек айылында, Катраң а/а Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Тогуз-Булак а/а Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарындагы сайлардан мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп,

Лейлек а/а, Ак-Терек айылында 52 турак үй короолоруна, анын ичинен 25 турак үйдүн ичине, 1 бала-бакчанын, 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 подстанциянын кароолканасына сел кирген. Ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. 2 даана мамычаны агызган. Мындан тышкары сел суулары 9 унааны басып калган.

Тартылган күч жана каражаттар: жергиликтүү тургундардан 35 адам.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  тартылган техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 25 турак үйдүн ичи, 50 турак үйдүн короолору тазаланган (492м3). 7000 м ички чарбалык унаа жол (7000м3), 5000 м арыктардын ичин тазаланып (2612м3), 1 ички чарбалык көпүрө калыбына келтирилген (42м3). Ак-Терек орто мектеп, Ак-Терек мечит, Эл-Нур бала-бакчанын короолору тазаланган. Лейлек РЭТ мекемесинин П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана электр мамычасы калыбына келтирилген. 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилген.

3-август күнү иш-чара болгон жок.

4-август күнү Ак-Терек айылында 6 турак үйдүн ичи тазаланды болжол менен 50м3.

КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 30 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилген. 27 коробка тазалык каражаттары муктаждарга жарандарга таркатылган.

Лейлек району боюнча: жергиликтүү тургундардан 35 адам.

Жалпы район боюнча: 37 турак үйгө, 92 огородго сел кирип, 15500м ички жолдор, 9800 и/ч арыктар, сел өтүүчү сайдын 3800м аралыгы, 4255 м суу түтүгү, 42га үлүш жерлерди сел каптап, 27 баш уй, 2 музоо, 8 эчки, 3 кой зыянга учураган.

Баткен району.  Кыштут а/а. 2021-жылдын 20-июль күнү саат 16:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Согмент айылында 8 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 1 сарайды бузуп жараксыз абалга келтирген, бир унаага сел суулары кирген. Газ айылынын Сай Маала тилкесинде 20 турак үйгө сел суулары кирип, 35 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган жана 1 мал сарайды агызып кеткен. Сел өтүүчү сайга жакын жайгашкан 1 турак үй кооптуу абалда турат. Согмент айылынын Топ-Терек тилкесинде сел өтүүчү сайдын жээгинде жайгашкан 2 турак үйдү кооптуу абалга келтирген. 1 ашкананы жана 2 сөрүнү агызып кеткен. 15 турак үйдүн короосун кум-шагылга толтурган. Булун тилкесинде ички чарбалык унаа жолунун 2 чакырым аралыгын жана сай жээгин бекемдеген 80 даана габиондук торчосун сел агызып кеткен. Кара-Булак айылынын Алмалуу тилкесинде унаа жолду сел каптап, жол жабылып адамдар калып калышкан.

2021-жылдын 19-июль күнү саат 19:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Газ айылында ички чарбалык 4 көпүрө жууп кеткен, ички чарбалык арыктын 2000м аралыгына кум шагыл толгон. 3 мамыча кулаган. Күртөң тилкесинде 2 турак үйгө сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толтурган. Сай Маала тилкесинде 1 турак үйдүн ичине, 8 турак үйдүн короолоруна сел кирген. 1000м ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толгон. Сасык-Булак тилкесинде 4 турак үйдүн короосуна сел кирген. 200м ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ийрилиш тилкесинде 500м ички чарбалык жолдорго кум шагыл толгон. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 10-15 чакырым аралыгын кум шагылдарга толтуруп бузган. Согмент айылында 6 турак үйгө жана 9 турак үйдүн короосуна 1 сарайга, 1 гаражга, 1 унаага   сел кирип, 1 сарайды 1 көпүрөнү жууп кеткен, Газ-Согмент унаа жолун 2-5 чакырымын кум шагылга толтурган 1 мамычаны агызган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Күртөң  тилкесиндеги сел кетүүчү сайдын жалпы 1100м (7900м3) жери, Сай Маала участкасындагы сел кетүүчү сайдын жалпы  4260м (6400м3) жери, Газ айылындагы 20 турак үй жана Согмент айылында 2 турак үй  толугу менен тазаланган. Жалпы 134м3 таштандылар чыгарылган. Сейлик жайлоосундагы сайдын 100м (350м3) жери кум шагалдан  тазаланды. Согмент айылында 1 электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Газ-Согмент жолунун жээгинин 2,5 км  аралыгы толук  тазаланып бүткөрүлгөн.

3-августка карата Согмент айылындагы 2600м сел өтүүчү сайдын 150м тазаланган. Жалпы 1259м тазаланган.

4-август күнү Согмент айылындагы сел кетуучу 2600м сайдын 50м тазаланган. Жалпы 1300м (8840м/куб) тазаланды.

Кара-Бак а/а. Зардалы айылында Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолунда 1 көпүрөнү сел агызган. Зардалы айылына баруучу унаа жолун сайдан түшкөн суулар жолдун 100м аралыгын ар жеринен жууп кеткен. Кан айылынын сугат суу келүүчү арыгынын 100м жерин, Сары-Талаа айылынын сугат суу келүүчү арыгынын 150м жери кум шагылга толгон. Кан айылында таза суу келүүчү  3 даана түтүкчөнү сел суусу жууп кеткен.

         Тартылган күч жана каражаттар: а/а 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 бүльдозер, 3 портер жана жергиликтүү тургундардан 24 адам.

          Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

         3-август күнү суу көп болгонуна байланыштуу иш-чара болгон жок.

4-август күнү Зардалы айылынын Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолундагы көпүрө калыбына келтирилди. Иш-чаралар толугу менен аяктады.

Жалпы Баткен району боюнча аткарылган иш-чаралар: 22 турак үйдүн короо жайлары тазаланып бүткөн (134м3). Ички чарбалык жол 2500м  (9280м3), ички чарбалык арык 700м (6850м3), сугат суу келүүчү канал 487м, жолдун жээги 2500 м, сел өтүүчү сайлардын 2960м аралыгы тазаланган. Зардалы айылынын Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолундагы көпүрө калыбына келтирилди.

Жалпы район боюнча тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, а/а 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 бүльдозер, 3 портер жана жергиликтүү тургундардан 24 адам.

Жалпы район боюнча зыян келтирилген: 22 турак үйгө, 53 турак үйдүн короосуна сел кирген, Ички чарбалык жол 4800м, ички чарбалык арыктын 3300м арылыгын, сугат суу келүүчү канал 300м, 4 көпүрөнү бузган.

Сейсмологиялык абал боюнча

  КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-августта саат 05:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу, Арча-Булак айылдарында — 2,5 балл чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Сутка ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 8   Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусу 1, Жалал-Абад 2 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

 
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 
1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11  

Бишкек шаары

1 6-ӨКБ

1 б

1 11:49 12:09 Жеткенге чейин 13:03   Ленин району. Ак-Ордо конушу, Бак-Дөөлөт көчөсүндө, турак үйдөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.  
2 4-ӨКБ

1 б

1 18:34 18:41 18:47 19:09 19:20   Биринчи Май району, Профсоюзная көчөсү, Чатыр-Көл кафесинин кампасында 20 ч.м. таштанды жана 7 даана иштебеген кир жуугуч машина күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
3 7-ӨКБ

1 б

 

1 18:50 19:04 19:21 19:29 19:51   Октябрь району. 12-кичи району. Ачык аянтта 400ч.м куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
4 4-ӨКБ

1 б

8-АӨКБ

1 б

Водовоз

6-ӨКБ

1 б

ЫНБ

 

  21:55

 

22:01

 

22:08

22:24

 

22:20

22:00

 

22:06

 

22:14

22:34

 

 

23:19 01:50  

 

00:45

 

00:50

01:07

 

01:00

  Ленин району. Товарная көчөсү №5. ЖЧК “Евразия-Туркестан” Жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 450 ч.м кампанын жана офистин чатыры, сыналгы, механикалык инструменттер, компьютер, полиэтилен түрмөктөрү (саны такталууда), 2-эщик, 4-терезе, 2-дөнгөлөк толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 6ствБ  
5 28-ӨКБ 1 00:19 00:30 00:38 00:50 01:05   Ленин району. Псковский менен Циолковский көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда 2 даана матрас күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
6 28-ӨКБ

1 б

1 05:30 05:37 05:52 06:20 06:26   Ленин району. Чоң-Арык айылы. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол

каражат

 

Чүй облусу

7 21-ӨКБ

1 б

1 11:10 11:16 11:27 11:34 11:54   Токмок шаары. Сарыбагышев көчөсү №84. Ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол каражат  
8 2-ӨКБ

1 б

0 11:47 13:53 14:25   Панфилов району. Кайынды шаары. Шопоков көчөсү №15.  Турак үйдүн ичиндеги төшөнчүлөрдөн түтүн чыккан. Өрттүн себеби такталууда.      —  
   9 7-ӨКБ

1 б

28-ӨКБ

1 б

2 13:12

 

13:14

13:52

 

14:00

14:21 15:14 16:32   Аламүдүн району. Арашан айылы. Бектенбаев көчөсү №6. Жыгач устундуу калай менен жабылган 200 ч.м турак үйдүн чатыры жана толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ  
  10 22-ӨКБ

1 б

1 16:27 16:37 16:40 16:46 17:04   Жайыл району. Кара-Балта шаары. Бардачов көчөсү №94. Ачык  аянтта 20 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол

каражат

 
  11 21-ӨКБ

1 б

1 18:06 18:10 18:23 18:29 18:49   Токмок шаары. Токтогул менен Шамшы көчөсү. Ачык аянтта 15 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
 12 27-ӨКБ

1 б

1 21:34 21:38 21:41 21:52 22:09   Ысык-Ата району. Кант шаары. 1-кичи району. Ачык аянтта 21 ч.м куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
 13 23-ӨКБ

1 б

1 б

 

 

 

1 02:08

02:25

 

02:17

02:36

 

02:36

 

03:37 03:59

 

03:59

 

  Сокулук району. Шопоков  шаары, Биринчи май көчөсү. Жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 80 ч.м болгон убактылуу жашоочу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ  
 14 21-ӨКБ

1 б

1 03:51 03:56 04:04 04:26 04:46   Токмок шаары. Дубовицкий көчөсү №118 Көп кабаттуу үйдүн жанында отун жана  4 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1 ствБ  

Нарын облусу

 15 16-ӨКБ

1 б

1 20:43 20:55 21:15 22:15 22:55   Нарын шаары. Ленин көчөсү №198 Б. Короодо бастырманын астында 45 пресс чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  

Ыссык-Көл облусу

 16 35-ӨКБ

1 б

1 18:14 18:30 19:25 19:32 19:40   Ыссык-Көл району. Корумду айылы. Дөң-Саз көчөсү №5. Турак үйдүн короосунда  500 кг жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ  

Ош облусу

 17 53-ӨКБ

1 б

1 10:40 10:58 11:47 15:35 16:10   Өзгөн району. Төрт-Көл а/а, Бостон айылы, Жайнаков көчөсү №18. Ачык аянтта жыйылган 320 даана чөп пресс күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
 18 53-ӨКБ

1 б

1 б

1 22:03

 

22:05

22:13

 

22:20

22:36 23:40 00:00   Өзгөн району. Өзгөн шаары. Гагарин көчөсү №59. Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 150 ч.м чатыры,   тунике менен жабылган бастырманын 72 ч.м чатыры жана 500 кг чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ  
 19 104-ӨКБ

1 б

1 01:52 02:00 02:25 03:23 03:55   Ноокат району. Кок-Жар а/а,Бору Баш айылы. Чолпонов көчөсү. Жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянтты 60 ч.м бастырма жана үй тиричилик буюмдары толугу менен куйгон. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  

Жалал-Абад облусу

  20 73-ӨКБ

1 б

1 17:58 18:16 18:18 18:42 19:13   Ала-Бука району. Ак-Там а/а, Жапа-Салды айылы. Бурана көчөсү. Ачык аянтта 60 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  
 21 97-ӨКБ

1 б

1 00:13 02:10 02:15 02:38 04:15   Токтогул району. Чолпон-Ата а/а, Төрт-Куль тилкеси, турак үйдүн короосунда 3 тонна кык күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ  

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (1 сууга чөккөн адамдын жансыз денесин чыгаруу, 1 жол кырсыгы).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

 Чүй облусу

1 1 КР ӨКМнин

№23 ӨКБ

 

18:00 18:36 21:47 101 Сокулук району. Кун-Туу айылында жайгашкан суу сактагычына 2008-ж.т. Ж.А. аттуу жаш бала чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү 5 куткаруучу тартылып, баланын жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.  

Ысык-Көл облусу

2 1 КР ӨКМнин

№15 ӨКБ

 

10:25 10:27 10:50   Каракол шаары. Карасаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter жана Volkswagen Passat унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1980-ж.т. Г.Д. аттуу эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаганды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылгын.  

Жалал-Абад облусу

3 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

КДМБ

07:00 07:30 21:00 101 Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-ж.т. Д.В. аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 4-август күнү издөө иштерине 21 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, туугандарынан 20 адам тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн, кеч киргендигине байланыштуу иш-чара убактылуу токтотулган. 5-август күнү улантылат.   

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here