Жалал-Абад: Облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөр изилденүүдө

0
68 просмотров

2021-жылдын 5-авгусунан -11-августуна чейин КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалына изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Токтогул районунун аймагындагы Кара-Суу, Капка-Таш Көл көлдөрү, Аксы районунун аймагындагы Кара-Камыш, Сары-Челек көлдөрүнө изилдөө иштери жүргүзүлүп, көлдөрдүн абалы туруктуу экендиги аныкталды. Ала-Бука районунун аймагындагы Көк-Ала көлү, Ноокен районунун аймагындагы Кутман-Көл бийик тоолуу көлдөрү да изилденилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here