Чүй: Чет өлкөлүк жаран тоодо бутун кокустатып алды

0
59 просмотров

6-август күнү Чехия Республикасынан эс алууга келген 1986-ж.т. Ж.К. аттуу турист аял (туристтик компанияга катталган эмес), Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо саякаттап жүрүп бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылып, саат 16:06 да чыгып кетишти. Куткаруучулар жабыркаган адамды саат 01:40та тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here