Ош: Кара-Сууда сел жүрдү

0
41 просмотров

Кечээ 4-август күну саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел суулары топтолуп түшүп Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарына агып кирди. Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ, өзүнчө куткаруу отрядынан 1 камаз унаасы 2 суу сордуруучу насосу менен жеринде. Катта-Талдык айыл аймагынан 2 даана Жүктөгүч тартылып, селдин нугун бурулуп сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүздү.

Ал эми Кара-Сөгөт айылында такталган маалымат боюнча бир үйдүн артынан сел суулары кирип тешип өткөн, 6 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жеринде ЖТИ 45ке таандык 3 чакырым жолун жеп кеткен жол каттамы бар андан сырткары ички чарбалык 5 чакырым жолду да сел жеп кеткен жол кооптуу абалда бирок каттам бар.

КР Өкм ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here