2021-жылдын 7-августу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
123 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 7-августунан 8-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 4-август күнү №02/562-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган

Баткен облусу

Лейлек району. 2021-жылдын 6-август күнү саат 16:20 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек а/а Ак-Терек айылында жайгашкан 10 турак үйлөрдүн ичине суу кирип, 20 турак үйлөрдүн короолорун каптаган, ички жолдорду жана арыктарды кум шагылга толтурган. Катраң а/а Катраң айылында 17 турак үйлөрдүн ичине суу кирип, 23 турак үйлөрдүн огородорун каптаган, Тогуз-Булак а/а, Миң-Жыгач айылында 2,5-чакырым ички чарбалык унаа жолдорду жана 2,5-чакырым арыктарга кум шагыл толуп калган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 317-322-чакырымын суу каптаган.

Тартылган күч жана каражаттар: Баткен облустук башкармалыгынын башчысында ыкчам топ, Лейлек райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук ЖК комиссиясы, №13 ЖТИден 1 грейдер жана 1 жүктөгүч.

Аткарылган иш-чаралар: Жеринде тактоо жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. 7-август күнү улантылат.

7-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

         Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош , Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

     Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

 

Баткен облусу

Лейлек району. 2021-жылдын 5-август күнү саат 16:00 чамасында Тогуз-Булак а/а катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Тогуз-Булак айылында  2700 метр аралыктагы ички чарбалык унаа жолду, 1400 метр ички чарбалык арыктарын  кум шагалга толтуруп, 1 турак үйдүн короосун, болжол менен 20га үлүш жерди каптап,   2 кой-эчкини агызып кеткен. Миӊ-Жыгач айылында 2000 метр ички чарбалык унаа жолун, 2200 метр ички чарбалык арыктарын  кум шагалга толгон. Айбийке айылында 1000 метр ички чарбалык арыктарын, 1600 метр ички чарбалык унаа жолдорун кум шагылга толтуруп КР ӨКМми тарабынан 2021-жылы “ААжКЖ”  иш чарасы менен Карой тилкесинде орнотулуп жаткан габион торчолорун 10 метр аралыгын жараксыз абалга келтирген.

Тартылган күч жана каражаттар: а/а 1 жүктөгүч, 1 грейдер.

 Аткарылган иш-чаралар: 6-август күнү Мин-Жыгач айылынын 2000м аралыктагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иши жүрүп жаткан учурда кайра кайталанган сел бузуп кеткен. 7-август иш-чаралар улантылат.

Лейлек а/а. 2021-жылдын 3-август күнү саат 17:40 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ак-Терек айылында 11 турак үйдүн ичине сел кирип, 8 турак үйдүн короолорун жана 3000м ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды каптаган.

Ак-Суу а/а Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн огородун каптап, Ак-Суу-Жизген ички чарбалык унаа жолунун 2 жеринен жалпы 33м аралагын сел каптаган.

Катраң а/а. Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 6 турак үйдүн короосуна, Калтарык тилкесинде 8 турак үйдүн ичине сел суулары кирген. Ошондой эле, 1500м ички чарбалык арыктарды, 2000м ички чарбалык жолдорду каптаган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын сел суулары каптап, Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин жана Самат-Замборуш-Жаркыштак ички чарбалык жолунун 30м жерин сел каптаган, жол каттамы ачык.

         Кулунду а/а. Ак-Арык айылында 6 турак үйдүн ичине, 30 турак үйдүн огороддоруна сел суулары кирип, 5000м ички жолдорду, 6000м ички чарбалык арыктарды, 2 сел өтүүчү каналды сел суулары каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, 3 самосвал, 1 экскаватор, РӨКОнун №3 ӨИКОдон 20 куткаруучу, №108 ӨКБдан 8 куткаруучу, а/а 2 жүктөгүч, 6 самосвал, 2 экскаватор, жайыт комитетинен 2 жүктөгүч.

         Аткарылган иш-чаралар: тартылган техниканын жардамында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымдары тазаланган. 4-август күнү тактоо жана селдин кесепттерин жоюу иштери улантылат. Жеринде КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүп.

         4-август күнү 9 турак үй (90м3), 17 турак үйдүн короолору (740м3), 5530м ички чарбалык жолдор (5700м3), 200м сай ичи тазаланды (1800м3) сел калдыктарынан тазаланды.

         5-август күнү 18 турак үй (160м3), 36 турак үйдүн короолору (1410м3), 6430м ички чарбалык жолдор (6280), 650м сай ичи (3400м3) сел калдыктарынан тазаланган. 

         6-август күнү сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Тазалоо жүргөн жерде кайра сел өткөндүгүнө байланыштуу, сел калдыктарынын иштелип чыккан көлөмү  7-август күнүнө кошулуп берилет. 

         Баткен району. 2021-жылдын 5-август күнү саат 20:00 чамасында Кыштут а/а Согмент айылында 14 турак үйдүн короолоруна суу кирип, Күнгөй-Там тилкесинде 200м аралыкта ички чарбалык унаа жолду бузган. Ак-Татыр а/а Рават айылында 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Согмент айылында 200 метр, Рават айылында 550м ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган.

         Тартылган күч жана каражаттар: а/а 1 жүктөгүч

         Аткарылган иш-чаралар: Күнгөй-Там тилкесинде 200м аралыкта ички чарбалык унаа жол толук тазаланган. Ак-Татыр а/а иш-чаралар күйүүчү май бөлүнүп бергенден кийин башталат.

         2021-жылдын 4-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган мөндүр аралаш жаандын кесепетинен:

         Кыштут а/а. Айгүл-Таш-Согмент унаа жолунун 199-211-чакырым аралыгын сел суусу бузган. Булун тилкесинде ички чарбалык арыктын150-200 метр жери кум шагылга толгон. Күнгөй-Там тилкесинде 14 турак үйдүн короолорун сел кумдар кирген. 150 метр ички чарбалык жолду бузган. 200 метрдей сел тосмонун 50метр жерин сел суулары бузган. Жаңы-Коргон тилкесинде 1 чакырым унаа жолго кум шагылга толгон. Дөлтө-Сай тилкесинде сел өтүүчү сайдын 200м жери кооптуу абалда турат.

         Суу-Башы а/а, Боз-Адыр айылында 2019-жылы ӨКМдин АААжКЖ иш-чарасы менен аткарылган 2115м сел өтүүчү сайдын 400м аралыгын толук кум шагалга толгон. Боз-Адыр айылындагы сугат суу менен камсыз кылуучу ички каналдын 85м кум шагалга толуп калган. Боз-Адыр айылынын кире беришинде 2020-жылы АААжКЖ иш-чарасы менен аткарылган 300м коргоо тосмону толук  суу алып кетип, 2 турак үйгө кооптуу абал жараткан. Кожешкен дарыясына сел суулары кошулуп, Ширеш участкасы тараптын сол жак жээгин жана 40 сотых үлүш жерди жерип экинчи коргоо тосмого коркунуч жаратууда. Боз-Адыр айылында 3,8 га аянтта эгиндерди жууп кеткен. Кара-Токой айылында Б.Мергенов орто мектебинин жана Кара-Токой бала-бакчанын короосуна селдин суулары кирген. 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел кирген. 4 га аянтта эгиндерди, 720м ички чарбалык жолдорду агызган.

Дара а/а, Кан айылында 10 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. 1 чакырым ички чарбалык арыктарга кум шагыл толгон.  Сары-Талаа айылында 100м ички чарбалык жолго кум шагылдар толгон.

         Тартылган күч жана каражаттар: №2 ЖТИден 2 грейдер, 1 жүктөгүч, жеке менчик 2 экскаватор, жайыт комитетинен 2 жүктөгүч.

         Аткарылган иш-чаралар: Айгүл-Таш-Согмент унаа жолунун 300м аралыгы тазаланган. Сары-Талаа айылында 100м ички чарбалык арыктар тазаланды.

         6 август күнү Күнгөй-Там тилкесинен 150м ички чарбалык жол толук тазаланып бүттү. Дөлтө-Сай тилкесиндеги 200м сел өтүүчү сайдын 100м жери тазаланды. Айгүл-Таш-Согмент унаа  жолунун 199-211 чакырым аралыгынын бузулган жерлери толук тазаланып бүттү. Боз-Адыр  айылындагы  сугат  суу  менен  камсыз  кылуучу  ички  каналдын  85м  (21м3) толук тазаланып бүттү. Боз-Адыр  айылынын  кире беришинде 2020-жылы  АААжКЖ  иш-чарасы  менен аткарылган  300м (75м3) коргоо  тосмонун 100м тазаланды. Сары-Талаа айылында ички  чарбалык  арыктын 100м (25м3) толук тазаланып бүттү. Кан айылында ички  чарбалык  арыктардын  1км (250м3) жеринин 150м жери тазаланды.

         Кара-Булак а/а. 2021-жылдын 2-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Карапута, Бадамча жана Тамак тилкелеринде сайлардан сел жүрүп, ички чарбалык жолдордун 300 м аралыгын каптаган, каттам бар.

         Тартылган күч жана каражаттар: жок.

  Аткарылган иш-чаралар: Күйүүчү май бөлүнсө тазалоо иштери жүргүзүлөт.

         Кадамжай району. 4-август күнү саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Орозбеков а/а Охна сайынан сел суулары түшүп 6 бетон шакекчеден курулган көпүрөнү, Пүшкөүт сел өтүүчү сайынын 430м жерин толтуруп 400м жээгин, 830м жайлоого кетүүчү унаа жолду жана 500м ички чарбалык арыктарды бузган.

         Тартылган күч жана каражаттар: Жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, жеке менчик 3 портер, жергиликтүү тургундардан 14 адам.

         Аткарылган иш-чаралар: 5-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Орозбеков а/а, 250м ички чарбалык унаа жол тазаланган.

 6-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Орозбеков а/а, 500м ички чарбалык унаа жол тазаланган. 4 бетон шакекче калыбына келтирилген. Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары 7-август күнү улантылат.

2021-жылдын 19-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр жабыркаган.

         Жалпы Баткен облусу боюнча зыян келтирилген: 146 турак жайдын короолору анын ичинен 59 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 6 турак үй авариялык абалга келген, ички чарбалык арыктардын 15650 м аралыгын, чарбалык жолдордун 31450 м аралыгын, үлүш жерлер 60.1га, таза суу түтүктөрү 4255м, темир бетон шакекче 7 даана, ички чарбалык көпүрө 4 даана, мал жандыктардан 27 баш уй, 2 баш музоо, 8 баш эчки, 3 баш кой, 1 мектептин, 1 мечиттин, 1 бала-бакчанын короолоруна сел суулары кирип, 3800м сел өтүүчү сайларга кум-шагыл толуп, 9 унааны сел басып калган.

         Баткен облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор,  а/а 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 бүльдозер, 3 портер жана жергиликтүү тургундардан 24 адам.

Жалпы 7 техника, 24 адам.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 59 турак үй, 122 огород участка (3246м3),  30460м жол (24880м3), 12750м арык, 4510м (24795м2) сайдын ичи, 4 электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. Чатырга муктаж болгон 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилди. Ак-Терек орто мектепинин, Ак-Терек мечитинин, Эл-Нур бала-бакчанынын огоротторуна сел суулардын агындыларынан техниканын күчү менен тазаланды. Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана мамычалары калыбына келтирилип, сел сууларынан тазаланган. Исфана шаарында селден жабыр тарткан ички жолдор жана арыктардын башы, таза суу түтүкчөлөрү калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Р-3 каналында жайгашкан 3 даана 6 м латок, 3 даана 4 метрлик түтүкчө толук калыбына келтирилген. “Төө-жайлоо” СПАсына караштуу “70-жылдын” каналдын 19 метр аралыгын толук калыбына келтирилген. Зардалы айылында Ормузан тилкесинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолундагы көпүрө калыбына келтирилди.

         КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 40 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип. 40 коробка тазалык каражаттары муктаждарга таркатылып берилген.

     Баткен облусу боюнча жалпы 103 млн 413 миң 449 сом материалдык чыгым келтирилген.

      -Баткен району боюнча жалпы 30 млн.737 миң 272 сом материалдык чыгым келтирилген.

     — Лейлек району боюнча 70 млн726 миң 900 сом материалдык чыгым келтирилген.

     -Кадамжай району боюнча 1 млн 949 миң 277 сом материалдык чыгым келтирилген.

     Лейлек району. 2021-жылдын 19-июль күнү саат 16:05 чамасында Лейлек а/а Ак-Терек айылында, Катраң а/а Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Тогуз-Булак а/а Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарындагы сайлардан мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп,

     Лейлек а/а, Ак-Терек айылында 52 турак үй короолоруна, анын ичинен 25 турак үйдүн ичине, 1 бала-бакчанын, 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 подстанциянын кароолканасына сел кирген. Ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. 2 даана мамычаны агызган. Мындан тышкары сел суулары 9 унааны басып калган.

    Тартылган күч жана каражаттар: жок

   Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  тартылган техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 25 турак үйдүн ичи, 50 турак үйдүн короолору тазаланган (492м3). 7000 м ички чарбалык унаа жол (7000м3), 5000 м арыктардын ичин тазаланып (2612м3), 1 ички чарбалык көпүрө калыбына келтирилген (42м3). Ак-Терек орто мектеп, Ак-Терек мечит, Эл-Нур бала-бакчанын короолору тазаланган. Лейлек РЭТ мекемесинин П-СТ35/10КВ (Рават) подстанциясынын күзөтчү отуруучу үйү, 2 даана электр мамычасы калыбына келтирилген. 8 үй-бүлөнүн короосуна чатыр орнотулуп берилген.

         3-август күнү иш-чара болгон жок.

         4-август күнү Ак-Терек айылында 6 турак үйдүн ичи тазаланды болжол менен 50м3.

         5-август күнү жүргүзүлгөн жок.

КР ӨКМ тарабынан 2500л дизелдик май бөлүнүп берилген. Ошондой эле 30 комплект чатыр, биринчи кезекте керектелүүчү 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган журкан төшөк Ак-Терек айылына жеткирилген. 27 коробка тазалык каражаттары муктаждарга жарандарга таркатылган.

     Лейлек району боюнча: жергиликтүү тургундардан 35 адам.

     Жалпы район боюнча: 37 турак үйгө, 92 огородго сел кирип, 15500м ички жолдор, 9800 и/ч арыктар, сел өтүүчү сайдын 3800м аралыгы, 4255 м суу түтүгү, 42га үлүш жерлерди сел каптап, 27 баш уй, 2 музоо, 8 эчки, 3 кой зыянга учураган.

Баткен району.  Кыштут а/а. 2021-жылдын 20-июль күнү саат 16:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Согмент айылында 8 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 1 сарайды бузуп жараксыз абалга келтирген, бир унаага сел суулары кирген. Газ айылынын Сай Маала тилкесинде 20 турак үйгө сел суулары кирип, 35 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган жана 1 мал сарайды агызып кеткен. Сел өтүүчү сайга жакын жайгашкан 1 турак үй кооптуу абалда турат. Согмент айылынын Топ-Терек тилкесинде сел өтүүчү сайдын жээгинде жайгашкан 2 турак үйдү кооптуу абалга келтирген. 1 ашкананы жана 2 сөрүнү агызып кеткен. 15 турак үйдүн короосун кум-шагылга толтурган. Булун тилкесинде ички чарбалык унаа жолунун 2 чакырым аралыгын жана сай жээгин бекемдеген 80 даана габиондук торчосун сел агызып кеткен. Кара-Булак айылынын Алмалуу тилкесинде унаа жолду сел каптап, жол жабылып адамдар калып калышкан.

         2021-жылдын 19-июль күнү саат 19:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Газ айылында ички чарбалык 4 көпүрө жууп кеткен, ички чарбалык арыктын 2000м аралыгына кум шагыл толгон. 3 мамыча кулаган. Күртөң тилкесинде 2 турак үйгө сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толтурган. Сай Маала тилкесинде 1 турак үйдүн ичине, 8 турак үйдүн короолоруна сел кирген. 1000м ички чарбалык унаа жолго кум шагыл толгон. Сасык-Булак тилкесинде 4 турак үйдүн короосуна сел кирген. 200м ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ийрилиш тилкесинде 500м ички чарбалык жолдорго кум шагыл толгон. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 10-15 чакырым аралыгын кум шагылдарга толтуруп бузган. Согмент айылында 6 турак үйгө жана 9 турак үйдүн короосуна 1 сарайга, 1 гаражга, 1 унаага   сел кирип, 1 сарайды 1 көпүрөнү жууп кеткен, Газ-Согмент унаа жолун 2-5 чакырымын кум шагылга толтурган 1 мамычаны агызган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, жеке менчик 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 жүктөгүч.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Күртөң  тилкесиндеги сел кетүүчү сайдын жалпы 1100м (7900м3) жери, Сай Маала участкасындагы сел кетүүчү сайдын жалпы  4260м (6400м3) жери, Газ айылындагы 20 турак үй жана Согмент айылында 2 турак үй  толугу менен тазаланган. Жалпы 134м3 таштандылар чыгарылган. Сейлик жайлоосундагы сайдын 100м (350м3) жери кум шагалдан  тазаланды. Согмент айылында 1 электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Газ-Согмент жолунун жээгинин 2,5 км  аралыгы толук  тазаланып бүткөрүлгөн.

         3-августка карата Согмент айылындагы 2600м сел өтүүчү сайдын 150м тазаланган. Жалпы 1259м тазаланган.

         4-август күнү Согмент айылындагы сел кетуучу 2600м сайдын 50м тазаланган. Жалпы 1300м (8840м/куб) тазаланды.

         5-август күнү Согмент айылындагы сел кетуучу 2600м сайдын 200м тазаланган. Жалпы 1500м (10200м/куб) тазаланды.

         Жалпы Баткен району боюнча аткарылган иш-чаралар: 22 турак үйдүн короо жайлары тазаланып бүткөн (134м3). Ички чарбалык жол 2500м  (9280м3), ички чарбалык арык 700м (6850м3), сугат суу келүүчү канал 487м, жолдун жээги 2500 м, сел өтүүчү сайлардын 2960м аралыгы тазаланган.

Жалпы район боюнча тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор, жеке менчик 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 жүктөгүч.

Жалпы район боюнча зыян келтирилген: 22 турак үйгө, 53 турак үйдүн короосуна сел кирген, Ички чарбалык жол 4800м, ички чарбалык арыктын 3300м арылыгын, сугат суу келүүчү канал 300м, 4 көпүрөнү бузган.

Нарын облусу

         Нарын шаары. 2021-жылдын 5-август күнү саат 15:40та жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон айылынын Тамчы-Булак, Октябрьдын 60 жылдыгы көчөлөрүндө жалпы 20 турак үйдүн короосуна, анын ичинен 6 турак үйдүн ичине суу каптагандыгы аныкталган.

         Тартылган күч каражаттар: Нарын шаардык ЖК комиссиясы, Жылуулук ишканасынан 1 самосвал, жашылдандыруу ишканасынан 1 самосвал, тазалык ишканасынан 1 экскаватор.

         Аткарылган иш чаралар: 5-август күнү жеринде тактоо жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, турак үйлөрдүн ичтери толук тазаланып бүтүрүлгөн.

         6-август күнү тартылган техникалардын жардамы менен 400м жол түзөлүп, 6 турак үйдүн короолору жашоочулар тарабынан тазаланган. 7-август күнү тазалоо иштери улантылат.      

         Жумгал району. 2021-жылдын 6-август күнү саат 22:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 15-17-чакырым аралыктарында сел жүрүп жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

         Тартылган күч каражаттар: №24 ЖТИден 1 жүктөгүч, 4 кызматкер

         Аткарылган иш чаралар: Учурда тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ош облусу

Кара-Суу району. Катта-Талдык а/а. 2021-жылдын 4-август күнү саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баш-Булак айылында сайдан сел жүрүп, жалпы 42 турак үйдү (37 турак үйдүн огороддорун, 3 турак үйдүн жер төлөсүн, 2 турак үйдүн ичине сел суулары кирген) каптаган жана айылдагы балык чарбасындагы балыктарды сел суулары агызып кеткен.

Ошондой эле, Кара-Сөгөт айылында 1 турак үйдүн ичине суу кирип, дубалын тешип кеткен, 15 турак үйдүн короолоруна, 1 ФАПтын короосуна сел сулары кирген. Ошондой эле 8 чакырым ички чарбалык унаа жолду жууп кетип, 7 уйду, 9 кой-эчкилерди жана 1 унааны (Портер) агызып кеткен. Мындан сырткары Кара-Сөгөт айылында 2007-жылы КР ӨКМ тарабынан курулган тосмонун 50м аралыгын жууп кеткен. Электр мамычалар зыянга учурап, электр жарыгы өчкөн.

Тартылган күч каражаттар: айыл аймагынан 1 бульдозер, №45 ЖТИден 1 жүктөгүч.

         Аткарылган иш чаралар: 5-август күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында Баш-Булак айылында 42 турак үй толук тазаланып, залалсыздандырылып толук бүткөн. Кара-Сөгөт айылында электр мамычасын калыбына келтирүү жумушу жүрүп, саат 14:00 электр энергиясы берилген.

         6-август күнү 8 чакырым ички чарбалык жол толук тазаланып бүткөн.

     Араван району. 2021-жылдын 4-август күнү саат 17:15 чамасында кыска мөөнөттө катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылында Культцентр-Чөгөм-Загара ички чарбалык унаа жолунун болжол менен 10-14-чакырымында унаа жолун суу каптап, унаа жолду эки тараптуу жабып калган.

     Тартылган күч каражаттар: жок

     Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:  техникалар башка жерде иштеп жаткандыгына байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. 

Ысык-Көл облусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл  райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

         Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 347 турак жайдын короолору анын ичинен 72 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

         Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 5 кызматкер, 1 экскаватор, №11 ЖТИден 1 бульдозер, 1 ДТ-75, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, №35 ЖТИден 2 жүктөгүч, 7 самосвал, 20 кызматкер, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер 1 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 15 кызматкер, 1 кран, жергиликүү тургундардан 25 адам, а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 грейдер, 2 кызматкер. 1 жеке менчик экскаватор.

Жалпы 21 техника, 67 адам.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: 64 турак үй, 261 огород участка,     электр мамычасы калыбына келтирилип электр энергиясы берилди. 3650м ички чарбалык унаа жолдору, 6710м ички чарбалык арыктары, 150м сугат суу каналдар тазаланган. Ошондой эле таза суу түтүктөрү оңдолуп, дарыянын нугун бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду суу жеп кетип 2-август күнү тартылган техниканын жардамында жол эки тараптуу ачылган.

Жети-Өгүз а/а Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун денгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2-чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

         Саруу а/а. Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

         Тартылган күч каражаттар:  №35 ЖТИден 1 экскаватор, 2 самосвал, 4 кызматкер, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскватор, а/а 2 кызматкер, токой чарба кызматынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам.

Жалпы 5 техника, 31 адам.

 Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү Кызыл-Суу а/а ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

1-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

4-август күнү Чоң-Кызыл-Суу айылында “Кунан-Чабыш” тилкесинде Чоң-Кызыл-Суу суусундагы унаа өтүүчү көпүрө бекемделди. Сайдын нугун 350м аралыгы тазаланып, жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жети-Өгүз айылынын Казан-Пак тилкесиндеги Жети-Өгүз суусунун 350м нугу тазаланып, жээктери бекемделди, Кайырма каналынын 80м калабына келтирилди. Ак-Кочкор айылында Жети-Өгүз суусунун 300м жээги бекемделди. Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолу калыбына келтирилди.

5-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

6-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Ак-Суу району. Теплоключенко а/а. 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

         Ак-Булун а/а. Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш а/а. Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

1-август күнү жээк бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү Ак-Булуң айылындагы Түргөн суусунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Ички чарбалык арыктын 700 м аралыгы, сугат каналынын 110 м аралыгы тазаланган.

4-август күнү Ак-Суу суусунун жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлгөн

5-август күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн жок.

6-август күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн жок.

2021-жылдын 31-июлунда саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 127 жана 135-чакырымын шагыл аралаш таштар каптап (11000м3), жол каттамы жабылган.

Тартылган күч каражаттар: №11 ЖТИден 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 ДТ-75, 1 экскаватор.

Аткарылган иш чаралар: тартылган техникалардын жардамында сел калдыктары тазаланып (10300м3), унаа жол бир тараптуу ачылган. 5-август күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

 Каракол шаары. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн (үйлөрүнө келишкен). Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1  экскаватор.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери кооптуу тилкелерде күзөткө коюлган.

1-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды. 1 турак үйдүн асты бекемделди.

2-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды.

3-август күнү Каракол суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, таза суу түтүкчөлөрү алмаштырылган.

4-август күнү электр мамычалар жана Ривер-Парк эс алуучу жайында 30м суу түтүкчө калабына келтирилди. Бөрү-Баш көчөсүндө арык казылган.

5-август күнү Бөрү-Баш көчөсүндө суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүп 200 метр арык оңдолду жана Токтогул көчөсүндө 100 метр канал бекемделди.

6-август күнү Токтогул көчөсүндө 130 метр каналдын жээги бекемделди. 

Жалал-Абад облусу

         Таш-Көмүр шаары. 2021-жылдын 6-август күнү саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Жар тилкесинде сел суулары агып 4 турак үйдүн ичине, Үмөталиев орто мектебинин жер төлөөсүнө, 1 окуу бөлмөсүнө, мамлекеттик психикалык оорукананын жер төлөөсүнө, аймактык ҮДТнын бөлмөсүнө кирген.

         Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин РӨКОнун 2-ӨИКОдон 18 куткаруучу, Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 7 куткаруучу, райондук ЖК комиссиясы, Таш-Көмүр шаардык ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу.

Аткарылган иш чаралар: куткаруучулар 3 турак үйлөргө кирген сууну тазалап беришкен. Ыкчам топ жана ЖК комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн. Тазалоо жана кошумча тактоо иштери 7-август күнү жүргүзүлөт.

     Сузак районунун аймагында 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Сузак а/а  Достук айылында, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 м болгон 50 м аралыгын сел суулары жеп кетип сел жүргөн, Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын тургуну 2015-ж.т. Манапова Аруукени сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында аталган кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

     Жалпы облус боюнча 446 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, анын ичинен 118 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 67 турак үй жана 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген.

Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирип, 61,92 га айдоо жер аянттарын (пахта, сабиз, калемпир, беде, жүгөрү) сел суулары каптап, 19 баш кой, 8 коен жана 2896 үй канаттуларын (үндүк, өрдөк, тоок, жөжө) сел агызган.

Сузак району. Сузак а/а Достук айылында жалпы 56 турак үйдүн короо жайларына, анын ичинен 12 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. 12 турак үйдүн ичинен 2 турак үй авариялык абалга келген. Мындан сырткары 30 га эгин талаасын (күрүч, жүгөрү) каптаган.

Кара-Дарыя а/а Чаңгыр-Таш айылынын жалпы 390 турак үйгө тактоо иштери жүрзүлүп, анын ичинен 106 турак үйдүн ички бөлмөлөрүнө, короодогу курулуштарына сел суулары кирген. Анын ичинен 65 турак үй 29 чарбалык курулуштар авариялык абалга келген. Ошону менен бирге 284 турак жайдын короо жайларына сел суулары каптап кеткен. Мындан сырткары 1 мечиттин жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага жана 1 ҮДТна (ЦСМ) ички бөлмөлөрүнө короодогу курулуштарына сел суулары кирген.  Ошондой эле 33,7 га эгин талаасын (пахта, сабиз, калемпир, беде, жүгөрү) каптаган.

     Тартылган күч жана каражаттар: Кара-Дарыя а/а 2 жүктөгүч, 2 самосвал. Жалпы: 4 техника тартылган.

Аткарылган иш-чаралар: Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 20-июлундагы №150-Б буйругунун негизинде Сузак районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, 26 июль күнү Сузак районунун акими-райондук жарандык коргонуу башчысынын №152-Б буйругунун негизинде алынган.

     КР ӨКМден 2550 литр ДКМ, 50 матрац, 50 одеял, 100 жаздык жана 10 орундуу 25 даана чатыр тигилип, 24 үй-бүлө чатырга, 5 үй-бүлө №3 Чангыр-Таш мектебине көчүрүлгөн. Андан сырткары 50 матрац, 50 жаздык, 46 шейшеп, 50 одеял, 37 кравать берилип, жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган. КРнын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 78 даана одеял, 26 даана челек, 52 даана канистр, 126 даана гигиеналык каражаттар жана 126 даана ашкана буюмдары селден жабыркап чатырда убактылуу жашагандарга берилген.

     3-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 921 рейс каттам жасалып 4605м3 ылай ташылды.

     4-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 936 рейс каттам жасалып 4680м3 ылай ташылды.

     5-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 941 рейс каттам жасалып 4705м3 ылай ташылды.

     6-август күнү турак жайлардан чыккан кум-ылай аралашмасы 4800м3 болсо, анын ичинен жалпы 960 рейс каттам жасалып 4800м3 ылай ташылды.

         Жалпы: 446 турак үй тазаланып, анын ичинен 118 турак үйдүн ичи, 3 соц. объектинин ылайлары тазаланган.

     Сел каналдардын нугун тазалоо боюнча, 7200п/м болсо, анын ичинен 5530п/м. 7920 м3 кум шагыл аралашмасынан тазаланган. Калган сел каналдарды тазалоо жумуштары а/а милдеттендирилген.

Жалпы 4800м3 сел калдыктарынан тазаланып, толук аяктаган (960рейс).

Жалпы Сузак району боюнча материалдык чыгым 116млн 410миң 099  сом келтирилген.

II.Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусу 1, Баткен облусу 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

       
1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11  

Бишкек шаары

1.                  4-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

Камаз

(водовоз)

ЫНБ

1 10:36

 

10:51

 

10:51

 

10:52

10:47

 

11:01

 

11:01

 

11:10

11:21 12:20 12:40

 

11:59

 

12:33

  Биринчи Май району, Кронштадская  көчөсү, ЖЧК “Примевара”  кампанын ичинде 100 ч.м.  унаа тетиктери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
2.                  3-ӨКБ

1 б

1 17:31 17:35 17:37 18:04 18:23   Свердлов району, Жибек–Жолу менен Сүйүнбаев көчөлөрүнун кесилишинде куураган бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                  7-ӨКБ

1 б

1 23:51 23:57 00:10 00:13 00:21   Октябрь району, Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү, ачык аянтта жалпы аянты 50 ч.м  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
4.                  7-ӨКБ

1 б

5-ӨКБ

А/Л

1 00:38

 

00:39

00:43     — 01:20

 

00:57

  Октябрь району, Бектенов көчөсү, алтынчы кабатта турак үй түтөп жатат деген маалымат тастыкталган эмес.
5.                  6-ӨКБ

1 б

1 01:28 01:43 01:58 02:02 02:15   Ленин району, Б.Алыкулов көчөсү, ачык аянтта 60 чарчы метр куураган чөп жана 4 дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
                                                                                                        Ош шаары
6.                  12-ӨКБ

1 б

1 15:32 15:37 15:39 15:57 16:15   Сай-Бою көчөсү, ачык аянтта 10 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                  13-ӨКБ

1 б

А/Л

1

 

 

02:49

 

02:57

02:52

 

03:05

03:11 03:35 04:16

 

03:48

112 Моторная көчөсү №2а, бешинчи кабатта жалпы аянты 4 ч.м. турак үйдүн ички жасалгасы  күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Чуй облусу

8.                  21-ӨКБ

1 б

1 11:25 11:36 11:49 13:24 13:50   Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, эски сарайдын камыш менен жабылган 20 ч.м.  чатыры жана 3 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                  5-ӨКБ

1 б

 

1 11:45 12:00 12:25 12:30 12:58   Кемин району, Алмалуу айылы, Күлбай көчөсү, бастырманын ичинде  50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.              23-ӨКБ

1 14:35 14:47 14:54 15:18 16:01   Сокулук району, Кызыл-Туу айылы, Бекбоев көчөсү, дүкөндүн кампасында 4 дөңгөлөк, эски эмерек жана дүкөндүн жанында токтоп турган оор жүк ташуучу  унаанын кабина жагынын бир капталы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.              5-ӨКБ

1 б

1 15:20 15:28 15:45 16:18 16:28   Кемин району, Кемин шаары, ачык аянтта 0,5 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.              21-ӨКБ

1 б

1 18:44 18:49 19:03 19:18 19:20   Токмок шаары, Парковая көчөсу, Күмбөздүн аймагында 30 ч. м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.              8-ӨКБ

1 б

1 00:30 00:48 00:52 01:30 02:06   Сокулук району, Комсомольский-2 айылы, каналдын жанында жалпы аянты 800 ч.м мусор күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ысык-Көл облусу

14.              33-ӨКБ

1 б

1 13:53 14:25 15:10 15:50 16:22   Ысык-Көл району, Ананьево айыл аймагы, Кароол-Дөбө айылы, мүрзөнүн аймагында 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15.              36-ӨКБ

1 б

1 05:25 05:50 05:57 06:40 07:15   Жети–Өгүз району, Жети-Өгүз айылы, жаңы конушта короодо 2 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош облусу

16.              12-ӨКБ

1 б

1 20:56 21:04 21:08 21:25 21:48   Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы, көчө,  жалпы аянты 8 ч.м. мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
                                                                                                       Жалал-Абад облусу
17.              65-ӨКБ

1 б

1 12:31 12:52 12:57 13:44 14:17   Сузак району, Атабеков айыл аймагы, Эркин айылы, Хажиматов көчөсү, эки кабаттуу шифер жабылган жалпы аянты 178 ч.м. бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 2ствБ
18.              58-ӨКБ

1 б

1 23:22 23:27 23:28 23:36 23:55    Жалал-Абад шаары, Спутник кичи шаарчасы, Жеңижок көчөсү, Спутник мейманкананын жанындагы жалпы аянты 10 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
19.              83-ӨКБ

1 б

56-ӨКБ

1 б

1 03:52

 

05:44

04:45

 

06:24

04:48 07:37  

 

07:38

  Ноокен району, Бүргөндү айыл аймагы, Бүргөндү айылы, Жаңы-Сай көчөсү, жалпы аянты 246 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3 ствБ

Баткен облусу

20.              74-ӨКБ

1 б

1 14:14 14:25 Жеткенге чейин 14:52   Лейлек Району, Исфана шаары, 2-кичи району, Жаштык көчөсү, менчик мончонун аймагындагы куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.  

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (2 эшик ачуу, 1 сууга чөккөн адамды издөө, 1 жол кырсыгы, 1 жабыркаган адамды тоодон түшүрүү).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9

 Чүй облусу

1 1 КР ӨКМнин

№23 ӨКБ

 

12:38 12:47 13:10   Сокулук районунда куткаруучулар Сокулук айылынын Набережный көчөсүнүн №356 дарегинде жайгашкан турак үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.  
2 1 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ

16:06 ЫНК Аламүдүн районунда Чехия Республикасынан эс алууга келген 1986-ж.т. Я.К. аттуу турист аял (туристтик компанияга катталган эмес), Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо саякаттап жүрүп бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган. Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып жабыркаган жаранды тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.  

Ош шаары

3 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 17:09 17:21 18:25   Куткаруучулар Салиев көчөсүндө жайгашкан №10 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  

Жалал-Абад облусу

4 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

КДМБ

07:00 07:30 21:00 101 Токтогул районунда 1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) 1960-ж.т. Д.В. аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен. 6-август жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Токтогул райондук №97 ӨКБдан 11 куткаруучу, КР ӨКМнин КДМБдан 10 куткаруучу, жалпы 21 куткаруучу,  туугандарынан 10 адам тартылып издөө иштери суу тартылганга чейин убактылуу токтотулду. Учурда куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда.  
5 1 КР ӨКМнин

№94 ӨКБ

 

08:50 08:55 09:56   Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 394-чакырымында (Торпу тилкеси) Freightliner үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган (бензовоз) унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1961-ж.т. Б.Ж. эркек киши каза болуп, жүргүнчүсү 1982-ж.т. К.К. эркек киши жаракат алган. Унаада 35 тонна күйүүчү май (солярка) болгон, төгүлгөн күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулган. Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Каза болгон адамдын жансыз денеси тез жардам кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here